wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Кыргыз тили аралаш суроолор

Total questions: 30

Worksheet time: 15mins

Name
Class
Date
1.

Синонимдер деп ... аталат

a)

Айтылышы, тыбыштык түзүлүшү ар башка болуп,мааниси бири-бирине өтө жакын болгон сөздөр

b)

Бир сөздүн көп мааниде колдонулушу

c)

Айтылышы, жазылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр

d)

Бир тилдеги,бирдей маанилүү сөздөрдү изилдөөчү тармагы

2.

Адегенде ошонун өзүн түшүндүрчү? Көмүскөдө калган сүйлөм ээси

a)

Ал

b)

Биз

c)

Силер

d)

Сен

3.

Уңгу ...

a)

Сөздүн маани берип турган эң кичине бирдиги

b)

Сөздүн негизи

c)

Эң маанилүү сөз айкашы

d)

Тыбыштардын жыйындысы

4.

Маанилик жактан андан ары бөлүнбөй турган сөздүн түпкү бөлүгү

a)

Муун

b)

Морфема

c)

Уңгу

d)

Мүчө

5.

Колдонуудан чыгып, эскирген сөздөр

a)

Диалектилик сөздөр

b)

Говорлор жана жаргон сөздөр

c)

Неологизмдер

d)

Историзмдер, архаизмдер

6.

Кыргыз тилиндеги диалектилердин бөлүнүшү

a)

Түндүк, Батыш,Чыгыш

b)

Түштүк,Батыш

c)

Түштүк,Чыгыш

d)

Түндүк, Түштүк

7.

Архаизм сөздөр

a)

Күкүрт, тукум,жувалдыз,гөш

b)

Кандагай,ак олпок,үртүк,торко

c)

Челек,чылапчын,пийала,чачык

d)

Автобекет,аялдама,пайыз

8.

Чын атоочтун синтаксистик кызматы

a)

Аныктоочтук,баяндоочтук милдет аткарат

b)

Баш мүчөлүк гана кызмат аткарат

c)

Айкындоочтук гана милдет аткарат

d)

Эч кандай кызмат аткара албайт

9.

"Кылмышкер" сөздүн жасалыш жолу

a)

Морфологиялык

b)

Синтаксистик

c)

Фонетикалык

d)

Лексикалык

10.

Татаал сөз

a)

Жогорку окуу жайы

b)

Бала-чака

c)

Өнөр жай

d)

Баары эле татаал сөз

11.

"Биттин ичегисине кан куйган". Фразеологизмдин мааниси

a)

Кичинекей

b)

Тың

c)

Ачуулуу

d)

Тынчы жок

12.

Фразеологизмди тап

a)

Чачын тароо

b)

Кесип алса кан чыкпайт

c)

Бала -бакыра

d)

Жолборс жүрөк

13.

Кептин сүрөттөө тибине мүнөздүү стили

a)

Илимий

b)

Публицистикалык

c)

Көркөм

d)

Оозеки сүйлөө

14.

Байламталардын сүйлөмдө аткарган милдети

a)

Сөз менен сөздү гана байланыштырат

b)

Кошумча маани берет

c)

Сүйлөм менен сүйлөмдү гана байланыштырат

d)

Сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат

15.

Грамматиканын бөлүмдөрү

a)

Лексикология,фразеология

b)

Морфология,синтаксис

c)

Графика, орфография

d)

Орфоэпия,фразеология

16.

Тексттин эң кичине бирдиги

a)

Сүйлөм

b)

Абзац

c)

Микротема

d)

Сөз

17.

Бир тутумдуу сүйлөм...

a)

Жалаң гана баш мүчөлөрдөн турган сүйлөм

b)

Жалаң гана айкындооч мүчөлөр жөн турган сүйлөм

c)

Бир гана баш мүчөдөн турган сүйлөм

d)

Эки баш мүчөдөн турган сүйлөм

18.

Сөз жасоочу мүчө уңгу менен бирге сөздүн негизги бөлүгү катары...

a)

Эсептелинет

b)

Эсептелинбейт

19.

Туура жазылган сөздөр

a)

Күчсүз,күштүү,омбу

b)

Күчсүз, күчтүү,онбу

c)

Ишчи,цыркке, машина

d)

Ашчы,учбу,түңкү

20.

Сууга түшкөн ... . Фразеологизмди толуктагыла

a)

Эчкидей

b)

Суурдай

c)

Чымындай

d)

Чычкандай

21.

Колу туткак деген Фразеологизмдин мааниси

a)

Уурулук жайы бар адам

b)

Эки жүздүүлүк

c)

Тың,бышык

d)

Арам

22.

Эшек такалоо деген Фразеологизмдин мааниси

a)

Тынбай иштөө

b)

Эч нерсе кылбоо

c)

Мал багуу

d)

Бирөө менен жолугуу

23.

Этек-жеңин үзө басып Роза үйгө кирди.Роза кандай абалда үйгө кирди?

a)

Шашпай

b)

Шашып

24.

Ысык-Көлдүн ортосунда эмне бар?

a)

Балык

b)

Кайык

c)

Тире(дефис)

d)

Арал

25.

Суунун астынан кандай таш ала албайбыз?

a)

Чоң

b)

Кичине

c)

Кургак

d)

Баалуу

26.

Бир кг таш оорбу же бир кг кебез оорбу?

a)

Таш

b)

Кебез

c)

Тең

d)

Андай болбойт

27.

Үкү эмненин символу?

a)

Тынчтыктын

b)

Акылмандуулуктун

c)

Эркиндиктин

d)

Сүйүүнүн

28.

Жалкоого ... көп.Макалды толукта

a)

Уйку

b)

Тамак

c)

Шылтоо

d)

Уруш

29.

Көк серек деген сөздүн синоними

a)

Карышкыр

b)

Түлкү

c)

Уй

d)

Кой

30.

Акыранын орусчасы

a)

Пингвин

b)

Жираф

c)

Енот

d)

Маймыл