wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Экономикага киришуу

Total questions: 9

Worksheet time: 3mins

Name
Class
Date
1.

1. Керектөөлөр — бул...

a)

A. күндөлүк керектөө дүкөнүндө сатылган бардык товарлар.

b)

В. адамдардын товар жана кызматтарга ээ болуу тилеги.

c)

С. адамдын белгилүү шарттарда жашашы жана эресеге жетиши үчүн зарыл болгон нерселерге муктаждыгы.

d)

Д. адамдын канааттандырууга мүмкүн болбогон ой-тилектери.

2.

1. Чектелгендик көйгөйү кайсы жагдайда туурараак берилген?

a)

A. Ар кандай мамлекеттин экономикасында да дайыма эмнедир жетишпейт.


b)

В. Ар дайым эле адамдын бардык керектөөлөрүн камсыздоо үчүн ресурстар

жетиштүү боло бербейт

c)

С. Кандайдыр ресурс канчалык аз болсо, ал ошончолук тартыш болот.

d)

Д. «Үй тиричилиги — үңкүр», дегендей, үй-бүлөдө ардайым эмнедир жетишпейт.

3.

3. Кайсы топто берилген мисалдар жалаң руханий керектөөлөргө гана таандык?

a)

A. Дептер, нан, китеп, телевизор, кат жазуу.

b)

В. Балмуздак, компьютер, билим алуу, спорт.

c)

С. Билим алуу, музыка угуу, өнөр-кесип үйрөнүү, бут кийими

d)

Д. Тил үйрөнүү, китеп окуу, сүрөт тартуу, музыка угуу

4.

4. Кайсы топто берилген мисалдар жалаң социалдык керектөөлөргө гана таандык?

a)

A. Жол, жамааттык транспорт, мектеп, кийим-кече, кол сааты

b)

В. Коргоо, саламаттыкты сактоо системасы, телефон тармагы, китепкана, музей.


c)

С. Тарыхый эстеликтер, оорукана, менчик дүкөн, метро, велосипед.

d)

Д. Коруккана, дарыя, сейил багы, салык кызматы, менчик автомобиль.

5.

Фермер талаасына буудай чачса 40 т, шалы чачса 80 т түшүм алууга болот.

Бир тонна буудайдын альтернативдик наркы...

a)

A. аныктоого болбойт, анткени канча буудай, же шалы эгилгени белгисиз.

b)

В. 0,5 тонна шалыга барабар.

c)

С. 4 тонна шалыга барабар.

d)

Д. 2 тонна шалыга барабар

6.

. Ондүрүштүк факторлор — бул:

a)

A. эмгек өнүмдүүлүгү жана эффективдүүлүк.

b)

В. эмгекти бөлүштүрүү жана адистешүү.

c)

С. жалаң имараттар, курулуштар, аспап-инструменттер жана станоктор.

d)

Д. табигый ресурстар, эмгек фактору, капиталдык жана ишкердик факторлору.

7.

7. Төмөнкү топтордун кайсы биринде өндүрүш ресурстарынын үчөөсүнөн тең мисалдар келтирилген?

a)

A. Талаа, трактор, пахта

b)

В. Офис, менеджер, жетекчи.

c)

С. Нефть, завод, жумушчу.

d)

Д. Компьютер, программачы, принтер.

8.

8. Ар кандай системанын алдында турган эң негизги көйгөй — бул:

a)

A. өндүрүш.

b)

В. чектелгендик. .

c)

С. керектөө.

d)

Д. бөлүштүрүү

9.

Базар экономикасы шартында

a)

A. Мүлктүн негизги бөлүгү жеке адамдардын колунда болот.

b)

В. Жалгыз мамлекет мүлк ээси болуп калат.

c)

С. Мамлекеттик мүлккө үстөмдүк берилет.

d)

Д. Мүлк өзүнүн маани-маңызын жоготот