NEW
Font size
WorksheetsТҮЛКҮ МЕНЕН СҮЛӨӨСҮН
Total questions: 8
Worksheet time: 8mins
Сүлөөсүн түлкүгө каерде жолукту?
түлкү суу жээктеп келе жатканда
түлкү карды жиреп басып келе жатканда
калың токойдо жолукту
Сүлөөсүн түлкүдөн эмне жөнүндө сурады?
Терисин кантип жакшынакай, жалтырак кылганы жөнүндө
Кантип үйүн тургузганы тууралуу
Бачикилерин кантип чоңойтуп жаткандыгы жөнүндө
Терисин жалтырак кылуу үчүн түлкү кандай сунуш айтты?
Күн жылуу болгондо, бүт денеңди сууга салып, анан кумга оона.
Жаңы кар жааганда, таманыңды сууга салып, көпкө чейин отур.
Күнү-түнү турбай, музда жатсаң, териң меникиндей болот.
Тоңуп калган сүлөөсүн түлкүгө үшүгөнүн айтканда, түлкүнүн жообу кандай болду?
«Жат, жат, териң калыңдап, жалтырак болосуң».
«Мен азыр келем, сен суудан чыгып тур».
«Үйдөн балта алып келейин, сен чыдай тур».
Сүлөөсүндүн муздан ажырай албаганынын себеби эмнеде?
Муруту музда калып калган эле
Куйругу музга тоңуп калган болчу.
Кулагы муздан чыкпай калган болчу.
(Сүйлөмдү толуктагыла).
«Күнү-түнү ____________ жатсаң, мендей __________ болуп каласың».
кетпей, сулуу
турбай, жалтырак
калбай, таптаза
Сүлөөсүндүн кайсы мүнөзү анын куйруксуз калганын шарттады?
аңкоо, ишенчээк
кайраттуу, тапкыч
акылдуу, кекчил
Жомоктогу ойдун маанисине дал келген элдик ой-пикирди белгилегиле.
Арамзадан ат минбе, пейли тардан тон кийбе.
Бир күн суу ичкен жериңе миң күн салам айт.
Ичи тарды ит кабат.
