WorksheetsФизика тест 1
Total questions: 15
Worksheet time: 8mins
Физика илиминдеги "оптика" сөзүнүн кыргызча мааниси кандай?
Күн
Жарык
Линза
Жаркырактык
Жарыктын толкундук касиетин жактаган, ал жөнүндө өзүнүн көп идеяларын кошкон окумуштуу.
Х.Гюйгенс
И. Ньютон
Л. де Бройль
Р. Броун
Жарыктын табияты жөнүндөгү корпускулалык көз карашты сунуштаган улуу физик.
А. Энштейн
Р. Гук
И. Ньютон
Х. Гюйгенс
Төмөнкүлөрдүн ичинен жарыктын табигый булагына мисал тапкыла.
От
Ай
Жылдыз
Шам
Берилген жарык булактарын ичинен кайсынысы жарыктын жасалма булагына мисал боло албайт.
Чагылган
От
Ай
Компьютердин экраны
Жарыктын таралышы жөнүндөгү закон ченемдүүлүк кандай айтылат?
Жарык бир тектүү чөйрөдө ийри сызык менен таралат
Жарык ар тектүү чөйрөдө түз сызык боюнча таралат
Жарык бир тектүү чөйрөдө ар кандай багыт менен таралат
Жарык бир тектүү чөйрөдө түз сызык боюнча таралат
Жарыктын түз сызык боюнча таралышын кандай кубулушуштар далилдей алат?
Жарыктын ак түстө болушу
Көлөкөнүн пайда болушу
Линзадан өткөндөгү сынышы
Күзгүдөн таамай чагылышы
Жарыктын чекиттик булагынан көлөкөнүн кандай түрү алынат?
Толук көлөкө
Жалган көлөкө
Жарым көлөкө
Түнүк көлөкө
Күндүн түлкү кубулушу кандай түшүндүрүлөт?
Жердин көлөкөсүн пайда болушу
Айдын көлөкөсүн Жерге түшүшү
Мезгил-мезгили менен кайталанып туруучу кубулуш
Күн жерге көрүнбөй калган болот
Адам баласы өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү нерселерди кантип көрөт?
Ар бир нерсе тиешелүү жарык бөлүп чыгарат
Адамдын көзүнөн жарык бөлүнүп чыгып, ал предметтерге тийип, анан адамдын көзү көрөт
Жарык нерседен чагылып, анан адамдын көзүнө предмет көрүнөт
Физиологиялык процесстин негизинде
Бодуракай беттерден жарыктан чыгышы кандай аталат?
Күзгүлүү чагылуу
Чачырап чагылуу
Бодуракай чагылуу
Секиреп чанылуу
Жарык нерсенин бетинен күзгүлүү чагылышы үчүн,ал нерсенин бетинин түзүлүшү кандай болууга тийиш?
Бодуракай
Тилкелүү
Тегиз
Жылмакай
Төмөнкү берилген сүйлөмдөрдүн арасынан жарыктын чагылуу законун ырастоочу сүйлөмдү арыктагыла.
Түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар
Түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар эмес
Түшүү бурчу чагылуу бурчунан кичине
Түшүү бурчу чагылуу бурчунан чоң
Күзгү бетине 45° бурч менен келип түшкөн жарык нуру, андан кайра кандай бурч менен чагылып кетет?
30°
45°
90°
180°
Жарык нуру бетке перпендикуляр келип түшсө, анын чагылуу бурчу кандай болот?
0°
45°
90°
135°
