Font size
Worksheetsтатаал суроолор ЖРТ 2
Total questions: 10
Worksheet time: 10mins
1793 жылы Улуу француз революциясынын жүрүшүндө орнотулган якобиндик диктатуранын өз бийлигин бекемдөө үчүн жүргүзгөн негизги саясатын көрсөткүлө
А)дворяндарга жана ири буржуазияга өзгөчө артыкчылыкты берүү
Б)Коомдук мамилелерге кенир демократиялык укуктар менен эркиндиктерди жайылтуу
Борбордоштурулган катуу башкаруу менен баш ийбегендерге массалык репрессия үргүзүү
Г)Жергиликтүү бийлик органдарынын автономиялуу башкаруу менен сот ишин жүргүзүүнү калыптандыруусу
Мамлекеттик түзүлүштүн кандай идеясы Улуу француз буржуазия революциясынын жүрүшүндө кабыл алынган адам жана жаран укуктарынын декларациясына киргизиген эмес.
I Адамдар тен укуктуу жана эркин болуп туулат
II Бүткүл жогорку бийликтин булагы ар дайым улуттун колунда
III Менчик деген бузулбас жана ыйык укук болот
IV мыйзам бардыгы үчүн бирдей болууга тийиш
V адамдардын табигый жана ажырагыс укуктарын сактоо бардык саясий союздун максаты болуп эсептелет
Төмөн жакта келтирилген айтымдардын кайсынысы Франциянын королу Людовик XIV таандык болуп абсолюттук монархиянын символу болуп эсептелет
А)”Король үчүн эн башкысы өз букараларына кам көрүү”
Б) “Мен дүйнөнүн акими болом ,жалгыз Россия калды,бирок аны жанчып жок кылам”
В)”Эл менин таянычым”
Г)”мамлекет бул мен”
1644 ж Кытайдын түндүгүндө жашаган манчжурлар Ли Цзы ченди Пекинден кууп чыгышып алар башкарган Цин империясы негизделет.Кайсы бир мааниде алып караганда Кытай үчүн уникалдуу династия болгон. Анткени Кытай басып алган элдердин бир да бирөө империянын классикалык түзүмүнө манчжурлардай болуп жуурулушуп кете алган эмес.Ал эми манчжурлар династиясы жуурулушмай тургай өзүнүн опол тоодой ордун таба алган жана үч жүз жылга жакын убакыт династиянын формалдуу этносаясий артыкчылыгын сактап турган. Мунун себебин төмөндөгү варианттардан белгилегиле:
I Манчжурлар конфуцийлик маданий каада салтты жакшылап өздөштүрүшкөн
II Манчжурлар бардык иштин өзөгүн түзгөн конфуцийлик окууну кабыл алып гана тим болбостон аны администрациялык чөйрөдө зор ийгилик менен ишке ашырышкан
III Манчжурлардын бийликке келгенден кийин биринчи кезекте ири жер ээлерин жана дин кызматкерлерин колго алышкан
IV Жер ээлерине салык оорчулугун келтирбегендей кылып киреше минимумдарын сактоо жана бардыгына бирдей бөлүштүрүү жолун пайдаланышкан
589 ж Түндүк Вей импеоиясы Түштүк Суй империясына бириктирилет.Ошол мезгилде Түштүк Манчжурияда жашаган чжурчен уруулары Кытай менен соода сатык алакада болгон.XIIк тартып алар Сун империясына каршы узакка созулган согуштарды башташкан.1142ж чжурчендер менен Сун кытайынын ортосунда узак жылдардан бери келе жаткан күрөш бүтүп келишим түзүлөт.Ушул Сун династиясынан кийинки Кытайдын тарыхын “күн бүттү”термини менен белгилешет.”Күн бүттү” деген термин эмнени түшүндүрөт.
А)Сун империясынын монголдордун бороондой буюктурган соккусунан кыйрап калышын
Б) Сун империясын чжурчендерге көз каранды болуп жыл сайын салык түлүп калышкан
В)”Кызыл чеке тангычтардын” көтөрүлүшүнүн натыйжасында монгол үстөмдүгүнүн кулашы
Г) Ли Цзы чен башында турган көтөрүлүшчүлөрдүн 1644ж Пекинди алышып Мин династиясын кулатышын
.Реформациядан кийин Батыш Европа жаны цивилизациянын “европа кереметинин” чордонуна айланышына негизги белгисин тапкыла
А)Реформация женген өлкөлөрдө өнөр жай төнкөрүшү техниканын жана сооданын өнүгүшүнө шарт түзүп капитализмдин женишине ынгайлуу шарт түздү.
Б) Жеке адамга чон жоопкерчилик жүктөлүп ар бир адамдын өзүнүн гана күчүнө ишенүү сезимин пайда кылып , талыкпастан эмгектенүүгө багыт берген
В) Реформация европалыктардын ан сезимине чон таасир тийгизип жаны инсандарды пайда кылган
Г) Реформация жүрүш турушу ак ниет эмгек менен байланыштуу болгон жаны инсандарды жараткан.
XVIк биринчи жарымында Германияда болгон Реформация менен дыйкандар согушунун жүрүшүндө дворяндардын шаар тургундарынын жана дыйкандардын жалпы кызыкчылыктарын кандай талап чагылдырылган?
А)Феодалдык милдеткерликтерди чектөө талабы
Б)Чиркөө салыктарын азайтуу талабы
В)Чиркөө жерлерин тартып алуу талабы
Г)Жалпы катмарга бирдей салык киргизүү талабы
Император Юстиниан Iнин мезгилинде Византия күчтүү мамлекетке айлаган. Юстиниан Iакылдуу тайманбас эрктүү, алысты көрө билген адам болгон. Ал христиан чиркөөсүнө баалуу буюмдады ,жерлерди тартуулап өзүнө тарткан.Ал башкарган мезгилде “Рим укугунун толук жыйнагы”чыккан.Бул маалымат төмөн жакта келтирилген айтымдардын кайсынысына тиешелүү:
А)”Мамлекеттик маселе парламенттик чыгып сүйлөөлөр менен эмес,кан жана канжар менен чечилиши керек”
Б).”Мамлекет бул мен”
В)”Бирдиктүү мамлекет,бирдиктүү мыйзам,бирдиктүү дин”
Г) “Жер мамлекеттин негизи.”
.Тарыхта гүлдөрдүн согушу болгон.Ал эмне болгон согуш,кайсы жерде жана качан болгон?
А)Англия менен Франциянын ортосунда 1337 1453жж согуш.
Б) Англиядагы феодалдык төбөлдөрдүн бийлик үчүн 1455 1485жж согуш
В) Крестүүлөрдүн жакынкы чыгышка 1096 1099жж жасаган жортуулу
Г) Англдардын Ирландиянын түндүк бөлүгүн басып алуу үчүн 1167 1171 жж согушу
.Батыш Европанын сонку орто кылымдар мезгилиндеги саясий картасын аныктаган негизги окуя............ж. тартып ...........чейин созулган ......................согуш болгон.Жогорудагы бош орундарды толтургула.
1096ж тартып 1099ж чейин созулган крестүүлөрдүн согушу болгон.
800ж тартып 880ж чейин созулган Улуу Франк империясын бөлүштүрүү үчүн болгон согуш
1337ж тартып 1453 ж чейин созулган Англия менен Франциянын ортосундагы Жүз жылдык согуш болгон
1209 ж тартып 1229 ж чейин созулган Түштүк Франциянын гүлдөгөн аймактарын жер менен жексен кылган альбигой согушу болгон.
