wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Термелүү, толкундар жана Жарык кубулуштары

Total questions: 20

Worksheet time: 10mins

Name
Class
Date
1.

Термелүү мезгили кандай белгиленет?

a)

A

b)

T

c)

B

d)

v

2.

Убакыт бирдигиндеги термелүүнүн саны термелүүнүн .... деп аталат

a)

Термелүү жыштыгы

b)

Термелүү мезгили

c)

Термелүү фазасы

d)

Термелүүнүн амплитудасы деп аталат

3.

Термелүүнүн жыштыгынын СИ системасындагы бирдиги кайсы?

a)

Джоуль

b)

Ленц

c)

Герц

d)

Ватт

4.

Эгер жарык тунук жылмакай бетке түшкөн чагылган нурлар бир жакты көздөй багытталса

a)

Күзгүлүү чагылуу

b)

Чачырап чагылуу

c)

Жөн эле чагылуу

5.

Жарык нурунун бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө өткөндө багытын өзгөртүшү

a)

Жарыктын чагылуусу

b)

Жарыктын сынуусу

c)

Жарыктын жутулуусу

6.

Синус жана косинус закондорунун жардамы менен аныкталуучу термелүүнүн түрү

a)

Тригонометриялык термелүү

b)

Синус-косинустук термелүү

c)

Гармоникалык термелүү

d)

Когеренттүү термелүү

7.

Термелүүнүн кандайдыр бир чөйрөдө (катуу, суюк, газ) таралышы ... деп аталат.

a)

Толкун

b)

Амплитуда

c)

Фаза

8.

Физика илиминде "оптика " сөзүнүн кыргызча мааниси кандай?

a)

Күн

b)

Жарык

c)

Линза

9.

Адам баласы өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү нерселерди кантип көрөт?

a)

Ар бир нерсе тиешелүү жарык бөлүп чыгарат

b)

Адамдын көзүнөн жарык бөлүнүп чыгып, ал предметтерге тийип, анан адамдын көзү көрөт

c)

Жарык нерседен чагылып, анан адамдын көзүнө предмет көрүнөт

10.

Күзгү бетине 45' бурч менен келип түшкөн жарык нуру, андан кайра кандай бурч менен чагылат?

a)

30'

b)

45'

c)

90'

d)

180'

11.

Деңиздин ичинде жүрүп бара жаткан кемеден, деңиз бетине байкоо жүргүзүү үчүн кандай курал пайдаланылат?

a)

Эхолот

b)

Кодоскоп

c)

Дүрбү

d)

Перископ

12.

Жарыктын сынуу бурчу түшүү бурчунан чоң болгон шарт кайсы учурда аткарылат?

a)

Жарык абадан сууга өткөндө

b)

Жарык абадан абага өткөндө

c)

Жарык суудан абага өткөндө

13.

Жарыктын сынуу көрсөткүчү кандай бирдик менен ченелет?

a)

Градус

b)

Н

c)

Па

d)

Бирдиги жок

14.

Призмадан өткөн нур канча жолу сынууга дуушар болот?

a)

1

b)

2

c)

3

d)

4

15.

Призмадан өткөн нур кай тарапты көздөй багыт алат?

a)

Негизин көздөй

b)

Капталын көздөй

c)

Ар тарапты көздөй

d)

Борборун көздөй

16.

Ортоңку бөлүгү эки четки бөлүгүнө караганда чоңураак болгон линза

a)

Иймек линза

b)

Томпок линза

c)

Сфералык линза

d)

Призма түрүндөгү линза

17.

Линзадан өткөн нурлардын чогулган чекити

a)

Борбордук чекит

b)

Линзанын фокусу

c)

Фокус аралыгы

d)

Оптикалык чекит

18.

Иймек линзага жиберилген жарыш жарык нурлары, андан өтүү менен кандай кубулушка кабылышат?

a)

Чогулат

b)

Жарыш өтөт

c)

Чачырайт

d)

Жутулат

19.

Бир толук термелүүгө кеткен убакыты 1 мин 40с болгон маятниктин термелүү жыштыгын аныктагыла

a)

0.01 Гц

b)

0,02 Гц

c)

0,03 Гц

d)

0.04 Гц

20.

Термелүү жыштыгынын мааниси 8 Гц болгон маятниктин термелүү мезгили канчалык?

a)

0.25

b)

0.125

c)

0.52

d)

0.15