Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Татаал сүйлөм 11-класс

Total questions: 24

Worksheet time: 12mins

Name
Class
Date
1.

Адамдын ички сезимин билдирген же айбанатка карата айтылган сөздөрдүн сөз түркүмү.

a)

Тууранды сөз

b)

Кызматчы сөз

c)

Сырдык сөз

d)

Тактоочтор

2.

Сырдык сөздүн сүйлөм тутумундагы сүйлөм мүчөсүнүн милдети.

a)

Ээнин

b)

Баяндоочтун

c)

Айкындооч мүчөлөрдүн

d)

Сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт

3.

Сырдык сөздөр

a)

Өңчөй-өңчөй,илең-салаң

b)

Пай-пай,так-так,бали

c)

Тез-тез,өйдө-төмөн

d)

Бака-шака,келер-кетер

4.

Бир тутумдуу сүйлөм деген...

a)

Жалаң гана баш мүчөлөрдөн турган сүйлөм

b)

Жалаң гана айкындооч мүчөлөрдөн турган сүйлөм

c)

Бир гана баш мүчөдөн турган сүйлөм

d)

Эки баш мүчөдөн турган сүйлөм

5.

Бир составдык сүйлөм деген ...

a)

Жөнөкөй сүйлөм

b)

Суроолуу сүйлөм

c)

Бир гана баш мүчөлүү сүйлөм

d)

Илептүү сүйлөм

6.

Эки тутумдуу сүйлөмдүн грамматикалык негизи

a)

Сүйлөм мүчөлөрү

b)

Сүйлөмдүн ээси

c)

Сүйлөмдүн баяндоочу

d)

Баш мүчөлөр

7.

Эки составдык сүйлөм.

a)

Баш мүчөлөрдүн тутумунда татаал сөздөр болгон сүйлөмдөр

b)

Баш мүчөсү жок сүйлөм

c)

Ээси да,баяндоочу да бар сүйлөм

d)

Созулма,жоон

8.

Биздин урпагыбыз булар:достук,тынчтык,бир туугандык.Сүйлөмдөгү жалпылагыч сөз.

a)

Достук, тынчтык,бир туугандык

b)

Булар

c)

Урааныбыз

d)

Биздин урааныбыз

9.

Тең жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп бөлүнүү себеби

a)

Жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү структурага байланыштуу

b)

Жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү баяндоочтук формаларга байланыштуу

c)

Жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү ээ менен баяндоочко байланыштуу

d)

Жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү маанилик байланышка жана байланышуу өзгөчөлүгүнө карата

10.

Татаал сүйлөмдүн түрлөрү

a)

Баяндоочтору ойду тыянактуу бүтүргөн түрү

b)

Татаал ойду билдирген түрү

c)

Тең байланыштагы,багыныңкы байланыштагы

d)

Баш сүйлөм жана багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү

11.

Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосундагы маанилик карым-катышка жана байланыш өзгөчөлүгүнө карай татаал сүйлөмдүн бөлүнүшү

a)

Багыныңкы жана байламтасыз

b)

Тең байланыштагы, багыныңкы байланыштагы

c)

Тең байланыштагы жана байламталуу

d)

Багыныңкы байланыштагы жана байламталуу

12.

Татаал сүйлөмдүн тутумунда негизги ойду билдирип турган бөлүгү

a)

Ээ

b)

Баш сүйлөм

c)

Багынычсыз сүйлөм

d)

Багыныңкы сүйлөм

13.

Тең байланыштагы татаал сүйлөм

a)

Маани жагынан бирдей,багынбаган сүйлөмдөр

b)

Маани жагынан себеп-натыйжалаш сүйлөмдөр

c)

Карама-каршы маанидеги көз каранды сүйлөмдөр

d)

Маани жагынан байланышпаган сүйлөмдөрдүн тизмеги

14.

Тең байланыштагы салыштырма татаал сүйлөм

a)

Кылыч жарасы бүтөт,тил жарасы бүтпөйт

b)

Күз-күрөш,жаз-жарыш

c)

Баатыр өлөт,артында баркы калат

d)

Кармашуу катуу болду,көбү өлдү, көбү качып кетти

15.

Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм

a)

Ат мүдүрүлүп,Ажар үстүнөн учуп түштү

b)

Акын дегдейт, жүрөгү дүкүлдөйт,көңүлү көтөрүлөт

c)

Оору кетсе,адат кетпейт

d)

Таң атып,жер бети кыймылга келди

16.

Мезгил багыныңкы сүйлөм ... билдирет

a)

Баш сүйлөмдөгү ойдун кырдаал менен болгон байланышын

b)

Баш сүйлөмдөгү ойдун убакыт менен болгон байланышын

c)

Баш сүйлөмдөгү ойдун ар кандай маанисин

d)

Баш сүйлөмдөгү ойдун ар түрдүү милдетин

17.

Эмне үчүн, эмнеликтен деген суроого жооп берген сүйлөм ...

a)

Себеп татаал сүйлөм

b)

Себеп сүйлөм

c)

Себеп баш сүйлөм

d)

Себеп багыныңкы сүйлөм

18.

Максат багыныңкы сүйлөм

a)

Ал келгенче,биз бардык ишти бүтүрүп койдук

b)

Тартип кайда болсо,жеңиш да ошол жерде

c)

Шаарга эрте жетейин деп,мен бүгүн жолго эрте чыктым

d)

Сен келбей,иш бүтпөй калды

19.

Ынтымак болбой,иш болбойт

a)

Орун багыныңкы

b)

Шарттуу багыныңкы

c)

Мезгил багыныңкы

d)

Себеп багыныңкы

20.

Карама-каршы багыныңкы сүйлөм

a)

Талант үйгө келсе, үйдүн ичи караңгы

b)

Адам зарын адам гана укпаса,башка эч ким укпайт

c)

Асмандан балкып күн тийсе,астындагы кар эрийт

d)

Дыйканчылык көп болсо,жердин гүлү ачылат

21.

Командир мындайча турган солдаттын оюн биле койгонсуп,ал дароо эле анын суроосун канааттандырды.Багыныңкы сүйлөмдүн түрү

a)

Өлчөм

b)

Сыпат

c)

Салыштырма

d)

Мезгил

22.

Бай канчалык байыган сайын,алар ошончолук битир болот деген тура.Багыныңкы сүйлөмдүн түрү

a)

Салыштырма

b)

Орун

c)

Мезгил

d)

Максат

23.

Орун багыныңкы сүйлөм

a)

Арыктын боюна келип отурдум

b)

Ырыс да бар,Ынтымак бар жерде

c)

Көздөрү жайнап, жүздөрүнөн нур төгүлөт

d)

Гүлдөр жайнап, булбул сайрап турат тышта

24.

Менин ырларымды эл канчалык сүйсө,мен элге ошончолук кызмат кылам

a)

Салыштырма багыныңкы сүйлөм

b)

Сан-өлчөм багыныңкы сүйлөм

c)

Сын-сыпат багыныңкы сүйлөм

d)

Тең байланыштагы сүйлөм