
Өзүңүздү алдоого мүмкүнчүлүк бербеңиз! Биздин тесттен өтүп, меди
Authored by Ырысбү кызы
Journalism
Professional Development

AI Actions
Add similar questions
Adjust reading levels
Convert to real-world scenario
Translate activity
More...
Content View
Student View
7 questions
Show all answers
1.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
45 sec • 1 pt
Бейөкмөт уюм (НПО) деген эмне?
Бейөкмөт уюм (НПО) деген эмне?
“НПО кыргызчасы – бейөкмөт, “башы жок, ээнбаш” деген эле сөз”
Бейөкмөт уюм - өкмөттөн жана коммерциялык секторлордон көз карандысыз иштеген топ
Answer explanation
(Бейөкмөт уюмдар, адатта, белгилүү бир миссиясы же кызматы бар жеке адамдар тарабынан түзүлөт жана алар өздөрүнүн платформасын коммерциялык эмес сектордогу кызыкчылыктарды коргоо үчүн колдонушат. Кененирек шилтемеде - https://bit.ly/45QT6n5 )
2.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
45 sec • 1 pt
“Кемпир-Абад суу сактагычы “Гугл Картада” Өзбекстандын аймагына карап калды”
“Кемпир-Абад суу сактагычы “Гугл Картада” Өзбекстандын аймагына карап калды”
Жок, бул жалган маалымат
Ооба, бул чын
Answer explanation
(13-апрелде Фейсбукта бир катар активист жана журналисттер Кемпир-Абад суу сактагычы Гугл Картада Өзбекстандын аймагына карап калганы тууралуу жазып чыгышты. Кийин бул маалымат тастыкталды. Кененирээк - https://bit.ly/45QT6n5)
3.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
30 sec • 1 pt
Соцтармактан төмөндөгүдөй маалыматтарды көрсөңүз эмне кыласыз?
Соцтармактан төмөндөгүдөй маалыматтарды көрсөңүз эмне кыласыз?
Алгач маалыматты ким, кандай кызыкчылыкта таратып жатканын текшерем
Дароо бөлүшөм
Answer explanation
(Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар активисттерди, көз карандысыз журналисттерди жамандаган учурлар көп кездешет. Алардын кайырмагына түшүп калбаңыз. Кененирээк - https://bit.ly/43wLap0 )
4.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
30 sec • 1 pt
2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине алып келген кандуу окуя тарыхта эмне деп аталат?
2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине алып келген кандуу окуя тарыхта эмне деп аталат?
Билбейм
Курманбек Бакиев “куралдуу төңкөрүш” деди
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “7-апрелди окко учкандардын атын түбөлүккө калтыруу, атуулдук коомдун мекенчилдик сезимин арттыруу максатында” Элдик революция күнү деп жарыяланган
Answer explanation
(Курманбек Бакиев 90го жакын адамдын өлүмүнө себеп болгон Апрель элдик революциясын “куралдуу төңкөрүш” деп гана эсептей турганын билдирген. Бирок бул күн мыйзамсыз жана кландык башкарууга айыпталган бийликтин кулаган күнү катары 13 жылдан бери белгиленип келет. Кененирээк - https://bit.ly/3N5XXcG )
5.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
30 sec • 1 pt
Алып баруучу маек алып жаткан учурда “мен сизге кошулам”, “үчүнчү күчтөр аралашты да”, “Кыргызстанда түрдүү күчтөр бар” деген өңдүү баа берүүчү сөздөрдү айта алабы?
Алып баруучу маек алып жаткан учурда “мен сизге кошулам”, “үчүнчү күчтөр аралашты да”, “Кыргызстанда түрдүү күчтөр бар” деген өңдүү баа берүүчү сөздөрдү айта алабы?
Журналисттик этиканы сактаган, кесипкөй журналист дайыма бейтарап болот
Каалагандай пикирин айтса болот
Бакиевге гана айтса болот
Answer explanation
(15-майда “Акыркы кабарлар – Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында Кадыр Кошалиевдин бозгундагы президент Курманбек Бакиев менен болгон маеги жарыяланган. “ПолитКлиника” медиасы маек учурунда Кадыр Кошалиев багыттоочу суроолорду берүү менен Кыргыз Республикасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 10-беренесин бузганын аныктаган. Кененирээк - https://bit.ly/3N5XXcG )
6.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
30 sec • 1 pt
УТРКнын кызматкерлери төмөндөгү маалыматты жапырт таратып жатышат. Ага ишенүүгө болобу?
УТРКнын кызматкерлери төмөндөгү маалыматты жапырт таратып жатышат. Ага ишенүүгө болобу?
Ооба, УТРКнын кызматкерлери дайыма чындыкты гана айтышат
Жок, бул маалымат бурмаланган
Answer explanation
(УТРКнын кызматкерлери Фейсбукта жапырт тараткан билдирүү – манипуляция. Кытайга сапардын жыйынтыгында Казакстан менен Өзбекстан карыз алган эмес, инвестициялык келишимдерди түзүшкөн. Ошондой эле макулдашууларга Кыргызстан дагы кол койгон. Кененирээк - https://bit.ly/3C22ruf )
7.
MULTIPLE CHOICE QUESTION
30 sec • 1 pt
Бийлик башындагы адамдын өзүнүн тууганын кызматка дайындоосу - бул…
Бийлик башындагы адамдын өзүнүн тууганын кызматка дайындоосу - бул…
Непотизм, башкача айтканда, бийлик башында турган адамдын кызматтык абалынан пайдаланып, туугандык байланыштардын негизинде үй-бүлө мүчөлөрүн жана досторун кесиптик сапаттарына карабастан кызматка дайындоосу
Кыргыздын жакшы бир салты
Answer explanation
( Президент Садыр Жапаровдун улам бир кудасынын жогорку кызматтарга дайындалышын коом ар кандай баалап келет. Бири колдосо, бири бул кызматтык абалдан пайдалануу экендигин айтат. Мамлекеттик башкаруудагы непотизм жана анын кесепеттери тууралуу кененирээк шилтемеден көрө аласыздар https://bit.ly/3WNTT40 )
Access all questions and much more by creating a free account
Create resources
Host any resource
Get auto-graded reports

Continue with Google

Continue with Email

Continue with Microsoft
or continue with
%20(1).png)
Apple
Others
Already have an account?