Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Конкурс

Total questions: 26

Worksheet time: 9mins

Name
Class
Date
1.

ВАТСАП НОМЕРИНИЗДИ ЖАЗЫНЫЗ!

(a)  

2.

Экөөсү тең окумуштуу, экөө тең министр болгон жубайлар кимдер?

a)

Кулубек Бөкөнбаев жана Ишенгүл Болжурова

b)

Жоомарт Бөкөнбаев жана Тенти Адышова

c)

Сабира Күмүшалиева жана Муратбек Рыскулов

d)

Аскар Акаев жана Майрам Акаева

3.

Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн, токсон жаштык өмүрүнүн 73 жылын кино жана театрга арнаган, кыргыз театрынын “Умай энеси” атыккан, “кичинекей ролдордун чоң актрисасы” деген атка татыган, күйөөсү кыргыздын чыгаан актеру, уулу кыргыздын чыгаан театр режиссеру. Сөз кайсы атактуу айым жөнүндө болуп жатат?

a)

Даркүл Күйүкова

b)

Сабира Күмүшалиева

c)

Жамал Сейдакматова

d)

Бакен Кыдыкеева

4.

Бул айым 1920-жылы Пишпек уездинин Кара-Жыгач айылында жарык дүйнөгө келген. Ал өзүнүн омүр жолунда мугалимдик кесиптен тарта тышкы иштер министри, маданият министри, катчы да болуп иштеген. Кыргыз айымдарынын арасында эң көп тармакта иш алып барган айым катары белгилүү. Суроо: сөз ким жөнүндө болуп жатат?

a)

Керимбүбү Шопокова

b)

Күлүйпа Кондучалова

c)

Чолпон Баекова

d)

Уркуя Салиева

5.

Төкөлдөштүн төрт кызынан кимиси ашыкча?

a)

Сабира Күмүшалиева

b)

Бакен Кыдыкеева

c)

Сайра Кийизбаева

d)

Алиман Жангорозова

6.

Кыргызстанда айымдардын арасында эки компазитор бар. Алардын биринчиси Жамийла Муратова, экинчиси ким?

a)

Гульнур Сатылганова

b)

Каныкей Эралиева

c)

Зейнеп Шакеева

d)

Гүлсүн Мамашева

7.

“Ай баратат” ыры кайсы белгилүү айымга арналып жазылган?

a)

Элина Абай кызына

b)

Бүбүсара Бейшеналиевага

c)

Таттыбүбү Турсунбаевага

d)

Акмөөргө

8.

Бул айым Өзгөн районунун Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген. 1969-жылы КМУнун юридика факультетин бүтүргөн жана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин алгачкы прокурор болуп да иштеген. Суроо: сөз ким жөнүндө болуп жатат?

a)

Чолпон Баекова

b)

Чолпон Султанбекова

c)

Индира Жолдубаева

d)

) Жылдыз Жодошева

9.

Кыргыз театр дүйнөсүндө “Экинчи Каныкей” деген атка татыган актриса ким?

a)

Сабира Күмүшалиева

b)

Назира Мамбетова

c)

Жамал Сейдакматова

d)

Сайра Кийизбаева

10.

Ал менин алгачкы жубайым эле. Апам Нагима экөө эне-баладай бири-бирин сыйлашып, көп жыл турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңушту. Мен андан Санжар жана Аскар аттуу уулду болдум», - деп Ч.Айтматов кайсы жубайы тууралуу кеп козгогон?

a)

Жубайы Керээз Айтматова тууралуу

b)

Жубайы Мария айтматова тууралуу

11.

Бул айым 1950-жылы 23-августта Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти алтын медаль менен аяктаган. Улуту боюнча кыргыз. 1972-жылы МГУнун философия факультетин бүтүргөн. Германияда стажировкадан өткөн. Философия илимдеринин кандидаты. Суроо: сөз ким жөнүндө болуп жатат?

a)

Роза Отунбаева

b)

Күлүйпа Кондучалова

c)

Айсулуу Токомбаева

d)

Самара Токтакунова

12.

Бул атактуу спортчу айым 1995-жылы Пржевальск (Каракол) шаарында жарык дүйнөгө келген. Эл аралык класстагы спорт чебери. Ал Джакарта, Бхубанешвар, Тайбей шаарындагы ири мелдештердин жеңүүчүсү жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында болуп өткөн жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчу айымдардын бири. Сөз ким жөнүндө болуп жатат?

a)

Мээрим Жуманазарова

b)

Айпери Медет кызы

c)

Дарья Маслова

d)

Айсулуу Тыныбекова

13.

Дооронбек Садырбаевдин “Махабат дастаны” кинотасмасындагы Раймаалынын сүйгөнү Бегимайдын ролун ким аткарган?

a)

Айтурган Темирова

b)

Таттыбүбү Турсунбаева

c)

Асель Эшимбекова

d)

Жамал Сейдакматова

14.

Бул спортчу айым Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында жарык дүйнөгө келип, ал шаардын атын дүйнөгө тааныта алды. Суроо: сөз ким жөнүндө болуп жатат?

a)

Айсулуу Тыныбекова

b)

Айпери Медет кызы

c)

Дарья Маслова

d)

) Мээрим Жуманазарова

15.

Бул актриса айым кыргыз стенографиясын негиздөөчүсү, 13 жашында “Саябан араба” фильмине тартылган эң алгачкы кыргыз актрисасы, ал күйөөсүнүн алмаштыргыс рекдактору болгон, жолдошу менен бирге 70 жыл чогуу түтүн булатып, 2014-жылы 103 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Суроо: бул айым ким?

a)

Айша Карасаева

b)

Бакен Кыдыкеева

c)

Сабира Күмүшалиева

d)

Алиман Жангорозова

16.

Комузу менен кыргызды дүйнөгө тааныткан белгилүү комузчу айым ким?

a)

Нурзат Токомбаева

b)

Самара Токтакунова

c)

Кенже Көбөкөва

d)

Роза Аманова

17.

Кыргызстандык кайсы альпинист 23-май күнү Еверест чокусун багындырды?

a)

Данил Пешков

b)

Эдуард Кубатов

c)

Олег Петрашенко

d)

Гүлжигит Бөрүбаев

18.

Эмне себептен Марс планетасын “кызыл планета” деп аташат?

a)

кызыл түстө болгондуктан

b)

аба жок болгондуктан кызыл болуп көрүнөт

c)

ар дайым чаң-бороондор болуп тургандыгы үчүн

d)

күндүн нуруна чагылышкандыктан

19.

Кыргызстан аянты боюнча дүйнөдө канчанчы орунда турат?

a)

84

b)

85

c)

86

d)

87

20.

Шарл де Голь аэропорту кайсы шаарда жайгашкан?

a)

Токио

b)

Париж

c)

Берлин

d)

Амстердам

21.

Дүйнөдөгү эң бийик имарат азыркы учурда ушул шаарда курулуп жатат. Кайсы шаарда?

a)

Жидда

b)

Дубай

c)

Мекке

d)

Амман

22.

Кыргызстандагы эң кичине район кайсы?

a)

Ат-Башы

b)

Кара-Суу

c)

Араван

d)

Сокулук

23.

Төмөнкү жазуучулардын кайсынысы америкалык эмес?

a)

Эдгар Аллан По

b)

Эрих Мария Ремарк

c)

Джек Лондон

d)

Рей Бредбери

24.

Шерлок Холмс жашаган көчонүн аты?

a)

Броадвей

b)

Бейкерстрит

c)

Уоллстрит

25.

Орус жазуучуларынын ичининен канчоосу Нобель сыйлыгын алууга жетишкен?

a)

5

b)

7

c)

6

d)

8

26.

Уинстон Черчилль Улуу Британиянын кайсы бөлүгүндө жарык дүйнөгө келген?

a)

Англия

b)

Шотландия

c)

Түндүк Ирландия

d)

Уэльс