wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

УТБ №1

Total questions: 15

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Б.з.ч. I миң жылдыкта Фергана ѳрѳѳнүндѳ ѳнүккѳн жер иштетүүчү отурукташкан маданияты бар мамлекет пайда болгон. Ал жерде … жашаган.

a)

а) усундар

b)

б) кытайлар

c)

в) дабандыкдар

d)

г) сактар

2.

Кыргызстандын аймагына Улуу Жибек жолу кандай пайда алып келген?

a)

а) Кыргызстандын аймагындагы элдер кербендерди талап-тоноп, байышкан

b)

б) Жаңы шаарлар, чептер пайда болуп, соода ѳнүккѳн

c)

в) Тянь-Шандын бардык элдери жибек кийим кийип баштаган

d)

г) Кыргызстандын аймагындагы элдер биринчи жолу кытайлыктарды кѳрүшкѳн

3.

Барсбек каган бийлик жүргүзгѳн мезгил:

a)

а) VI к. аягы VII к. башы

b)

б) VII к. аягы VIII к. башы

c)

в) VIII к. аягы IX к. башы

d)

г) IV к. аягы V к. башы

4.

«Улуу Кыргыз дѳѳлѳтүнүн доору» кайсы мезгилде болгон?

a)

а) XI-XIII кк.

b)

б) VI-VII кк.

c)

в) IX-X кк.

d)

г) XIV-XV кк.

5.

Кыргызстанда Караханийлерге тиешелүү кайсы тарыхий эстеликтер сакталып калган?

a)

а) Бурана мунарасы жана Ѳзгѳн архитектуралык комплекси

b)

б) Таш-Рабат кербен-сарайы жана Өзгөн мунарасы

c)

в) Ак-Бешим шаарчасы жана Манастын күмбөзү

d)

г) Кошой-Коргон шаарчасы жана Шах-Фазил мавзолейи

6.

Ысык- Кѳлдүн Чыгышындагы Санташ ашуусунда эки дѳбѳ бар. Уламыш боюнча бирин сай таштарынан жүрүшкѳ кетип жаткан жоокерлер үйсѳ, экинчиси кайрылып келген жоокерлер үйгѳн дѳбѳ. Ал жоокерлердин башында ким турган?

a)

а) Улукбек

b)

б) Чынгызхан

c)

в) Хайду хан

d)

г) Амир Темир

7.

XVIII к. кыргыздардын коомдук түзүлүшү:

a)

а) матриархалдык– уруулук түзүлүш

b)

б) майда феодалдык хандык

c)

в) патриархалдык – уруулук түзүлүш

d)

г) бирдиктүү мамлекет

8.

Эмне үчүн кыргыздар Россияга каршы күрѳштѳ Кененсары-ханды колдобой коюшкан? Cебеби, кыргыздар …

a)

а) кытайлык баскынчыларга каршы күрѳштѳ Россия жардам берет деп ойлошкон

b)

б) казактар менен мамиле түзгүсү келген эмес

c)

в) Россия менен достукта болуу, казактар менен болгон достуктан кымбатыраак деп эсептешкен

d)

г) падышлык бийликтин колонизатордук тышкы саясатын ѳз башынан ѳткѳрүп кѳргѳн эмес

9.

XIX кылымдын экинчи жарымында Түндүк Кыргызстанда кыргыздардын уруу бирикмесинде жогорку бийлик кимге таандык болгон?

a)

а) Аксакалдарга

b)

б) Казыларга

c)

в) Бийлерге

d)

г) Манаптарга

10.

XIX к. аягында Кыргызстандын көчмөн калкынан милдеттүү түрдө расмий алынуучу негизги салыкты белгиле.

a)

а) Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык

b)

б) Жерден алынуучу салык

c)

в) Земстволук салык

d)

г) Түтүн башынан алынуучу салык

11.

XIX кылымдын аягында кыргыз элинин руханий турмушунда искусствонун кандай жанры кѳрүнүктүү орун ээлеген?

a)

а) Айкелдер (скульптура)

b)

б) Театралдык искусство

c)

в) Кѳркѳм адабият

d)

г) Оозеки поэтикалык чыгармачылык

12.

Орус падышачылыгы Кыргызстанда орус-тузем мектептерин кандай максат менен ачкан?

a)

а) Жер кыртышын изилдѳѳ үчүн илимий адистерди даярдоо үчүн

b)

б) Кыргыз элинин билимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн

c)

в) Аскердик адистерди даярдоо үчүн

d)

г) Уезддик администрацияга кызматкерлерди даярдоо үчүн

13.

1925-жылдагы «отуздун» каты - бул:

a)

а) большевиктер партиясынын официалдуу багытына биринчи жолу уюшулган каршылык

b)

б) улуттук-территориялык бөлүштүрүүгө нааразылык билдирген кат

c)

в) СССРден Кыргызстанды бөлүүнү талап кылган кат

d)

г) большевиктер партиясынын официалдуу багытын жактаган кат

14.

Кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвада экинчи декадасы … болгон.

a)

а) 1941-ж.

b)

б) 1937-ж.

c)

в) 1949 -ж.

d)

г) 1958 -ж.

15.

XX к. 80- жылдарында Кыргызстанда ѳнѳр жайдын кайсы тармагы ѳнүккѳн?

a)

а) Тетиктерди куруу

b)

б) Гидроэнергетика

c)

в) Электротехника

d)

г) Мал чарбачылыгы