NEW
Font size
WorksheetsТекшерүү иши
Total questions: 11
Worksheet time: 7mins
1. Айкындооч мүчөлөр өзлөрүнүн сүйлөм тизмегинде аткарган милдетине карай:
аныктооч, толуктооч, бышыктооч
ээ, баяндооч
этиш , зат атооч
баяндооч, ээ, толуктооч, аныктооч
1. Грамматикалык катнаш жагынан өзүнөн кийинки келген зат атооч, же заттык мааниде айтылган аныкталгыч сөздөргө багыныңкы абалда келип, алардын сапатын, белгисин, касиетин, сан-иретин, же бир жакка (кимдир бирөөгө) таандык экендигин билдирип турган айкындооч мүчөнү эмне дейбиз.
сын атооч
зат атооч
аныктооч
бышыктооч
- Аныктооч катышкан сүйлөмдү белгиле.
Керез үйгө бараткан экен.
Керезге апасы кирди.
Керез азыр эле келет.
Керездин улуу эжеси бар
Аныктоочтун милдетин сан атооч аткарган сүйлөмдү белгиле.
Бештин айында катуу суук болгон.
Бизге тогуз-булактыктар жете келишти.
Сапаты боюнча биринчи орунда турат.
Жети-Өгүз району жеӊишке жетишти.
Аныктоочтун милдетин зат атооч аткарган сүйлөмдү белгиле.
Жаздын келишин күтүп жатабыз.
Кайсы китептер жарык көрүптүр?
Беш жашынан бийлей баштаган.
Эрмек сабакка бара жатабы?
себеп бышыктоочтун суроолорун белгиле.
Эмне үчүн? Кантип?
Кимдер? Эмнелер?
Каякта? Каяктан?
Кандай? Кайсы?
Сыпат бышыктоочту белгиле.
Ашкананы таптаза кылып жыйнап койдум.
жыйнап койдум
жыйнап
таптаза кылып
ашкананы
Мезгил бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгиле.
Болот менен чогуу барат.
Болот эртең менен келет.
Болот жакшынакай бала.
Болот 9-классты окуган.
Бышыктоочтун сөз түркүмүн белгиле.
Мен быйыл он бештемин.
сан атооч
чакчыл
сын атооч
тактооч
Орун бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгиле.
Туулган жердин топурагы алтын.
Туулган жерден алыс кетким келбейт.
Түн менен күн жакында теӊелет.
Түнкүсүн күн суук болуп баштады го!
Себеп бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгиле.
Сабакка кечиккен үчүн ал уялып турду.
Сабакка кечиккен себебиӊди айтчы.
Сабакта өтүлгөн тема бышыкталды.
Сабакты себеби жок калтырбагылачы!
