Font size
WorksheetsЧ. Айтматов "Атадан калган туяк"
Total questions: 40
Worksheet time: 10mins
Чыңгыз Айтматов "Атадан калган туяк" аңгемесин канчанчы жылы жазган?
1965-жыл
1968-жыл
1959-жыл
1964-жыл
Авалбек атасын биринчи жолу кайсыл жерден көрдү?
Үйүнөн
эл арасынан
кинодон
түшүнөн
Кино эмне жөнүндө болчу?
жүн кыркуу жөнүндө
Атасы жөнүндө
Согуш жөнүндө
Мекен жөнүндө
Жээнгүл эмне кызмат кылган?
Телефонистка
Чебер
дыйкан
саанчы
Чыгарманын аягы эмне менен бүтөт?
Атасын тапты
Атасы согуштан кайтат
Апасы кинодон ээрчитип кетет
Атасынын согушта өлгөнүн угат
Аңгемедеги баш каармандын аты ким?
Авалбек
Нургазы
Токтосун
Акылбек
Баш каармандын атасынын аты ким?
Токтосун
Бактыбек
Айтбек
Жээнбек
Чыгарма кайсы жанрда жазылган?
повесть
поэма
новелла
Аңгеме
Авалбек кыркынга эмне үчүн келчү эле?
Анткени аны караганга киши жок
Ал үйгө калгысы келчү эмес
Достору ошол жерде болчу
Апасынын жанында болгусу келген
Кой кыркында Авалбектин апасы эмне кылчу?
Кыркындагыларга тамак жасачу
Койдун жүнүн кыркчу
Ал жерде иштечү эмес
Баласын караганы гана барчу
Авалбек менен Жээнгүл кинону кайсы жерден көрүштү?
Кашардан
Клубдан
Кинотеатрдан
Кино машиненин ичинен
Кинодогу замбирекчилер канчоо эле?
7-8
5-6
10-11
2-3
Кинодогу башкы каарман чындыгында ким болчу?
Артист болчу
Атасы болчу
Башка баланын атасы болчу
Кино көрүп отургандар айласыздан эмне үчүн дуу жарылып күлүп жиберишти?
Кино күлкүлүү болгон үчүн
Авалбектин атасынын кандай окко учкандыгын көрсөтүп бергендиги үчүн
Авлбектин кинону көрүп ыйлап жатканынан
Авалбек өзү курдаш балдар менен урушуп жатканына
"Ошол сенин атаң" - деген сөздү Авалбекке ким айткан?
Кошунасы
Кино көрүп жаткандар
Апасы
Абышка
Авалбек кинодогу атасын эмне деп сүрөп жатты?
"Ата, бол эртерээк! Бол. Биртике эле калды"
"Ата, согушту жеңебиз"
"Менин атам замбирекчи"
"Көрдүңөрбү менин атамдын өлгөнүн"
Сүйлөмдү толукта. Аны элден мурун эле Авалбек көрүп, _______ жарылып кете жаздады.
жүрөгү
оозу
өпкөсү
мурду
Кашардын дубалына илинген эмненин үстүндө кым-куут салгылашуу жайнап жатып калды?
Киноаппараттын
Дубалдын
Аппак кездеменин
Кино көргөзүүчү экрандын
Аңгемеде Авалбек кинодон кийин эмнеге көзү жетти деп айтылат?
Согуштун оюнчук эмес экенин жана кулаганы тамаша эмес экенине көзү жетти.
Кинодогу киши атасы экенине көзү жетти
Кинодогу атасы эмес экенине көзү жетти
Кино - согуш жөнүндө экендигине көзү жетти
- Кино келди! Тигинекей кино келди! - деп, балдардан мурда озунуп, Авалбек кимдерге кабар берди?
Элдерге
Айылга
Кыркынчыларга
Жаш балдарга
Кинодо ким Авалбектин атасы болду?
Замбирекчи
пулемотчу
танкист
фашист
Чындыгында Авалбектин өзүнүн атасы эмне болгон же кайда?
Атасы согушта каза болгон
Атасы кинодо аткарып жүрөт
Апасы менен ажырашып кетишкен
Атасынын эмне болгону белгисиз
Чыгармада эмне болгон чындык жөнүндө сөз болот?
Кинодо чагылдырылып жаткан согуштун калп эмес экендиги жөнүндө
Кинодогу башкы каармандын чындыгында өлгөндүгү жөнүндө
Кинодогу башкы каарман Авалбектин атасы эмес экендиги тууралуу
Жээнгүлдүн баласына айткан чындыгы жөнүндө
Аңгемедеги чындыкты ким айтты?
Энеси
Чал
балдардын бири
бир аял
"Атадан калган туяк" аңгемесинде эмгек процессиндеги кайсы учур сүрөттөлөт?
чөп чабуу
эгин жыйноо
кой кыркуу
төл алуу
"Туяк" деген сөздүн канча мааниси бар жана ал кандай сөздүн катарын толуктайт?
Эки мааниси бар. (синоним)
Эки мааниси бар. (омоним)
Үч мааниси бар. (Антоним)
Үч мааниси бар. (синоним)
Эмнеге чыгарма "Атадан калган туяк" деп аталган?
Анткени Авалбек эркек уул болгон үчүн
Анткени атасынан жалгыз туяк ат калганы үчүн
Минген ат мманисинде
Авалбектин башка бир туугандары жок болгондуктан
Жазуучу ушул чыгарма менен эмнени бергиси келген?
Согуштун канкор экендигин ачыкка чыгаруу негизги маселе катары көтөрүлдү
Авалбектин атасын жок дегенде кинодон көрүп калгандыгын берди
Ошол учурда жашоо аябай кыйын болгондугун айткысы келген
Атасы өлсө да артында уулу калгандыгын айткысы келген
Баланын трагедиясы -
согуш алып келген- трагедия
кино алып келген - трагедия
Апасынын атасын кинодон көрсөткөндүгү - таргедия
Элдердин кинодогу атасы экендигине ишенбей койгондугу
"Атадан калган туяк" чыгармасы жөнүндө кандай аталышта кино тартылган?
"Атадан калган туяк"
"Солдатенок"
"Авалбек"
"Кино - согуш жөнүндө"
"Кашар" деген эмне?
Мал баккан жай
Кичинекей айыл
Жылкы камай турган короо
Айыл деген эле мааниде
"Атадан калган туяк" чыгармасы биринчи кайсы тилде жазылган?
Кыргызча
Орусча
Экөө бирдей
Авалбек канча жаштагы бала болчу?
4-5
5-6
6-7
7-8
Чыгармада кайсы согуш жөнүндө сөз болот?
Улуу Ата Мекендик согуш
Үркүн
Биринчи дүйнөлүк согуш
Октябрь төңкөрүшү
Баланын апасы эмне максатта "Тигиногу сенин атаң" -деп кинодогу кишини көрсөттү?
Атасына окшош экендигин билип жүрсүн деген ойдо
Ата дегенди билбеген чунак бала, жок дегенде кинодон элестетип калсын деген ойдо
Атасынын өмүрү киного тартылып калганын көрсөткүсү келди
Чындыгында атасы ошол кинодогу адам экенин билсин деди
Авалбектин атасынын сүрөтү кайсы жерде илинип турчу?
Кашарда
Эстеликте
үйдө айнектин астында
Ал атасынын сүрөтүн көргөн эмес
Эмне үчүн Авалбек кинодо атасынын өлгөнүнө ыйлабай, тескерисинче элдин баарына жар салып, "-Балдар, менин атамдын өлгөнүн көрдүңөрбү" - деп кыйкырды?
Анткени атасынын ушунчалык кан майданда баатырларча согушуп өлгөнүнө сыймыктанды
Кинодон атасын тапканын жар салып айткысы келди
Эч кимдин мындай атасы жок деген ойдо айтты
Апасы айт деп үйрөткөн
Авалбектин жашоосун жан дүнөсүн эмне өзгөрттү?
Эч нерсе
согуш
кино
энесинин сөзү
Чыгармадагы окуя эмнеден башталды жана өнүктү, жыйынтыкталды?
Баары кинодон
Баары согуштан
Кашардан
Окуя жыйынтыкталган жок
Жазуучунун өмүр жолу менен Авалбектин жашоосунун окшоштугу барбы?
Жок, себеби жазуучу кыркында болгон эмес
Экөөнүн атасына болгон сагынычы окшоштук болушу мүмкүн
Жазуучунун апасы антип айткан эмес
Жазуучунун атасы согушка барган эмес
