wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

3 -АД Педиатрия

Total questions: 100

Worksheet time: 2hrs 40mins

Name
Class
Date
1.
Кызамыктын козгогучу?
a)
РНК вирусу
b)
А тайпасынын В- гемолитикалык стрептококк
c)
ДНК- вирусу
d)
РС- вирусу
2.
Кызамык оорусунун жашыруун мезгили канча күн?
a)
5-7 күн
b)
17-21 күн
c)
3-4 күн
d)
30-60 күн
3.
Кызамык оорусунда кайсы система жабыркабайт?
a)
жогорку дем алуу жолдору
b)
заара бөлүп чыгаруу жолдору
c)
көздүн коньюктивасы
d)
тери
4.
Кызамыктын эң эрте пайда болуучу жана анын белгиси
a)
Пастернацкий
b)
Брудзинский
c)
Филатов-Коплик
d)
Керниг белгиси
5.
Кызамыктын сасык тумоо мезгилине кайсы белги таандык эмес?
a)
коньюктивит
b)
ринит
c)
фарингит
d)
лимфа бездердин чоңоюшу
6.
Кызамык ооруңдагы бөртмөнүн мүнөзү
a)
ыйлакча
b)
геморрагиялык
c)
так бүдүрлүү
d)
теринин мала кызыл фонунда майдаи точкалу бөртмө
7.
Кызамык оорусундагы бөртмөнүн чыгуу ирээти
a)
бир учурда
b)
этап менен өйдөдөн ылдый
c)
ирээтсиз
d)
симметриялык
8.
Кызамык кабылдоосуна кирбейт:
a)
пневмония
b)
нефрит
c)
ларингит
d)
энцефалит
9.
Кайсы курактагы балдарга кызамык жукпайт?
a)
3 айга чейин
b)
1-3 жаштагы балдарга
c)
3-5 жаштагы балдарга
d)
балдарга жукпайт
10.
Кызамыкка таандык эмес белгини аныкта
a)
майда точкалуу бөртмө
b)
так- бүдүрлүу бөртмө
c)
Филатов –Коплик белгиси
d)
мурундун бүтүшү, жөтөл
11.
Филатов –Коплик жана энантема белгилери кайсы жугуштуу ооруда байкалат?
a)
кызамык
b)
суу чечек
c)
кызылча
d)
скарлатина
12.
Кызамыкка каршы вакцинация канча жүргүзулөт?
a)
3 айда
b)
12 айында
c)
3 жашында
d)
6 жашында
13.
Кызамыкка каршы ревакцинация канча жүргүзүлөт?
a)
3 айында
b)
12 айында
c)
3 жашында
d)
6 жашында
14.
Кызамыктын дарылоо планына кирбейт
a)
антигистаминдик дары каражаттары
b)
С жана В тайпасындагы витаминдер
c)
суусундукту көп берүү
d)
антибиотиктер менен дарылоо
15.
Кызамык оорусунан айыккандан кийин иммунитет канча убакытка сакталат?
a)
2-3 жума
b)
1-2 жыл
c)
туруктуу,кайра кайталап оорубайт
d)
5-6 жыл
16.
Кызамыкка окшош жугуучу илдет
a)
скарлатина
b)
суу чечек
c)
менингит
d)
кызылча
17.
Кызылчанын козгогучу кимдер үчүн коркунучтуу?
a)
эрте жаштагы балдарга
b)
улгайган адамга
c)
өспүрүм балдарга
d)
кош бойлуу аялдарга
18.
Кызылчанын белгиси
a)
моюн аркасындагы жана кежиге лимфатикалык бездеринин чоңоюшу
b)
Филатов-Коплик белгиси
c)
миндалинадагы ак кебер
d)
кызыл дермографизм
19.
Кызамык оорусунда бөртмө тараганда териде эмне байкалат?
a)
күрөң так
b)
кургап, түлөйт
c)
кызаруу
d)
тери өзгөрбөйт
20.
“Тримовакс” вакцинасы кайсы ооруларды алдын алат?
a)
суу чечек
b)
дифтерия, коклюш, тырышма
c)
кызамык, кызылча, паротит
d)
скарлатина
21.
“Тримовакс” вакцинасын жиберүү ыкмасы
a)
ооз аркылуу
b)
тери ичине
c)
тери астына
d)
булчуңга
22.
Кызылчага каршы вакцинация качан жүргузүлөт?
a)
3 айында
b)
6 айында
c)
12 айында
d)
18 айында
23.
Кош бойлуу аялдарга коркунуч туудуруучу жугуштуу илдет
a)
кызамык
b)
суу чечек
c)
кызылча
d)
скарлатина
24.
Кош бойлуу аялдарга кызылча оорусу менен ооруп калса эмнеси менен коркунучтуу?
a)
аялда бронх астмасы өрчүшү
b)
аялда пневмониянын өрчушү
c)
аялда кант диабетинин өрчушү
d)
балада тубаса кемтигинин өрчүшү
25.
Скарлатина оорусунун козгогучу
a)
вирус
b)
А тайпасындагы В- гемолитикалык стрептококк
c)
Леффлер таякчасы
d)
Борде Жангу таякчасы
26.
Скарлатина катталганда карантин канча кунгө жарыяланат?
a)
10 күн
b)
5 күн
c)
7 күн
d)
21 күн
27.
Курч кармаган уулану белгилери, ангина, майда точкалуу бөртмө жана кабылдоо коркунучу менен мунөздөлгөн жугуштуу илдет
a)
кызамык
b)
суу чечек
c)
кызылча
d)
скарлатина
28.
Скарлатинага таандык эмес белги кайсынысы?
a)
ангина
b)
бөртмө чыгуу
c)
дене табынын жогорулашы
d)
жөтөл
29.
Скарлатинада бөртмө дененин кайсы бөлүгүндө жыш жайгашкан?
a)
курсакта
b)
буттарда
c)
табигый бырыштардын тушунда
d)
бетте
30.
Скарлатина оорусунда бөртмө тараганда териде эмне байкалат?
a)
күрөң так
b)
кургап, түлөйт
c)
кызаруу
d)
карт пайда болот
31.
Баланын тилинин бөлтөкчөлөрү чоноюп ”малина сымал тил” деп аталышы кайсы жугуштуу илдетке мүнөздүү?
a)
кызамык
b)
суу чечек
c)
кызылча
d)
скарлатина
32.
Ак дермографизм кайсы ооруга мүнөздүү?
a)
кызамык
b)
менингококкцемия
c)
суу чечек
d)
скарлатина
33.
10 жашаар бала скарлатина оорусунан кийин бети, буттары шишип, заарасынын өңү кызарган, кан басымы 140/ 100мм.см.мм. Зааранын анализинде протеинурия. Скарлатинанын кайсы кабылдоосу байкалды?
a)
миокардит
b)
гломерулонефрит
c)
пиелонефрит
d)
ревматизм
34.
Скарлатинага мүнөздүү эмес белги
a)
малина сымал тил
b)
этап менен өйдөдөн ылдый
c)
ирээтсиз
d)
гнейс
35.
Скарлатина оорусундагы бөртмөнун чыгуу ирээти
a)
бир учурда
b)
этап менен өйдөдөн ылдый
c)
ирээтсиз
d)
симметриялык
36.
Скарлатинада кандын анализинде кандай өзгөрүүлөр байкалбайт?
a)
лимфоцитоз
b)
лейкоцитоз
c)
нейтрофилез
d)
ЭТЫнын ылдамдашы
37.
Суу чечек оорусунун козгогучу
a)
РС- вирус
b)
А тайпасындагы В-гемолитикалык стрептококк
c)
Леффлер таякчасы
d)
Борде- Жангу таякчасы
38.
Суу чечек оорусунда канча күндөн кийин жугуу коркунучу жок болот?
a)
бөртмө чыккандан 5 күндөн кийин
b)
оору байкалгандан 5 күндөн кийин
c)
акыркы бөртмө чыккандан 5 күндөн кийин
d)
бөртмөлөр толугу менен тарагандан кийин
39.
Курч кармаган, өтө жугуштуу, дене табыныны жогорулашы, былжырлуу чел кабыкчалардын сезгенүүсү жана бир мезгилде бөртмө чыгуу менен коштолгон оору
a)
кызамык
b)
суу чечек
c)
кызылча
d)
скарлатина
40.
Суу чечек оорусунун спецификалык алдын алуусу
a)
12 айында
b)
18 айында
c)
жүргүзүлбөйт
d)
төрөт үйүндө
41.
Медайым 3 жашаар баланын үйүндө патронажда. Терисин карап көргөндө түрлүү бөртмөлөр бар: исиркектер,ыйлаакчалар, карттар. Балада кайсы оору деп ойлойсунар?
a)
кызамык
b)
менингококкцемия
c)
суу чечек
d)
скарлатина
42.
Жугуштуу илдет чыккан очокто эпидемияга каршы кайсы иш чара жүргүзүлөт?
a)
жугушсуздандыруу
b)
катнашта болгондорго көзөмөл жүргузүу
c)
бейтапты бөлүү
d)
аталган иш чарарлардын баардыгы
43.
Суу чечекте бейтапты багуудагы негизги иш чара
a)
дем алуу жолдорунан илээшкек былжырды сордуруу
b)
исиркектерди бриллиант жашыл эритмеси менен тазалоо
c)
кычкылтек берүү
d)
диета сактоо
44.
Суу чечек оорусундагы бөртмөнүн мүнөзү
a)
исиркек, ыйлаакчалар
b)
геморрагиялык
c)
так – бүдүрлүү
d)
симметриялык
45.
Суу чечек оорусундагы бөртмөнүн чыгуу ирээти
a)
бир учурда
b)
этап менен өйдөдөн ылдый
c)
ирээтсиз
d)
симметриялык
46.
Туберкулез оорусунун спецификалык алдын алуу
a)
бейтапты бөлүү
b)
дезинфекция
c)
БЦЖ
d)
Манту үлгүсү
47.
Ринит, фарингит,конъюктивит менен коштолгон илдет
a)
РС- инфекция
b)
аденовирустук инфекция
c)
сасык тумоо
d)
ККРВИ
48.
Кургак учук оорусунун козгогучу
a)
Борде- Жангу таякчасы
b)
Леффлера таякчасы
c)
Кох таякчасы
d)
ичеги- карын таякчасы
49.
Коко- кекиртектин былжыр челин сезгениши
a)
ринит
b)
фарингит
c)
стеноздук ларинготрахеит
d)
ларингит
50.
Менингит оорусунун негизги диагностикалык критерийи
a)
жөтөл
b)
кежиге булчуңунун тырышуусу, кусуу
c)
суусоо, суюк заңдоо
d)
ичтин оорушу
51.
Бала башын артка чалкалатып, буттарын бүгүп алган аргасыз абал кайсы ооруга таандык?
a)
кызамык
b)
кызылча
c)
суу чечек
d)
менингит
52.
Резина кол кабы, бет кап, кургак кебези менен башы ийилген тампону бар стерилдүү пробирка, штатив,стерилдүү шпатели менен лоток, лабораторияга жолдомо бланкы, стеклограф- бул жабдуулар качан колдонулат?
a)
менингококко мурун- алкым көңдөйунөн суртундү алууда
b)
мурун жана алкымдан суртундү алууда
c)
Борде-Жангу таякчасына материал алууда
d)
энтеробиозго суртүндү алууда
53.
Лихорадка, кежиге булчуңунун тартылышы, карышуу, кусуу, жылдызча түрүндө геморрагиялык бөртмө белгилери кайсы илдетке мүнөздүу?
a)
кептөөр
b)
кызамык
c)
менингит
d)
полиомиелит
54.
Менингит оорусунун жугуу жолдорун белгиле
a)
аба- тамчы
b)
жыныс жолу
c)
парентералдык
d)
кан аркылуу
55.
Кургак учук оорусун аныктоонун ыкмалары?
a)
Манту үлгүсү
b)
какырыгын изилдөө
c)
рентгенографиялык изилдөө
d)
аталгандардан баардыгы
56.
Оорулууну сөзсүз турдө ооруканага жаткыруу жана клиникалык белгилери айыкмайынча башкалардан бөлүү. Бактериялогиялык изилдөөсу терс чыкканда гана балдар мекемелерине кошуу. Бул иш чаралар кайсы ооруу менен ооруган балдарга жургүзүлөт?
a)
менингит
b)
көк жөтөл
c)
эпид паротит
d)
скарлатина
57.
Эрте жаштагы балдарда менингитке мүнөздүү белгилери ?
a)
дене табынын жогорулашы
b)
башынын оорушу
c)
ичинин өтүшү
d)
Лессажа белгиси,чоң эмгектин көбүшү,эмчек эмбей , чыңырып ыйлап, тынчы кетет
58.
Кургак учук оорусун дарылай турган дары дармектер?
a)
пенициллин, стептомицин
b)
гемодез, полиглюкин
c)
бронхолитиктер
d)
изониазид, рифампицин,пирозинамид,этамбутол, стрептомицин
59.
Оорулууну 9 күн бөлүү. Бет кап жана хлор режимин сактоо. Дүүлүктүрбөгөн , мертинтпеген, жеңил сиңимдүү тамактарды берүү. Кычкыл ширелерди тутүкчөлөр менен берүү, баланын ооз көңдөйүнө дыкаттык менен кароо жүргүзүү. Төшөккө жатуу режимин катуу көзөмөлгө алуу. Суспензория тагынуусун көзөмөлдөө. Мындай багып кароо кайсы жугуштуу илдетте жүргүзүлөт?
a)
менингитте
b)
кептөөрдө
c)
көк жөтөлдө
d)
эпидемиялык паротитте
60.
АКДС вакцинасы кайсы жугуштуу илдеттин алдын алууда колдонулат?
a)
кызылча, кызамык, эпидпаротит
b)
көк жөтөл, кептөөр, сенек
c)
кызылча, кызамык
d)
көк жөтөл, кептөөр
61.
Дифтериянын козгогучу кайсы группага кирет?
a)
коринобактериялар
b)
бифидобактериялар
c)
риккетсиялар
d)
иерсиниялар
62.
Дифтерия оорусунун козгогучу
a)
Леффлер таякчасы
b)
стрептококк
c)
вирус
d)
менингит
63.
Бала 7 жашта. Дем алуунун кыйындашына, алдын кетишине даттанат. Дене табы 38,5С. Карап көргөндө: алкымы киргилт боз кебер менен капталган, шпатель менен сыйрыганда кыйынчылык менен сыйрылып орду канталап кеткен. Болжолдуу диагнозу
a)
ангина
b)
курч кармаган респиратордук илдет
c)
дифтерия
d)
менингит
64.
Алкым кептөөрүн кайсы оору менен айырмалап билиш керек?
a)
кызамык
b)
паротит
c)
менингококк илдети
d)
лакунардык ангина
65.
Дифтериянын жеңил түрүндө, дифтерияга каршы сыворотка канча өлчөмдө берилет?
a)
10-30 миң ЕБ
b)
30-40 миң ЕБ
c)
50-80 миң ЕБ
d)
90-120 миң ЕБ
66.
Эпидемиялык паротиттин кабылдоосу орхит, эмнеге алып келет?
a)
көздүн көрүүсүнүн начарлашы
b)
кулактын угуусунун начарлашы
c)
цистит
d)
тукумсуздук
67.
Полиомиелит оорусунун кайсы түрүндө өмүргө коркунуч туудуруучу жагоонун негизги функциялары бузулат?
a)
аркалык түру
b)
бульбардык түрү
c)
бет нервинин жабыркаган түрү
d)
аралаш түрү
68.
Петри табагы тамактануу чөйрөсү менен, лотокто салынган стерилдүү шпатель, лабораторияга жолдомо бланкы, бет кап, кол кап. Мындай жабдуулар кайсы илдетке материал алуу колдонулат?
a)
көк жөтөлгө
b)
кептөөргө
c)
эпидемиялык паротитке
d)
менингитке
69.
Чыныгы круп кайсы жугуштуу илдетке мүнөздүү?
a)
эпидпаротитке
b)
менингит
c)
кептөөргө
d)
полиомиелит
70.
Дифтериянын кайсы түрү эң эле көп кездешет?
a)
мурундун
b)
көздүн дифтериясы
c)
алкымдын дифтериясы
d)
жыныс органдарынын дифтериясы
71.
АКДС вакцинациясын жүргүзүү мөөнөтү
a)
2 ай; 3,5 ай; 5ай
b)
1 жашында
c)
төрөт үйүдө 3-4 күндөн кийин
d)
төрөлгөндөн 24 саатын ичинде
72.
Кайсы оорууну дарылоодо Безредко ыкмасы менен сыворотка берилет?
a)
көк жөтөл
b)
менингит
c)
кептөөр
d)
полиомиелит
73.
Эпидемиялык паротиттин кабылдоолору
a)
ларингит
b)
дерматит
c)
мастит
d)
орхит, панкреатит
74.
Көк жөтөл оорусундагы баланын сырткы келбети
a)
териси кубарган, көздөрү шишик
b)
бети кызарган, моюндагы кан тамырлары көөп чыккан
c)
бети кызарган, көздөрү саргайган
d)
жалпы цианоз
75.
Алкым кептөөрүнүн токсикалык түрүндө кайсы белги байкалат?
a)
суюк заң
b)
моюндун тери алдындагы клетчаткасынын шишиши
c)
жөтөл
d)
кан басымдын жогорулашы
76.
АКДС вакцинасы кандай берилет?
a)
тери ичине
b)
тери алдына
c)
булчуңга
d)
кан тамырга
77.
Дифтериянын жашыруун мезгилинин узактыгы канча?
a)
7 күнгө чейин
b)
14 күнгө чейин
c)
17 күнгө чейин
d)
21 күнгө чейин
78.
Дифтерия оорусундагы көп кездешүүчү кабылдоо
a)
эндокардит
b)
миокардит, неврит, нефрит
c)
менингит
d)
миокардиодистрофия
79.
Дифтериянын оор түрүндө ,дифтерияга каршы сыворотка канча өлчөмдө берилет?
a)
10-30 миң ЕБ
b)
30-40 миң ЕБ
c)
50-80 миң ЕБ
d)
90-120 миң ЕБ
80.
Кайсы оорунун алдын алууда эмдөө вакцинасы “per os” берилет?
a)
полиомиелит
b)
кызамык
c)
кептөөр
d)
эпид паротит
81.
Бала жөтөлүп жаткан учурда дем ала албай, бети жана моюну кара көгуш тартып, кан тамырлары көөп чыгат. Көзү кызарат, тилин сыртка чыгарып жөтөлөт. Бул кайсы оору?
a)
кептөөр
b)
стеноздук ларинготрахеит
c)
көк жөтөл
d)
бронх астмасы
82.
Эпидемиялык паротиттин мүнөздүү белгиси
a)
моюн аркасындагы жана кежиге лимфатикалык бездеринин чоңоюшу
b)
Филатов- Коплик белгиси
c)
кулак айланасындагы шилекей бездеринин шишиги
d)
кызыл дермографизм
83.
Вирустуу гепатит В га эмдөө качан жүргүзүлөт ?
a)
тери ичине
b)
тери алдына
c)
төрөт үйүндө 24 саат ичинде, 2ай, 3,5 ай, 5айында
d)
булчуңга сайылат
84.
Полиомиелит оорусунун жугуу жолу?
a)
ооз, заң-заара жана аба тамчы жолу
b)
тамак аштан
c)
суудан
d)
ичеги- карын
85.
Үч жумадан бери жөтөлүп аткан 2 жашаар баланы карап көрүп, дарыгер көк жөтөл оорусу деп шектенди. Кайсы белгилердин негизинде?
a)
оозу- мурдунун көгөрушү
b)
дене табынын жогорулашы
c)
денедеги бөртмөлөрдун
d)
көздүн ак челинин канталоосу, тил алдындагы жаранын
86.
Дизентерия оорусунун козгогучу ?
a)
Борде- Жангу таякчасы
b)
Леффлера таякчасы
c)
Григорьева- Шига таякчасы
d)
Ичеги –карын таякчасы
87.
Дизентерия оорусунун негизги белгилери?
a)
тез-тез кусат
b)
ичи көп өтөт
c)
дене табы жогорулайт
d)
ичи бурап ооруп, заңы кан аралаш өтүп, кургак ыйынтат
88.
Дизентерия оорусун аныктоо үчүн кадай изилдөө жүргүзүлөт?
a)
алкымдан сүртүндү
b)
бактериялогиялык жана копрлогиялык
c)
биохимиялык изилдөө
d)
кандын жалпы анализи
89.
Туберкулездун алгачкы белгилери кайсы?
a)
жөтөл, ириңдүү какырык
b)
кечкисин, дене табынын субфебрилдүү жогорулашы, тыкылдап жөтөлүү, арыктоо
c)
демигүү, көбүктүү какырык
d)
демигүү, кан аралаш какырык чыгуу
90.
Жалган крупта кайсы белги байкалбайт?
a)
дем тартуунун кыйындашы
b)
күрсүлдөгөн жөтөл
c)
үндүн бүтүшү
d)
дем чыгаруунун кыйындашы
91.
ВИЧ-оорусу энеден балага кайсы учурда жугат ?
a)
эненин боюнда бар мезгилинде
b)
төрөт учурунда
c)
эмчек эмизген мезгилде
d)
аталгандын баары
92.
Вирустуу гепатит деген эмне ?
a)
боор, көк боор жабыркап, тулку бойдун саргайышы
b)
ичеги- карындын өтүшү
c)
дем алуунун ылдамдашы
d)
зааранын бузулушу
93.
Диареяда өтө катуу кургоонун белгилери?
a)
летаргияда же эс учун жоготкон
b)
көзү ичине кирген
c)
иче албайт же начар ичет
d)
аталгандын баары
94.
Диарея кургоо азыраак болгондо дарылоо планы?
a)
В планы дарылоо мекемесине жеткирүү
b)
Б планы суюктук жана тамак берүү
c)
А планы суюктук жана эмчек эмизүүнү улантуу
d)
регидрон берүү
95.
Вирустуу гепатит А жана Е жугуу жолу ?
a)
тамак- аш , кир колдон
b)
колдонгон буюмдан, оюнчуктан
c)
аккан суудан
d)
аталгандын баары
96.
Вирустуу гепатиттердин клиникалык белгиси ?
a)
тери былжыр чели саргайып, боору чоңоюп,заара кочкул тартып, заңдын агарышы
b)
дем алуунун кыйындашы
c)
такылдаган жөтөл
d)
ичтин өтүшү
97.
ВИЧ инфекция деген эмне?
a)
иммундук системанын жетишсизги жана организимдин ооруларга каршы туруктуулугу начарлашы
b)
ичеги карын системасын
c)
дем алуу системасын
d)
жүрөк кан тамыр системасын
98.
Вирустуу гепатит В, С ,Д жана ВИЧ инфекциянын жугуу жолдору?
a)
кан куюда, шприцтен жана булганган шаймандардан
b)
жыныстык катнашта, тиш щетка, устара, маникюр аспаптарынан
c)
энеден балага, плацента аркылуу
d)
аталгандардын баары
99.
ВИЧ –инфекциясын кандай лабораториялык изилдөө менен аныкталат?
a)
кандын жалпы анализи
b)
биохимиялык изилдөө
c)
зааранын жалпы анализи
d)
Иммуноферменттик анализ(ИФА) жана Иммуноблот (ИБ)
100.
Антиретровирустук (АРТ) дарылоо максаты ?
a)
организмде вирустун азайышы
b)
иммунитетти калыбына келтирүү
c)
жашоо сапатын жакшыртуу
d)
аталгандын баары