NEW
Font size
Worksheets9-кл. 45-52
Total questions: 21
Worksheet time: 11mins
Ар кандай жылуу нерселер өзүнөн кандай нурларды чыгарат?
ультра кызгылт- көк
инфракызыл
ультра көк
кызгылт- көк
Нерселердин жарык нурлануусун изилдеп, энергиясын жоготуп, температурасы төмөндөй тургандыгын аныктаган окумуштуу?
И.Ньютон
Г.Герц
А.Эйнштейн
М.Планк
Фотондун энергиясын аныктаган формула?
E = h⋅ν
E = h⋅λ
E = νh
E = h⋅υ
Планк турактуулугу канчага барабар?
6,63⋅10−34Дж⋅с
6,63⋅10−34 м2H
6,65⋅10−30Дж⋅с
6,63⋅10−34 сДж
Фотондун энергиясы эмнеден көз каранды?
толкундун узундугуна
нурлануу жыштыгына
энергияга
температурага
Резерфорд түзгөн модель эмнени түшүндүрө алган эмес?
электрондордун айлануусун
ядронун курамын
электрондордун санын
атомдордун нурдануусун
Электрондор ядронун айланасында айлана боюнча кыймылдоо менен ...... ?
энергиясын көз- ачып жумгуча жоготот
борборго умтулуучу ылдамданууга ээ болот
массасы акырындык менен азаят
ылдамдыгы байкалаарлык азаят
Электрондор ядронун айланасында айланып, ........?
нурданат
жутулат
ийилет
чагылат
Атомдун түзүлүшүнө өзүнүн идеясын постулат түрүндө киргизген окумуштуу?
Резерфорд
Планк
Паули
Бор
Бордун 2- постулаты?
электрондор ядронун айланасында айлана боюнча кыймылдайт
борборго умтулуучу ылдамданууга ээ болгон электрондор электр- магниттик нурланууну чыгарат
нурлануудагы спектрлерди ажыратууга мүмкүн эмес
атом бир кванттык абалдан 2-сине өтүп, электр- магниттик энергиянын квантын жутат же чыгарат
Спектр сөзүнүн кыргызча мааниси?
элес
түс
көлөкө
жарык
Сырткы электрондук катмарында бир электрону болгон атомдор касиеттери боюнча кайсы элементтин атомуна окшош?
гелий
литий
суутек
дейтерий
Элементтердин катар номери эмнени түшүндүрөт?
атомдогу протон, нейтрондун санына дал келет
атомдогу электрон, протондун санына туура келет
атомдун ядродогу протон, нейтрондун санына жараша
атомдук массанын өлчөмүнө байланыштуу
Элементтердин группага бөлүнүшү эмнеге байланыштуу?
атомдордун сырткы орбиталарда жайгашкан электрондордун санына жараша
электрондор канча орбитада жайгашканына жараша
электрондордун санына жараша
электрон, протондун санына туура келет
Химиялык элементтердин салыштырма атомдук массасы эмнеге жараша өзгөрөт?
элементтердин электронунун санына барабар
элементтин ядросундагы протон, нейтрондун санына барабар
элементтин протон, нейтрон, электронуна барабар
элементтин протон, электронунун санына барабар
”Лазер” сөзүнүн кыргызча чечмелениши?
аргасыз нурлануунун жардамы менен жарыкты күчөтүү
кошумча булактар аркылуу жарыкты күчөтүү
аргасыз нурланнунун таасиринде жарык күчүн күчөтүү
линзалардын жардамы менен жарыкты күчөтүү
Лазер дагы кандай аталышка ээ?
оптикалык генератор
оптикалык кванттык генератор
оптикалык башкы генератор
Эң алгачкы лазер нуру алынган кристалл?
гранит
алмаз
графит
рубин
Лазер нурунун өнүгүшү менен пайда болгон физиканын илиминин тармагы?
оптика
кванттык физика
голография
ядролук физика
Рентгендин 1- түтүкчөсү кайсы өлкөдө, кайсы шаарда сакталган?
Германия, Берлин
Франция, Париж
Англия, Лондон
Германия, Вюрзбург
Рентген нурунун толкун узундугу эмнеге көз каранды?
чыңалууга
жумшак рентген нуруна
электрондун ылдамдыгына
электрондун санына
