NEW
Font size
WorksheetsКыргыз тили ( орфография)
Total questions: 25
Worksheet time: 14mins
Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан жалпы эрежелердин системасы эмне деп аталат?
орфография
орфоэпия
графика
фонетика
Орфография адабий тилдин кайсы формасына мүнөздүү түшүнүк?
диалектилик
поэтикалык
оозеки
жазуу
Кандай сөздөр биригип жазылат?
тарыхый татаал сөздөр, адамдардын, жаныбарлардын татаал энчилүү аттары, лексикалык маанисин жоготкон татаал сөздөр
кош сөздөр, татаал сан атоочтор
татаал этиштер, кошмок сөздөр, географиялык энчилүү аттар
толук маанилүү сөздөр
Унчук, агайын, бүгүн, өйүз деген сөздөр кандай сөздөр?
жөнөкөй сөздөр
кош сөздөр
кыскартылган сөздөр
кошмок сөздөр
Татаал этиш кандай жазылат?
бирге
чогуу
ортосуна дефис коюлуп
бөлөк
Кандай сөздөр дефис аркылуу жазылат?
айрым кош сөздөр
кош сөздөр
түгөйлөрү маанини билдирген кош сөздөр
кошмок сөз тибиндеги географиялык энчилүү аттар, кош сөздүн бардык түрү
Дефис аркылуу жазылуучу сөздөр кайсылар?
Молдо Нияз, ыйкы тыйкы
үрүл бүрүлдө, Чоң Сары Ой
Ысык Көл, мала кызыл
тай талаш, жай баракат
Салтанаттуу деген сөз кандай ташымалданып жазылат?
салт-ан-ат-туу
сал-та-нат-туу
сал-тан-ат-туу
ае-лта-нат-туу
Эки муундан турган сөз ташымалданабы?
ташылбайт
ташылат ө-мүр
ташылат өм-үр
ташылат өмү-р
Кандай сөздөр ташымалданбайт?
баш тамгаларынан кыскартылган жана үч муундуу сөздөр
эки муундуу жана үч муундуу сөздөр
бир муундуу жана баш тамгаларынан кыскартылган сөздөр
муундарынан кыскартылган жана үч муундуу сөздөр
Кандай сөздөр баш тамга менен жазылат?
энчилүү аттар, чекиттен кийинки сүйлөм жана ыр саптары
энчилүү аттар жана жалпы аттар
татаал сөздөр, ыр саптары
чекиттен кийинки сүйлөм жалпы сөздөр
Үч түгөйдөн турган Чет-Кой-Суу деген өңдүү жер-суунун энчилүү аттары кандай жазылат?
эки түгөйү баш тамга менен башталат
бир эле түгөйү баш тамга менен башталат
үч түгөйү тең баш тамга менен башталып, ортосуна дефис коюлат
үч түгөйү тең баш тамга менен башталып, ортосуна сызыкча коюлат
Сөз мүчөлөрүнүн бир нече вариантта өзгөрү жазылышы эмнеге негизделген?
уңгудагы үндүүгө
уңгунун аяккы муунундагы үндүүгө, үнсүзгө
уңгудагы сөздөргө
уңгудагы үнсүздөргө
Кайсы сөздөр туура жазылган?
кашты, гашты, отусча
чынбы, комусчу, туссуз
отузча, тузсуз, качты
жыгашчы, жыгаччы, чымбы
Нанга, наңга деген сөздөрдүн айтылышы менен жазылышында айырма барбы, алар кандай жазылышы керек?
бар, наңга түрүндө
бар, нанга түрүндө
жок, ар кандай жазыла берет
ч тыбышы жалаң туура жазылган сөздөрдү белгиле
аччы, ушчу, кешчи, жыгаччы
аччы, уччу, чеччи, кеччи
аччы, жыгашчы, өшчү, кошчу
бештей, ашты, өчтү, жыгаччы
Кайсы катардагы сөздүн жазылышынын эки варианты тең туура?
пут-бут
баятан-байтан
баштаар-баштар
моюнум-мойнум
Кайсы катардагы сөз дефис менен жазылышы керек?
бала бакча, беш жүз
2- жыл, 2 орун
үй бүлө, ата эне
көк борү, ден соолук
Кайсы катардагы создөргө уланган мүчөлөр туура жазылган?
налогту, мурунтан
багажка, көмөчдө
кышкы, жайгы
келгис, көргүс
Кайсы варианттагы сөздүн мүчөсү жаңы маанидеги сөз жасады?
жазгы
жазда
жазды
жазы
Кайсы катардагы кыскартылган сөзгө мүчө туура уланган?
РФге
КМШнин
КУУда
БГУне
Кайсы варианттагы тамгаларды ирети менен койсок, сөздөр туура жазылган болот?
кө...сүз, сүйлө...бө, мөндүр...үү
с,м,д
з,н,л
с,н,д
з,м,л
Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?
Чаткал, көкөмерен, бакажалбырак
Чатыркөл, ишенимгат, ай балта
Ат-Башы, кызыл ашык, ой- санаа
Талды Суу, алыс-жакын, курч мүнөз
Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык ката бар?
Апасы түрлөп тамак жасайт.
Эжеңин маанайы жоктой го.
Айнура такылдап сүйлөдү.
Жаз келип, эгин себип баштады.
Кайсы катардагы сөздөр дефис аркылуу жазылат?
бака жалбырак, бала бакча, атыр самын
чаң тополоң, жүрүм турум, каада салт
Молдо Кылыч, кара курт
Кеңкол, балык чарбасы
