Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

АЛТЫН ТАЯК

Total questions: 9

Worksheet time: 9mins

Name
Class
Date
1.

Акылман карыя жаш жоокерлерге кантип таасир этти?

a)

жаштарды урушуп жүрөт

b)

күч-кайрат берип жүрөт

c)

жетине албай кубанып жүрөт

2.

Көп чекиттин ордуна мааниси туура келген сөздү койгула.

Карыя ..... үнөмдөөнү катуу талап кылат.

a)

нанды

b)

азыкты

c)

сууну

3.

Нандын кудурет күчү кандай болчу?

a)

Нандын деми күндөрдүн биринде кошуна хандын үйүнө барууга шарт түздү.

b)

Кээде жоокерлерге бир сындырым нандын жыты бир бел ашарлык дем берет.

c)

Жоокерлердин курсагын тойгузуп, ойдогудай уктатат.

4.

Карыя нандын күкүмүн эмненин арасынан издеп кирет?

a)

жашыл чөптүн арасынан

b)

агып чыккан кичине булактан.

c)

калың кардын арасынан

5.

Эртеси карыянын күкүм нанды таппай калганына эмне себеп болду?

a)

Алар шашылыш сапарга жөнөп калышат.

b)

Түн кирип кеткендиктен таппай калат.

c)

Карыяны жоокерлер чакырып калышат.

6.

«Аманчылык болсо, кайра келе жатканда издеп табам» деп, карыя эмне кылат?

a)

Ошол жерге тегерете таш тизип коюп кетет.

b)

Нандын күкүмү түшкөн жерге аса таягын сайып коёт.

c)

Нандын күкүмү түшкөн жерде бир жоокерди калтырып кетет.

7.

Карыя акылман, боорукер, көп нерсени билген адам болгон экен. Эми бул сапаттарга сен дагы кайсы сапатты кошор элең?

a)

кайраттуулук, жөнөкөйлүк

b)

адилеттүүлүк, мерездик

c)

куулук, кен пейилдүүлүк

8.

Карыя баштаган жоокерлер жортуулдан кайсы мезгилде кайтышат?

a)

күркүрөгөн күздө

b)

кычыраган кышта

c)

жадыраган жазда

9.

Жомоктогу ойду аныктаган макалды белгилегиле.

 

a)

Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.

b)

Тамаксоонун табагы толбойт,

Топуктуунун жаманы болбойт.

c)

Көрбөгөн жердин ой-чуңкуру көп.