Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

акушерство 3 курсов

Total questions: 100

Worksheet time: 2hrs 40mins

Name
Class
Date
1.
Кара куш менен келгендеги төрөттүн алдынкы көрүнүшүндөгү биомеханизиминин экинчи моменти:
a)
Баштын кире бериш жериндеги эңкейүүсү
b)
Баштын чыга бериш жериндеги чалкалоосу
c)
Баштын ичтеги туура эмес бурулуусу
d)
Баштын ичтеги туура бурулуусу
2.
Туура тамактануунун биринчи баскычындагы азыктарга кирет:
a)
Эт азыктары
b)
Сүт азыктары
c)
Дан азыктары
d)
Жашылч- жемиштер
3.
Дискомфорттук абалдарга кирбейт:
a)
Белдин оорушу
b)
запор
c)
Зарна
d)
Кусуу
4.
Гравидограмма –бул:
a)
Төрөттүн өтүшүн көзөмөлдөө
b)
Жатындын бийиктигин гестациянын мөөнөтүнө жараша көзөмөлдөө
c)
Күмөндүн кыймылын көзөмөлдөө
d)
Күмөндүн жүрогүнүн согуусун көзөмөлдөө
5.
Кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилерине кирбейт:
a)
Кындан кан кетүүлөр
b)
Көздүн караңгылашы
c)
Каканак сууларынын кетиши
d)
Толгоолордун өз убагында башталышы
6.
Пельвиометрия- бул
a)
Жыныс мүчөлөрүн изилдөөчү илим
b)
Аялдардын жамбаш чарасын изилдөө
c)
Шишик оорулар тууралуу илим
d)
Клетка тууралуу илим
7.
Форма № 111- бул
a)
Кош бойлуунун өздүк картасы
b)
Оорулунунун тарыхы
c)
Амбулатордук карта
d)
Шашылыш билдирүү
8.
Медикаментоздук ооруксуздандырууга көрсөтмөлөр:
a)
Физиологиялык төрөттөр
b)
Төрөттөн кийинки мезгил
c)
Патологиялык төрөттөр
d)
Төрөттүн экинчи мезгили
9.
Ууз сүттөн эмнеси менен айырмаланат:
a)
Майдын көптүгү менен
b)
Канттын көптүгү менен
c)
Суунун көптүгү менен
d)
Белоктун көптүгү менен
10.
Төрөттүн биринчи мезгилин алып барууда эмнеге көңүл бурабыз?
a)
Ыйынууларга
b)
Кан кетүүлөргө
c)
Толгоолорго
d)
Эч нерсе кылбоо
11.
Күмөндүн өтүшүп кеткен туурасынынан абалы деп:
a)
Колдорунун түшүп кетишин
b)
Буттарынын түшүп кетиши
c)
Жамбаш чарасына күмөндүн ийиндеринин кептелиши
d)
Каканак сууларынын эрте кетиши
12.
Кош бойлуулуктагы курч кармаган пиелонефритте дарылоодо колдонулбайт:
a)
Пенициллин
b)
Ампициллин
c)
Тетрациклин
d)
Гентамицин
13.
Гипоталамус кайсы гормондорду бөлүп чыгарат?
a)
Эстроген
b)
Прогестерон
c)
Фоллукулду кучөтүүчү
d)
Релизинг факторлорду
14.
Жыныс кынын түзулүшүкандай?
a)
Алмурут түрүндө
b)
Чойулчаак түтүкчө түрүндө
c)
Без түрүндө
d)
Алма түрүндө
15.
Жумурткалыктардын бетин каптап турган кабыкча эне деп аталат?
a)
Кара кабыкча
b)
Сары кабыкча
c)
Кызыл кабыкча
d)
Агыш кабыкча
16.
Акушердик аралык – бул:
a)
Чоң жыныс эриндеринин арткы бириккен жеринен ануска чеийинки аралык
b)
Чоң жыныс эриндеринин алдынкы бириккен жеринен анускачейинки аралык
c)
Чоң жыныс эриндеринин арткы бириккен жериненен куймулчакка чейинкиа ралык
d)
Симфизден ануска чейинки аралык
17.
Чоң жабашчарасы менен кичине жамбаш чарасынын чек арасы болуп:
a)
Куймулчак капчыт кошундулары
b)
Аты жок сызыкчалар
c)
Куймулчак чычаң байламталары
d)
Жамбаш чөйчөктөрүнүн чокулары
18.
Жамбаш чарасынын кире бериш тегиздигинин өлчөмдөрү барабар:
a)
12,5- 13см
b)
12,5- 13см
c)
11-13-12см
d)
9,5-11 см
19.
Эмчек бездеринин өсүп жетиле башташы кайсы мезгиде?
a)
Нейтралдык
b)
Препубертаттык
c)
Климактерикалык
d)
Пубертаттык
20.
Эстроген гормону кандай таасир берет?
a)
Экинчи жыныс белгилеринин пайда болушун
b)
Жыныс белгилердин жоголушун
c)
Климакса өтүшүн
d)
Эч кандай таасири жок
21.
Эклампсиянын эне тараптан кабылдоолоруна кабылдоолоруна кирбейт:
a)
Мээге кан куйулушу
b)
Боордун жетишсиздиги
c)
Бөйрөктүн жетишсиздиги
d)
Гипоксия, асфиксия
22.
Тондун мөөнөтүнөн мурда ажырашынын негизги себеби:
a)
Киндиктин узундугу
b)
Каканак сууларынын мөонөтүнөн мурда кетиши
c)
Гипертензивдик бузулуулар
d)
Күмөндүн көчүгү менен келиши
23.
Тондун мөөнөтүнөн мурда ажырашынын клиникалык белгилерине кирбейт:
a)
Ичтин катуу оорушу
b)
Кындан келген кан агуулар
c)
Геморрагиялык шок
d)
Кан кетүүнүн оору менен коштолбосу
24.
Жатынды кол менен тазалоо операциясынын көрсөтмөлөрүнө кирбейт:
a)
Тондун калдыктарынын калып калышы
b)
Жатындын мойунчасынын 1-2 даражадагы бертинүүлөрү
c)
Төрөттөн кийинки кан кетүүлөр
d)
Жатындагы мурунку тырыктар
25.
Жатындын төрөттөгү толук айрылуусунун белгисине кирбейт:
a)
Каканак сууларыныны эрте кетиши
b)
Төрөт ишкердүүлүгүнүн токтошу
c)
Күмөндүн жүрөгүнүн согушунунун угулбай калышы
d)
Гемоорагиялык шоктун белгилери
26.
Сырткы акушердик изилдөөнүн үчүнчү ыкмасы менен эмнени изилдейт?
a)
Күмөндүн келе жаткан бөлүгүн
b)
Позициясын
c)
Күмөндүн далысын
d)
Жатындын тубүнүн бийиктигин
27.
Ыйынуу физиологиялык төрөттөрдө качан башталат:
a)
Күмөндүн башы жамбаш чарасына түшо баштаганда
b)
Жатындын мойну толук ачылганда
c)
Күмөндүн башы жамбаш дүңчөсүнө түшкөндө
d)
Күмөндүн башы симфизге такалганда
28.
Кош бойлуулуктун анык белиси болуп:
a)
Кусуу, жүрөгү айлануу
b)
Жатындын көлөмүнүн чоңойушу
c)
Жатындын мойунчасынын көгөрүшү
d)
Күмөндүн жүрөгүнүн согушушунун угулушу
29.
Перинеотомия операциясына негизги көрсөтмө болуп:
a)
Көчүгү менен келген кош бойлуулук
b)
Аралыктын айрылуу коркунучу
c)
Оор гипертензивдик бузулуулар
d)
Ара төрөлүүлдө
30.
Жатындын жыйрылуусун жакшыртуучу дары:
a)
Пренднизалон
b)
НитроглицеринОкситоцин
c)
Окситоцин
d)
Нитрофунгин
31.
Төрөттөн кийинки эрте мезгилди алып барууда эмнеге баа берилет?
a)
Кольпоцитологияга
b)
Кан кетүүлөргө
c)
Жатындын жыйрылышына
d)
Тери жана былжыр челдерине
32.
Кесардык кесүү операциясындагы негизги ооруксуздандыруу болуп:
a)
Азот кычкылы менен ингациялык
b)
Жергиликтүү инфильтрациялык
c)
Кан тамыр аркылуу наркотикалык
d)
Эпидуралдык анестезия менен
33.
Башталган бойдон түшүүнүн белгилерине кирет:
a)
Кындан келген кан аралаш азыраак өлчөмдөгү агуулар
b)
Жатындын мойнунун ачыктыгы
c)
Жатындын мойнунан жумуртканын көрүнүшү
d)
Ичи белдин бир аз оорушу
34.
Кесардык кесүү операциясында кездешүүчү кабылдоолорго кирбейт:
a)
Табарсыкты бертинтип алуу
b)
Кан тамырдын жакшы кысылбай калышы
c)
Гипотониялык кан кетүүлөр
d)
Исмикоцервикалдык жетишсиздик
35.
Токсоплазмоз оорусу эмне аркылуу жугат:
a)
Айбанаттар
b)
Эт азыктары
c)
Сүт азыктары
d)
Абаа тамчы жолдору аркылуу
36.
Гонорея кош бойлуулукта күмөнгө кандай жол аркылуу жугат?
a)
Кан аркылуу
b)
Тон аркылуу
c)
Төрөт жолдору аркылуу
d)
Байланыш буюдары
37.
Трихоманада кандай инфекцияга кирет:
a)
Бактериялар
b)
Жөнөкөйлөр
c)
Вирустар
d)
Паразиттер
38.
Кош бойлуулук менен коштолгон кант диабетинин белгилерине кирбейт:
a)
Суусоо
b)
Теринин кычшуулары
c)
Полиурия
d)
Дене таптын ысышы
39.
Кант диабети менен жабыркаган кош бойлууда көп кездешүүчү кабылдоо:
a)
Бөйрөк жетишсиздиги
b)
Гипертензивдик бузулуулар
c)
Боор жетишсиздиги
d)
Жүрөк кан тамыр жетишсиздиги
40.
Гипотиреоз оорусу менен жабыркаган кош бойлуу аялдагы белгиге кирбейт:
a)
Гипертензия
b)
Алдын кетиши, тез чарчоо
c)
Теринин кургактыгы
d)
Тырмактардын сынышы
41.
Кош бойлунуну анемия оорусунун себептерине кирбейт:
a)
Туура эмес тамактануу
b)
Темирдин организимде жакшы сиңбеши
c)
Төрөттүн аралыктарынын жакындыгы
d)
Кан басымдын төмөндүгү
42.
Гестациялык пиелонефритте инфекция кандай жол менен кирет:
a)
Лимфа тамырлары аркылуу
b)
Заара жолдору аркылуу
c)
Гематогендик жол аркылуу
d)
Абаа тамчы жолдору аркылуу
43.
Тондун туура эмес бүтүшүнүн себеби болуп:
a)
Жатындын сезгенүү оорулары
b)
Жатындагы тырыктар
c)
Жатындын аномалиялары
d)
Жатындын түтүкчөлөрүнүн сезгени
44.
Тондун туура эмес бүтүшүнүндөгү кан кетүүлөрдүн өзгөчөлүгү:
a)
Байкоосуздан көп учурда түнкүсүн
b)
Кан кетүүлөр оору менен коштолбойт
c)
Сырткы кан кетүүлөр
d)
Кан кетүүлөр оору менен коштолот
45.
ДВС- синдромду аныктоо үчүнжүргүзүлүүчүизилдөө:
a)
Ли Уайт менен текшерүү
b)
Биохимиялык кандын анализи
c)
Ревма тест
d)
Жалпы кандын анализин
46.
Тондун төрөттөн кийин түшпөй калышынын себеби:
a)
Жатындын айрылуулары
b)
Тондун жатынга бекип калуулары
c)
Жатындын гипотониясы
d)
Жатындын атониясы
47.
Геморрагиялык шоктун себеби болуп:
a)
Гипертензия
b)
Аялдын чарчоосу
c)
Кан кетүүлөр
d)
Гипотония
48.
Төрөттөн кийинки кеч кан кетүүлөр качан башталат:
a)
30 мүнөттөнкийин
b)
1 саатан кийин
c)
15 мүнөттөн кийин
d)
2сааттан кийинки
49.
Көп кан кетүүлөрдөгү инфузиондук дарылоонун принциптери:
a)
Жалпы кандын өлчөмүн толтуруу менен микроциркуляцияны жакшыртуу
b)
Эритроциттердин көлөмүн чоңойтуу
c)
Суу- электролиттик балансты толуктоо
d)
Белокторду толуктоо
50.
Кувелердик жатын – бул:
a)
Ретроплацентардык гематомунун пайда болушу
b)
ДВС – синдромдун пайда болушу
c)
Жатындын булчуңдуу катмарына кандын сиңиши
d)
Жатындын жыйрылуусунун бузулушу
51.
Прогестерон гормонун таасирине эмнелер кирет:
a)
Жатындын дүүлүгусүн жана жыйрылуу ишкердигин күчөтөт
b)
Кош бойлуулукка жана эмчек бездерин сүт бөлүп чыгарууга дайардайт
c)
Фолликуланын өсүшүн тездетет
d)
Бойдун өсүшүн камсыз кылат
52.
Кош бойлуулуктагы териде болуучу өзгөрүүлөргө кирет:
a)
Ак тактардын пайда болушу
b)
Бүдүрлөрүнпайдаболушу
c)
Гуммалардын пайда болушу
d)
Сепкилдердин пайда болушу
53.
Кош бойлуу аялды изилдөө эмнеден башталат?
a)
Пельвиометриядан
b)
Сурамжылоодон
c)
Акушердик изилдөөлөрдөн
d)
Кошумча изилдөөлөрдөн
54.
Симфиздин кош бойлуулуктагы физиологиялык өзгөрүшү:
a)
Анын кемирчеги жумшарат, бир аз жылчыгы чоңойот
b)
Анын кемирчеги катууланып, жылчыгы катыйт
c)
Эч кандай өзгөрүүлөргө туш болбойт
d)
Кемирчеги ажырап кетет
55.
Жатындын огу менен күмөндүн огунун дал келиши эмне деп аталат?
a)
Позициясы
b)
Келе жаткан бөлүгү
c)
Жайланыш абалы
d)
Таяныч точкасы
56.
Күмөндүн кележаткан бөлүгүн сырткы акушердик изилдөөнүн кайсы ыкмасы менен аныктайт:
a)
Биринчи ыкма
b)
Экинчи ыкмасы
c)
Төртүнчү ыкмасы
d)
Үчүнчү ыкмасы
57.
Ыйнуулар качан башталат:
a)
Жатындын моуйнчасы 6-7см ачылганда
b)
Жатындын мойунчасы толук ачылганда
c)
Күмөндүн башы жамбаш чарасынын көңдөйүнө түшкөндө
d)
Күмөндүн башы жамбаш чарасынын кире беришине такалганда
58.
Күмөндүн позициясы кантип аныкталат:
a)
Күмөндүн далысынын менен
b)
Күмөндүн келе жаткан бөлүгү менен
c)
Күмөндүн майда бөлүктөрү менен
d)
Күмөндүн башы менен
59.
Жатындын инволюциясынын кечеңдеши мүмкүн:
a)
Гипертензивдик бузулууларда
b)
Анемияда
c)
Көп күмөндүү кош бойлуулукта
d)
Дем алуу мүчөлөрүнүн ооруларында
60.
Төрөттөн кийинки маститке мүнөздүү эмес белги:
a)
Дене таптын ысышы менен чыйрыгуу
b)
Эмчек бездеринин катууланышы
c)
Сүттүн эркин чыгышы
d)
Эмчек безинин кызаруусу
61.
Күмөндүн көчүгү менен келишиндеги оор татаалдануу болуп:
a)
Каканак сууларынын эрте кетиши
b)
Киндиктин түшүп кетиши
c)
Төрөт күчтөрүнүн аномалиялары
d)
Буттарынын түшүп кетиши
62.
Цовьяновдун ыкмасы менен төрөтүү качан көрсөтүлөт:
a)
Күмөндүн туурасы менен келишинде
b)
Күмөндүн көчүгү менен келишинде
c)
Күмөндүн башы менен келишинде
d)
Жатындын гипотониясында
63.
Преэклампсиянын оор түрүнүн негизги белиси болуп:
a)
Баштын чыңалып оорушу, көрүүнүн начарлашы
b)
Буттун шишиктери, энтигүү
c)
Гематурия, белдин оорушу
d)
Гипотоня, энтигүү
64.
Гипертензивдик бузуулардын оор түрүнө киребейт:
a)
Преэклампсия
b)
Гестациялык гипертензия
c)
Эклампсия
d)
Эклампсиялык статус
65.
Гипертензивдик бузулуулардагы антигипертензивдик дарылоолордун максаты:
a)
Калтыроолорду алдын алуу
b)
Кан аздуулукту алдын алуу
c)
Күмөндүн гипоксиясын алдын алуу
d)
Эненин геморрагиялык инсультун алдын алуу
66.
Жатындын моюнчасынын үчүнчү даражадагы айрылуусу- бул:
a)
Моюнчанын 2см ашык айрылуу, кындын капталдарына жетпеген
b)
Моюнчаныны жатындын ылдыйкы бөлүгү менен айрылуусу
c)
Моюнчанын кындын капталдары менен айрылуусу
d)
Жатын моюнчасынын 2см айрылуусу
67.
Жатындын мойунунун айрылуусунун клиникалык белгиси болуп:
a)
Мезгил- мезгили менен кан кетүүлөр
b)
ДВС- синдром
c)
Жатын жакшы жыйрылса деле кан кетүүлөр
d)
Уюган же шаркыраган кандын кетиши
68.
Бактериалдык- токсикалык шоктун пайда болушунун патогенези:
a)
Бактериялардын токсиндеринин канга кириши
b)
Вирустардын канга кириши
c)
Паразитттердин канга кириши
d)
Ириңдүү очоктордун пайда болушу
69.
Вакуум экстракция операцияындагы шартка кирет:
a)
Жатындын моюнун толук ачылбашы
b)
Гидроцефалия
c)
Күмөндүн өлүмү
d)
Жатындын моюнунун толук ачылышы
70.
Ийиндердин дистоциясында колдонуулучу ыкма:
a)
Цовьяновдун ыкмасы
b)
Морисе-Левренин ыкмасы
c)
ВОНДИРК ыкмасы
d)
Левсеттин ыкмасы
71.
Төрөттөн кийинки сепсистин белгилерине кирбейт:
a)
Дене таптын көтөрүлүшүү
b)
Курсактын ылдый жагынын оорушу
c)
Кындан келген кир сымал жаман жыттууагуулар
d)
Көп өлчөмдөгү кан кетүүлөр
72.
Протеинурия – бул:
a)
Заарада бактериялардын болушу
b)
Заарада белоктун болушу
c)
Заарада кандын болушу
d)
Заарада туздардын болушу
73.
Гипертензивдик бузулууларды аныктоодогу негизи изилдөө:
a)
Ультра ун изилдөө
b)
Кын аркылуу изилдөө
c)
Тонометрия
d)
Объективдүү көрүү
74.
Кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилерине кирбейт:
a)
Денедеги шишиктердин жоктугу
b)
Протеиинурия
c)
Гипертензия
d)
Көрүүнүн бузулушу
75.
Эклампсиядагы биринчи жардамдагы иш аракетке кирет:
a)
Чалкасынан жаткыруу
b)
Кырынанан жаткыруу
c)
Тизелерин бүгүү
d)
Башына валик койуп, сол тарапка буруу
76.
Күмөндүн киндигинин аномалиялырынын кабылдоолоруна кирет:
a)
Күмөндүн тумчугуусу жана муунусу
b)
Тондун туура эмес бүтүшү
c)
Даун синдрому
d)
Гипертензивдик бузулуулар
77.
Күмөндүн буттары менен келүүсүндөгү төрөт учурундагы аныктоо:
a)
Сырткы акушердик изилдөөлөр
b)
Кын аркылуу изилдөө
c)
Кольпоскопиялык изилдөө
d)
Гистероскопиялык изилдөө
78.
Медициналык аборттогу социалдык көрсотмөгө кирбей:
a)
Зордуктоодон улам болгон кош бойлуулук
b)
Аялдын эркинен ажыратылышы
c)
Аялдын өзүнүн каалосу
d)
Күйөөсүнүн 2- 3 топтогу майыптыгы
79.
Вакуум аспиратодук аборт кош бойлулуктун канча жумасында жасалыш керек?
a)
5 – 6 жумада
b)
8 – 10 жумада
c)
10 – 12 жумада
d)
12- 15 жумда
80.
Пессарий кайсы мүчөгөгө салынат?
a)
Жатынга
b)
Кынга
c)
Жатын моюнчасына
d)
Жатын түтүкчөсүнө
81.
Декапитация операциясы бул:
a)
Кыр арканы кесүү
b)
Күмөндүн башын кесүү
c)
Ич көңдөйүн алып салуу
d)
Акыракты сындыруу
82.
Спондилотомия операцисына көрсөтмө болуп:
a)
Күмөндүн чоңдугу
b)
Ийиндердин кептелип калышы
c)
Күмөндүн гидроцефалиясы
d)
Күмөндүн өтүшүп кеткен турасынанан абалы
83.
Акушердик кан кетүүлөрдө куюлучу суюктуктун көлөмү канча болуш керек?
a)
2 эсе көп болуш керек
b)
3 эсе көп болуш керек
c)
4 эсе көп болуш керек
d)
5 эсе көп болуш керек
84.
Септикалык ооруларды дарылоодогу негизи дары болуп:
a)
Кандын реологиялык курамын жакшыртуу
b)
Сезгенүүгө каршы дарылоо
c)
Антибактериалдык дарылоо
d)
Кандын уйю системасын жакшыртуу
85.
Күмөндү сырттан буруу операциясынын шарттарына кирбейт
a)
Кош бойлуулуктун 35 – 36 жумасы
b)
Гипертензивдик бузулуулар
c)
Каканак сууларынын бүтүндүгү
d)
Кууш жамбаштын жоктугу
86.
Тондун чыныгы бекип калышы бул:
a)
Жатындын булчуңдуу катмарына бекиши
b)
Жатындын былжыр катмарына бекиши
c)
Жатындындын моюнчасына кыпчылып калышы
d)
Жатындын эч бир катмарына бекибеши
87.
Амниотомия операциясы кайсыл учурда жасалат?
a)
Күмөндүн туура эмес жайланыш абалында
b)
Көп күмөндүү кош бойлуулукта
c)
Каканак сууларынын көптүгүндө
d)
Гипертензивдик бузулууларда
88.
Симфизит деген эмне?
a)
Симфиздин жумшарышы
b)
Симфиздин ажырап кетиши
c)
Симфиздин ажырап катып кетиши
d)
Симфиздин өзгөрбөшү
89.
Хелп синдромдун негизги себеби:
a)
Боордун ферменттеринин генетикалык бузулушу
b)
Кан аздуулук
c)
Дем алуу мүчөлөрүнүн оорулары
d)
Туура эмес тамактануу
90.
Төрөттөн кийинки септикалык оорулардын бөлүнүштөрү кайсы окумуштууга таандык?
a)
Цовьянов
b)
Сазанов – Бартельс
c)
Крассовский А.Я
d)
Арнольд Кегел
91.
Кош бойлуулуктагы анемия оорусу бул:
a)
Кандагы лейкоциттердин аздыгы
b)
Кандагы гемоглобинди, эритроциттердин аздыгы
c)
Кандагы тромбоциттердин аздыгы
d)
Жалпы кандын аздыгы
92.
Курамында темири бар дарыларды эмне менен ичүү керек:
a)
Сок
b)
Чай
c)
Сүт
d)
Кофе
93.
Каканак сууларынын аздыгынан келип чыккан кемтиктер:
a)
Даун синрому
b)
Эрин таңдай жырыктары
c)
Кыр арканын кыйшайуусу
d)
Анэнцефалия, гидроцефалия
94.
Киндиктин калп түйүнүн пайда болушу:
a)
Киндиктин түйүлүп калышы
b)
Кан тамырдын варикозу
c)
Киндиктин кыскалыгы
d)
Киндиктин узундугу
95.
Гипетензивдик бузулуулардагы күмөндөгү кабылдоолорго кирбейт:
a)
Күмөндүн гипоксиясы
b)
Күмөндүн асфиксиясы
c)
Күмөндүн ичтен өспөй калышы
d)
Геморрагиялык инсульт
96.
Айынанан өтүп төрөлүү деп:
a)
34-36 жумадагы төрөлүү
b)
37-40 жумадагы төрөлүү
c)
40- 41 жумадагы төрөлү
d)
42-44 жумадагы төрөлүү
97.
Респиратордук дистресс синдромду алдын алуу үчүн колдонулат:
a)
Магнезия сульфат
b)
Клонидин
c)
Дексаметазон
d)
Нифедипин
98.
Төрөттү идукциялоо бул:
a)
Жасалма жол менен төрөттү козгоо
b)
Жатын моюнчасын жетилтүү
c)
Бойдон алуу
d)
Операцияга даярдоо
99.
Эмбриотомия бул:
a)
Күмөн жөнүндө окуу
b)
Күмөндү бузуучу операциялар
c)
Күмөндүн абалын көзөмөлдөө
d)
Күмөндүн жүрөгүнүн согуусун көзөмөлдөө
100.
Кесардык кесүү операциясынанан кийинки кабылдоого кирбейт:
a)
Кан кетүүлөр
b)
Септикалык кабылдоолор
c)
Жакын жайланышкан мүчөлөрдүн бертинүүсү
d)
Төрөттөн кийинки мастит