Worksheetsадабият 7-класс 2-чейрек
Total questions: 10
Worksheet time: 8mins
1."Жараланган жүрөк" повестинин автору ким, кайсы окуяны чагылдырат?
Ч. Айтматов , совет доорун
А.Токомбаев , Ата Мекендик согуш мезгилин
Т.Сыдыкбеков, колхоздоштуруу мезгилин
А. Токомбаев, Үркүн жана андан кийинки мезгилди
2. "Жараланган жүрөк" повестиндеги Бектурганга мүнөздөмө бергиле:
Ар кимдин малын багып, эптеп күн көргөн бечара
Эч кимден жалтанбаган, кайраттуу, балбан, боорукер адам
Байларга жагалданып күн өткөргөн
Өзүнөн алсыздарга кысым көрсөткөн зулум адам
3.Уркуя Салиева тууралуу чыгарманын автору жана аталышын белгилегиле:
Н.Байтемиров "Отко таазим"
Н.Байтемиров "Тарых эстелиги"
Н.Байтемиров "Өткөн күндөр"
Н. Байтемиров "Унутулгус күндөр"
4. Уркуя Салиева ким болгон?
Айылдагы алгачкы мугалим болгон.
Совет доору, колхоздоштуруу үчүн күрөшкөн алгачкы аялдардан болгон
Советтик аскерлерге жардам берген катчы болгон
Балдары үчүн курман болгон баатыр эне
5. "Акылман куудул" чыгармасынын башкы каарманына мүнөздөмө бергиле:
Куйдайберген Өмүрзаков акылман, куудул, карапайым элдин таламын талашкан
Кудайберген өзүмчүл, куу, байларды алдаган
Кудайберген Өмүрзаков эл башкарган, кадырлуу, куудул адам
Куйручук элдин мүлкүн уурдаган, эч кимге билинбей качып кеткен
6. Куйручук Борукчуну эмне үчүн боздотот?
Кемпирдин уулуна кун төлөп бербегени үчүн
Алып сатарлык, кызыл кулактык кылып элди алдаганы үчүн
Орокчуларга ысык сорпо бербегени үчүн
Куйручукту жумушка албаганы үчүн
7.Чекиш чал ....... ....... кармана албай командирди жон талаштыра тартып жиберди. Көп чекиттин ордуна дал келген сөздөрдү койгула:
согуштун азабынан
атка күйгөнүнөн
Анатайга жетпей калганынан
балдарды жаман көргөндүктөн
8.Мырзагүл Султанмуратка эмне белекке берет?
бет аарчы
кол саат
бет кап
кол кап
9. Акыркы күндөрү айылдын бул четинен тиги четинен .... айтуу көбөйдү. Көп чекиттин ордуна тийиштүү сөздү койгула
ыр
кошок
салам
куран
10. "Эрте келген турналар" повестинде кайсы мезгил сүрөттөлөт?
элдин кат-сабатын жоюу мезгилиндеги балдардын эрдиги
Октябрь революциясынын жеңиши үчүн күрөшүү
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги балдардын эрдиги
Совет доорундагы балдардын жай турмушу
