wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Тарых ОРТ

Total questions: 10

Worksheet time: 5mins

Name
Class
Date
1.

Фергана ѳрѳѳнүндѳ б.з.ч. II кылымда пайда болгон Даван ѳкүмдарлыгын тарыхчылар эрте мезгилдеги мамлекет деп мүнѳздѳшѳт.

Келтирилген мүнѳздѳмѳгѳ башкаруунун кайсы формасы туура келет?

a)

А) Мамлекет бийлиги чексиз болгон падыша тарабынан башкарылат

b)

Б) Мамлекет аксакалдар кеңеши тарабынан башкарылат

c)

В) Мамлекет падыша жана аксакалдар кенеши тарабынан башкарылат

d)

Г) Мамлекет баскынчылар койгон падыша тарабынан башкарылат

2.

Аскер демократиясы доорунда сак урууларында социалдык теңсиздик пайда болгон. Сак коргондорундагы кайсыл табылгалар аталган фактыны ырастай алат?

a)

А) Кѳсѳмдѳрдүн( башчылар) коргондорунан археологдор алтын жасалгаларды табышкан

b)

Б) Коргондорго кѳсѳмдѳрдүн аттары жазылган тактачаларды салышкан

c)

В) Сак доорундагы баардык кѳрлѳр (мүрзѳлѳр) бирдей

d)

Г) Ѳзүнчѳ казылган жайы бар кѳрлѳр кездешет

3.

VII-IX кылымдарда Кыргызыстандын аймагы бири бирин алмаштырган бир катар Түркий кагандыктардын курамына кирген.

Тѳмѳн жакта келтирилгендердин ичинен ѳз ичине азыркы Кыргызыстандын аймагын камтыган түркий кагандык-мамлекердин бири-бирин алмаштыруусунун туура ирээтин чагылдырган тизмекти танданыз.

a)

А) Түргѳш ---»Карлук---» Батыш Түрк

b)

Б) Батыш Түрк---» Түргѳш---» Карлук

c)

В) Түргѳш---»Батыш Түрк---» Карлук

d)

Г) Батыш-Түрк---»Карлук---» Түргѳш

4.

VII кылымдын башында Барсбектин демилгеси менен Түрктѳргѳ каршы Уч тарап бирлиги (союзу) түзүлгѳн.

Ким Энесай кыргыздарына шериктеш болуп, аталган бирлике кошулган?

a)

А) Карлук жана Уйгур кагандыктары

b)

Б) Карлук жана Түргѳш кагандыктары

c)

В) Тан империясы менен Карлук кагандыгы

d)

Г) Тан империясы жана Түргѳш кагандыгы

5.

20-30-жылдары Кыргызстанда калктын жалпы сабатсыздык шартында жргузулгѳн маданий курулуш саясатынын НЕГИЗГИ багыты эмне болгон?

a)

А) Мектеп билим беруу тармагын онуктуруу

b)

Б) Кыргыз мамлекеттик басмасын тузуу

c)

В) Орто атайын билим беруунун денгээлин жогорулатуу

d)

Г) Чон кишилердин сабатсыздыгын жоюу

6.

Тѳмѳн жакта келтирилген айтымдардын кайсынысы Франциянын королу Людовик XIV гѳ таандык болуп абсолюттук монархиянын символу болуп эсептелет?

a)

А) «Король үчүн эн башкысы –ѳз букараларына кам кѳрүү»

b)

Б) «Менин вассалымдын вассалы менин вассалым эмес»

c)

В) «Мамлекет бул мен»

d)

Г) «Эл- менин таянычым»

7.

Б.з.ч. 74-жылы Римде Спартактын кѳтѳрүлшү башталган, ал эми 1956-жылы

А. Хачатуряндын «Спартак» аттуу балетинин бет ачары болуп, анын сюжетинин негизинде тарыхый фактылар салынган.

Аталган окуялардын арасында канча убакыт ѳткѳн?

a)

А) 1882 жыл

b)

Б) 1993 жыл

c)

В) 2030 жыл

d)

Г) 2080 жыл

8.

Биздин доорго чейинки 480-жыл менен биздин доордогу 476-жылды:

a)

А) 4 жыл бѳлуп турат

b)

Б) 480 жыл бѳлуп турат

c)

В) 476 жыл бѳлуп турат

d)

Г) 956 жыл бѳлуп турат

9.

Кирилл жана Мефодий славян элдеринин маданиятына кандай салым кошкон?

a)

А) славяндардын арасында христиандыкты таркатышкан

b)

Б) китептерди которушкан, славян алфавитин түзүшкѳн

c)

В) славян мамлекетинин биринчи башкаруучулары болушкан

d)

Г) славян элдеринин Византиядагы элчилери болгон

10.

XIX кылымдын биринчи жарымында Европа ѳлкѳлѳрүндѳ жүргѳн урбанизация (шаар калкынын ѳсүүсү) проссесинин БАШКЫ себеби эмне болгон?

a)

А) Америкалык үлгү боюнча түзүлгѳн майда дыйкан чарбаларынын гүлдѳшү

b)

Б) Ѳнѳрчүлүк ѳндүрүшү менен майда соода ишинин начарлыгы

c)

В) Айыл калкынын ѳтѳ кѳбѳйуп кетиши жана ири ѳнѳр-жай ѳндүрүшүнүн ѳсүшү

d)

Г) Европалыктар үчүн ачылган Америкага кетүү мүмкүнчүлүгү