NEW
Font size
WorksheetsЖыпариза
Total questions: 10
Worksheet time: 5mins
1.Сүйлөмдү сырдык сөздөрдү колдонуу менен толукта.
......, Гулсары зуу өтө бергенде, келиндердин жүздөрү, күлмүңдөгөн көздөрү Танабайдын көз алдынан учуп өтөт. --- ......, жылкычы жигит токто! - деп, арт жагынан шыңкылдаган күлкү чыгат
Бах/апей
Аттиң/ай
Ботом/кош
Кап/ой
2. Ички сезимди билдирүүчү сырдык сөз катышкан сүйлөмдү белгиле.
"Алдей -алдей, алтын" - деп, балабызды сүйөрбүз.
Так - так, так! - деп, Мурат жумшак үнү менен аттарын эркелетти.
Пай, пай, ушундай да түн болобу! - деди Танабай өз ичинен.
3.Сырдык сөз кайсы сөз түркүмүнө кирет?
Өзгөчө
Кызматчы
Маани берүүчү
4.Сырдык сөз лексикалык маанини билдиреби?
Билдирет
Кээде билдирет
Билдирбейт
5.Эркти билдирүүчү сырдык сөздөрдүн катарын белгиле.
Бар болунуз, оомийин, эсенсизби,тынч.
кайыр кош, жакшы турасызбы, кокуй, ураа.
арбаңыз, саламатсызбы, ырахмат, бах.
алдей - алдей, тынч, кыруу кыруу, чу чу
6.Кайсы катардагы сырдык сөздөр ката жазылган.
Пай - пай, кокуй күн, чиркин ай, ай - ий.
Чойчой, апейботом, мыймый, арман күн.
Кыруу - кыруу, ак чүч, ассалоому алейкум
7. Сырдык сөз кайсыл учурда ээлик, аныктоочтук, толуктоочтук милдет аткарат?
Сырдык сөздөргө сөз өзгөртүүчү мүчөлөр уланып, заттык мааниде колдонулганда.
Сырдык сөздөр кош сөз катары келгенде.
Сырдык сөз сүйлөмдүн ортосунда келгенде.
8.Сырдык сөз аныктоочтук милдет аткарган сүйлөмду белгиле.
Биз ырахматты көп уктук.
Чиркиндин сыры эми ачылды.
Шумдуктун шумдугу бар.
9. Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү белгиле
Ботом кайсы Дүйшөндү айтып жатасыңар?
Иштегениңерге, баракелде, жигиттер!
Жакшы окуган экенсиңер балдар баракелде.
10. Сырдык сөз маанисине карай канчага бөлүнөт?
3
2
4
