wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Карышкыр менен түлкү

Total questions: 8

Worksheet time: 20mins

Name
Class
Date
1.

Түлкү кантип келе жатты?

a)

Аюу менен күрөшүп, көңүлү ачык келе жаткан эле.

b)

Кынжыйып, курсагы ачка келе жаткан болчу.

c)

Тыйын чычкан менен жарышып, бышылдап келе жаткан болчу.

2.

Куу түлкү эмнени байкап калды?

a)

капталдан чыга калган коёнду

b)

келе жаткан карышкырды

c)

куйруктун астындагы капканды

3.

Эмне себептен түлкү алыс узап кете албай, капканды айланчыктап жүрө берет?

a)

Ал май куйрукту жегиси келет, бирок сугунайын деп капкандан коркот.

b)

Түлкү карышкырды келетдеп күткөндүктөн, кете албай жүрөт.

c)

Түлкү аюунун ошол жерден кетпегин деген буйругун бузгандан коркот.

4.

Түлкү карышкырды кантип алдады?

a)

“Сага койдун куйругун жедирип, бир тойгузайын деп күтүп отурам”, - дейт.

b)

Сени эле күтүп отурам. Жүрү, коёндун үйүнө баралы”,-деп айтат.

c)

“Менин бутум капканга түштү, келип жардам берчи”, -деп чакырат.

5.

–Ала гой, досум. Сенин ачка жер кезип жүргөнүңдү сезгем, - деп, Түлкү карышкырга эмнени сунуш кылды?

a)

улактын этин

b)

уйдун бөйрөгүн

c)

койдун куйругун

6.

Карышкыр түлкүдөн куйрукту өзү жебей отурганын сураганда, түлкү эмне деп жооп берди?

a)

Мен азыр коёндун этин жеп, абдан тоюп келатам. Аюу да сени жесин деп табыштады, - деп айтат.

b)

 - Азыр рамазан айы. Мен орозомун, - деп жооп берет.

c)

–Менин курсагым ток. Сен болсо ачкасың, досум. Сен жегин, -деп айтат.

7.

“Койдун ­­­­­­­­­­­___________ дегенде карышкырдын ________ жайнай түштү.  (Сүйлөмдү толуктагыла)

a)

куйругу, көзү

b)

майы, бети

c)

жүрөгү, тили

8.

Жомоктогу негизги ойго дал келген макалды тапкыла.

 

a)

Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын арттырат.

b)

Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат.

c)

Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт.