Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

АЛДАР КӨСӨӨ ЖАНА ХАНДЫН ВАЗИРИ

Total questions: 8

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Алдар көсөө ордонун ичине киргенде кимдер отурган эле?

a)

Апенди Алдар көсөө менен

b)

Жээренче чечен менен Жаныбек хан вазирлери менен

c)

Толубай сынчы Жаныбек хан менен

2.

Жээренче чечен Жаныбек ханга эмне деп кайрылды?

a)

Алдар көсөө сиздин казынаңыздан алтын уурдап чыгып кетти.

b)

Мени эч ким жыга алчу эмес эле, ушул Алдар көсөө жеңип кетти.

c)

Менин атамдын байлыгын ушул Алдар көсөө алып кеткен.

3.

Жээренче чечендин Алдар көсөөдөн жеңилип калышына себеп болгон кайсы сөз эле?

a)

Балаа адамдын башына тилден келет.

b)

«Алекима салоом, эл жоргосу».

c)

Сенин атаң менин атама көп акча карыз экен.

4.

Хандын вазири хан менен эмне тууралуу убада кылышты?

a)

«Алдар көсөөнүн башын сизге тартуу кылам».

b)

«Мен Алдар көсөөдөн көп акча өндүрөм».

c)

«Алдар көсөөнү мен жеңем».

5.

Вазирдин биринчи суроосунун мазмуну кандай болчу?

a)

Жер ортосу кайсы жер?

b)

Балаа башка кайдан келет?

c)

Акыр заман качан келет?

6.

Вазирге тиешелүү сапаттарды белгиле.

a)

жалкоо, акылдуу

b)

көпкөлөң, кыйынсынган

c)

сөзмөр, уйкучу

7.

Алдар көсөө вазирдин берген суроолорун кандай деп баалайт?

a)

Кыйын жумуш турбайбы.

b)

Оңой жумуш эмес экен.

c)

Арзан эле жумуш турбайбы.

8.

Жомоктогу ойдун маанисине дал келген элдик ой-пикирди белгилегиле.

a)

Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.

b)

Акыл азбайт, билим тозбойт.

c)

Ат аяган жер карайт.