Search Header Logo

ПИЗА-2025 математика февраль айы

Authored by Гульбара Абдыраимова

Mathematics

6th Grade

10 Questions

Used 3+ times

ПИЗА-2025 математика февраль айы
AI

AI Actions

Add similar questions

Adjust reading levels

Convert to real-world scenario

Translate activity

More...

    Content View

    Student View

1.

MULTIPLE CHOICE QUESTION

1 min • 1 pt

Тосмо – территорияны чектеп бөлүп турган курулуш. Кандайдыр бир жер үлүшүндө курулуш иштери жүрүп жатканда, курулуш иштерине тоскоол болбошу үчүн убактылуу тосмолор тосулат. Санжар тик бурчтуу формасындагы узундугу 30 м, туурасы 24 м болгон жер үлүшүн сатып алды. Ал жерди эки бөлүккө бөлдү: биринчисине үй салуу үчүн, экинчи бөлүгүн сейил багына айлантуу үчүн. Санжар бөлүнгөн бөлүктүн ортосун жана тегерегинин баарын убактылуу, тосмо менен тосууну пландаштырды.

Санжар тосмо салуу үчүн А, Б, В, Г сүрөттөрүндө көрсөтүлгөн 4 чиймени чийди. Кайсы чийме боюнча тосмонун узундугу эң кичине боло тургандай кылып курса болот?

Media Image
Media Image
Media Image
Media Image

2.

MULTIPLE CHOICE QUESTION

30 sec • 1 pt

Тосмо – территорияны чектеп бөлүп турган курулуш. Кандайдыр бир жер үлүшүндө курулуш иштери жүрүп жатканда, курулуш иштерине тоскоол болбошу үчүн убактылуу тосмолор тосулат. Санжар тик бурчтуу формасындагы узундугу 30 м, туурасы 24 м болгон жер үлүшүн сатып алды. Ал жерге үй салганы жатат. Ал жерди эки бөлүккө бөлдү: биринчисине үй салуу үчүн, экинчи бөлүгүн сейил багына айлантуу үчүн.

Санжар үй салуу үчүн А, Б, В, Г сүрөттөгүдөй 4 чиймени чийди. Кайсы чийме боюнча, бөлүнгөн жер үлүшүнүн бир бөлүгүнө 11 м × 25 м өлчөмүндөгү үйдү салса болот?

Media Image
Media Image
Media Image
Media Image

3.

OPEN ENDED QUESTION

2 mins • 2 pts

Media Image

Азамат жер участогун сатып алды. Биринчи жылы ал үй салып, тегерегин евротосмо менен тосуп койду. Тосуу үчүн 90 м евротосмо сарпталды. Түштүк жагынан тосмонун жанына ири (бийик) дарактарды отургузду. Ал жакта отургузулган дарактар тосмодон жана курулуштан канча метр алыстыкта болуш керек болсо, ошол эрежелер толук сакталган. Кийинки жылы батыш жагына бадалдарды отургузууну чечти.

Азамат тосмо, курулуш жана бактарды отургузуу аралыктарынын эрежесин баарын сактаган болсо, бадалдар менен үйдүн ортосунагы аралык 8 м боло тургандай кылып бадалдарды отургуза алабы? Эгер үйдүн узуну 12 м, туурасы 10 м болсо.

Жообун чыгарылышы менен жазгыла:

Evaluate responses using AI:

OFF

4.

MULTIPLE SELECT QUESTION

1 min • 1 pt

Media Image

Тосмо – территорияны чектеп бөлүп, тосуп турган курулуш. Евротосмо – бул декоротивдик темирбетеон менен жасалган тосмо. Азамат еврозабор курууну чечти. Төмөндөгү RIMAN.KG фирмасынын 1 метр еврозабордун баасы жазылган таблицасын карагыла.

Эгер Азамат 5 м евротосмону 12000 сомго алам деп эсептеп даярданган болсо, анда ал эки тосмонун кайсынысын сатып ала алат?

Бир нече туура жоопту тандагыла:

«Венеция» евротосмосу, бийиктиги 2 м

«Венеция» евротосмосу, бийиктиги 2,5м

«Кристалл» евротосмосу, бийиктиги 2 м

«Кристалл» евротосмосу, бийиктиги 2,5 м

5.

MULTIPLE CHOICE QUESTION

2 mins • 2 pts

Media Image

Ысык-Көл Ысык-Көл Кыргызстандын бермети. Аты айтып тургандай эле, чындыгында ал көл туздуу болгондугуна байланыштуу кышында тоңбойт. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1608 м биийктикте жайгашкан жана дүйнөдөгү көлдөрдүн тереңдиги боюнча жетинчи орунда турат.

Төмөнкү таблицада көлдөрдүн тереңдиги жана ээлеген орду көрсөтүлгөн.

Аталышы Эң терең жери (м)

1 Байкал 1642

2 Танганьика 1470

3 Восток 1200

4 Каспий деңизи 1025

5 Сан-Мартин 836

6 Ньяса 706

7 Ысык-Көл 702

8 Чоң эрксиз көл (Большое невольничье озеро)

Акыркы жылдары климатта чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына байланыштуу, көл бууланып, жылдан жылга азайып жаткандыгы байкалып жатат. Кийинки жаңы маалыматтар боюнча азыркы мезгилде Ысык-Көлдүн тереңдиги – 668м. Эгерде башка көлдөрдүн тереңдигин өзгөргөн жок деп эсептесек, анда аныкталган жаңы маалымат боюнча Ысык-Көлдүн тереңдиги дагы деле ошол орунду ээлейби?

Бир туура жоопту тандагыла: o Ооба o Жок Жообун түшүндүрүү менен жазгыла:

“Жок” деген жооп берилсе жана төмөнкүдөй түшүндүрүүлөр жүргүзлсө:

706>668>614 706>702>614

“Жок” деген жооп берилсе, түшүндүрмөсү толук эмес болсо же чыгаруудан бир ката кетсе

6.

MULTIPLE CHOICE QUESTION

1 min • 2 pts

Media Image

Кыргызстандыктардын эң жакшы көргөн эс алуу жерлеринин бири Ысык-Көл. Андан сырткары көлгө жыл сайын КМШ мамлекеттерининен жана башка дүйнө элдеринен эс алуучулар келип, эс алышат. Эс алуу учурунда Ысык-Көл үстүндө сүзүп жүргөн теплоходго түшүп көңүл ачышат, күч топтошот, энергия алышат. Ошондой эс алуу күндөрүнүн биринде, туристтердин тобуна 5000 сомго теплоходго түшүп, сейилдеп келүүнү сунуш кылышты. Теплоход туристтердин тобун салып алып, 20 км/саат ылдамдык менен 1,5 саат сүздү, андан кийин ылдамдыгын 5 км/саатка чоңойтуп, дагы сүзүп жүрдү. Теплоход бардыгы 4,5 саат сүзүп жүрүп келип токтоду. Туристтердин ичинен бирөөсү: “Демек, 1 км теплоходдо сейилдөө, болжол менен 50 сом турат экен” – деп ой жүгүрттү.

Теплоходго түшүп, сейилдеп келген туристтин ой жүгүртүүсү туурабы?

Бир туура жоопту тандагыла:

o Туура

o Туура эмес

Жообун чыгарылышы менен жазгыла:

Жооп: “Туура” деп берилген, төмөндөгүдөй чыгарылыштары менен: 1,5×20+3×25=105 5000:105=47,6190476 47,6190476 ≈50

Жооп: “Туура” деп берилген, бирок чыгарылышы толук эмес же эсептөөдөн бир ката кетсе

туура эмес

7.

MULTIPLE CHOICE QUESTION

30 sec • 1 pt

Media Image

Төрт кишиден турган үй-бүлө: атасы, апасы, 9 жаштагы кызы жана 5 жаштагы баласы, кызынын туулган күнүндө, “Алыкул” теплоходуна түшүп, сейилдеп келүүнү чечишти.

Бул үй-бүлөгө 3000 сом теплоходдо сейилдеп келүүсүнө жетеби?

Бир туура жоопту тандагыла:

Жетет, 1000×2+700

Жетпейт, 1000×2+700×2

Жетет, (1000+700) ×2

Жетет, 1000 +700×2

Access all questions and much more by creating a free account

Create resources

Host any resource

Get auto-graded reports

Google

Continue with Google

Email

Continue with Email

Classlink

Continue with Classlink

Clever

Continue with Clever

or continue with

Microsoft

Microsoft

Apple

Apple

Others

Others

Already have an account?