Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Билим-бакыт канаты

Total questions: 30

Worksheet time: 15mins

Name
Class
Date
1.

Дүйшөн агайдын Назарбаев университетинде жумушка кабыл алынганына негизги себеп эмне болду?

a)

дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын биринен илим жактаганы

b)

орус жана казак тилдерин жакшы билгендиги

c)

тааныш билиш жардамы себеп болду

d)

кыргыз жана казак жакын эл болуп маданий жакындыгы

2.

Дүйшөн агай жогорку окуу жайга тапшырып келген соң, айылдагылар "Эмне үчүн чет тилдер факультетин тандадың" деп сурашканда эмне деп жооп берген?

a)

"Чет тилин үйрөнүп, келечекте дүйнө кыдырам"-деп жооп берген

b)

"Төлөгөн агайымдай болуп англис тилин үйрөнөм"-деп жооп берген

c)

"Мугалим болом деген кыялым орундалды"-деп жооп берген

d)

"Англис тил-дүйнөлүк тил. Аны билсем Америкада же Канадада окуймун"-деп жооп берген

3.

Австралиялык профессор Роберт Бейкер автордун илимий жетекчиси. Анын мыкты жетекчи катары кандай артыкчылыгы болгон?

a)

Изилдөө жүргүзүп, Нобель сыйлыгынын ээси болгон.

b)

Өз шакиртин ээрчитип дүйнө кыдырган.

c)

Адамдарга бирдей мамиле кылган жардам берген.

d)

Ал өтө күчтүү адис болуп, абдан көп тилде эркин сүйлөгөн

4.

Китепте тарбиянын жакшы жолдору деп кайсылар айтылат?

a)

Балага кийгилишпөө

b)

Баарлашуу жана түшүнүүгө аракет кылуу

c)

Балдарды тыюу, жазалоо, күч колдонуу менен тарбиялоо

d)

Көзөмөл жана башкаруу

5.

Ишкерлик боюнча өткөн семинарда эки катышуучу эмнеге ой бөлүшпөй, үн чыпай олтурушту?

a)

Ошол күнү маанайлары жок болчу.

b)

Акырында айтабыз деди, бирок убакыт жетишпей калды.

c)

Башкалардын алдында сүйлөгөндөн тартынышты.

d)

Эгерде айтып койсок, башкалар үйрөнүп алышат деп коркту.

6.

Өзүн-өзү өнүктүрүүгө эң чон тоскоолдук эмне болуш мүмкүн?

a)

Убакыттын тардыгы.

b)

Каражаттын аздыгы жана турмуштук жагдай.

c)

Башка адамдардын жолтоо болуусу, уруксат бербегендиги.

d)

Мен баарын билем деген текеберчилик.

7.

2020-жыл 7-февраль Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы КМУнун китепканасында Дүйшөн агай кандай иш -чарага катышкан?

a)

Докторлук диссертациясын жактаган.

b)

Англис тилинен кыргыз тилине которулган китептердин бет ачары болгон.

c)

PIZAнын жыйынтыктары боюнча талкуу болгон.

d)

Окуу жайынын жамааты менен жолугушуу болгон.

8.

Паси Сальбергдин "Фин керемети" китебинде кандай маселе каралат?

a)

Билим берүү саясаты кандай болушу керек?

b)

Мугалимдер өздөрү мыкты адис болуу үчүн эмне кылуу керек?

c)

Китеп окууну жолго коюу керекпи?

d)

Кантип өзүбүзгө аброй алып келебиз?

9.

Тимоти Уолкердин "Финдердей окуталы" деген китебинде кандай маселе каралат?

a)

Билим берүү саясаты кандай болушу керек?

b)

Китеп окууну жолго коюу керекпи?

c)

Кантип өзүбүзгө аброй алып келебиз?

d)

Мугалимдер өздөрү мыкты адис болуу үчүн эмне кылуусу керек?

10.

Финдердей ийгиликке жетүү үчүн эмнеге мүмкүн эместиги айтылат?

a)

Алардын ийгиликтерин окуп түшүнүүгө мүмкүн эместиги.

b)

Билим берүү туристтерин тез-тез уюштуруу мүмкүн эмес.

c)

Алардын тажрыйбасын курулай көчүрүү мүмкүн эмес.

d)

Билим берүү системасындагы калыстыкка жетишүү мүмкүн эмес.

11.

Финляндиянын билим берүү системасындагы эң чоң жетишкендиги

a)

Билим берүү системасындагы калысттык жана теңдик

b)

Мугалимдерге адистердей мамиле жасашы

c)

Билим көрсөткүчүнүн эң жогору болушу

d)

Айыл жана шаар жериндеги мектептердин ортосундагы ажырымдын байкалбагандыгы

12.

Билим берүү - бул

a)

тынымсыз изденүү, чексиз чыгармачылык

b)

Кызыктуу сабак өтүү

c)

Билгенин башкалар менен бөлүшүү

d)

Жаңы технологиялардын негизинде эффективдүү окутуу

13.

"Караңгылыктын чыгымы билимге жумшагандан кымбатка түшөт"

a)

Дүйшөн Шаматов

b)

Дүйшөн агайдын докторлук диссертациясынын жетекчиси Деннис Тиссен

c)

Австриялык профессор Роберт Бейкер

d)

Торонто университетиндеги белгилүү аалым Стивен Андерсон

14.

Эринбестен аракет кылуу, бой көтөрбөө, проблемаларды досубуз деп таануу, өзүн өнүктүрүүдө убакыт менен каражатты аябоо эрежелери эмне себептен түзүлгөн?

a)

Докторлук диссертацияны жазууда

b)

Дүйнөдөгү эң күчтүү профессорлордон сабак алганда үйрөнгөн

c)

Идеяларды өнүктүрүп, инсан катары өсүштү токтотпоо үчүн түзүлгөн эрежелер

d)

Канадага келип билим алганда үйрөнгөн

15.

СССР мезгилиндеги эң абройлуу кызматка тез көтөрүлүүчү факультет?

a)

орус-англис

b)

англис-тарых

c)

тарых-орус

d)

англис-кыргыз

16.

Университетте окуган жылдары:

a)

1987-1992

b)

1985-1990

c)

1989-1993

d)

1990-1995

17.

Казим Баккус деген агартуучудан алган сабагы:

a)

Билим китепте, мугалимдин башында же китепканаларда

b)

Семинарларда, тренингдерде

c)

Билимди ар бир адамдан, ар кайсы жерден жана нерселерден алууга болот

d)

Окуу жайлардан алса болот

18.

Келечек жөнүндө футуролог илимпоздор эмне деген?

a)

Ата -бабаларыбыздын каада-салттарына таянып тарбиялоону күчөтүү керек

b)

Туруксуз, белгисиз, татаал жана бүдөмүк жагдай түзүлүп калышы ыктымал

c)

Ааламдашуу доорундагы адамзаттын баалуулуктарын үйрөнүү күчөйт

d)

Гаджеттерди колдонууга тыюу салуу күчөйт

19.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк ой жүгүртүп туруу үчүн

a)

мүмкүн болушунча көп иштеп окуу керек

b)

канча көп билсе аны башкалар менен бөлүшүү керек

c)

жаңы нерселерди кайдан издеймин, кантип изденсем болот деген план түзүү керек

d)

жаңылыктан артта калбай курстарга баруу керек

20.

Эгер адам бир нерсе билсе, ал билими эскирет

a)

жаңылыктан артта калып, курстардан өтпөсө

b)

мен эмнелерди билем, эмнелерди үйрөнгүм келет?- деп ойлонбосо

c)

дайыма өзүнү өнүктүрүп турбаса

d)

билгенин көптөн бери колдонбогон болсо

21.

Бригадалык усулдун кандай кемчиликтери болгон?

a)

Бардык окуучулар тегиз катыша алган эмес

b)

Жетишүүсү начар окуучулар арта кала берген

c)

Мугалим көрсөтмөсү менен иш аткарышкан

d)

Лабораториялык иштер жетишсиз болгон

22.

"Канчалык мугалимдин жумушу,түйшүгү көп болсо,алар өздөрүн ошончолук күнөөлүү сезет да,ошончолук чоң сумка көтөрөт"-дейт

a)

Д.Шаматов

b)

Энди Харгревиз

c)

Паси Сальберг

d)

Тимоти Уолкер

23.

Мектептин эң негизги миссиясы-

a)

Балдарга сапаттуу билим берүү

b)

Мектептин рейтингин көтөрүү

c)

Келечек муундарды тарбиялоо

d)

Ар бир баланы өстүрүү

24.

Эл аралык уюмдардын жана донорлордун жардамга келүүсү жөнүндө Дүйшөн агайдын оюу

a)

Билим берүү системабыз алдыга жылды

b)

Биздин реформалар орто жолдо калып кетти.Багыты даана аныкталбай калды

c)

Жаңы технологияларды колдонуу оң жолго коюлду

d)

Дүйнөлүк билим берүү усулдары менен таанышуу күчөдү

25.

Дүйшөн агайдын келечектеги максаты

a)

Айыл жеринде автордук мектеп ачуу

b)

Кыргызстанда жогорку окуу жайын ачуу

c)

Кыргызстанда англис тилин өнүктүрүү

d)

Заманбап технологияларды айыл мектептерине жеткирүү

26.

Мугалимдердин аброюн көтөрүүчү изилдөө эмне деп аталат?

a)

СЕБАТ

b)

ТАЛИС

c)

КЕРЕМЕТ

d)

КАДАМ

27.

Билим берүүнү реформалоо багытында көп долбоорлор бар эле,бирок эмне үчүн жыйынтык жок?

a)

Мугалимдерге көңүл бурулбагандыктан

b)

Мамлекет тарабынан билим берүүгө жакшы көңүл бурулбагандыктан

c)

Долбоорлордун мөөнөтү аяктагандан кийин иш улантылбай калгандыктан

d)

Долбоорлордун сапаты жакшы болбогондуктан

28.

Гумандуу педагогика деген эмне?

a)

Балага инсан катары мамиле жасоо

b)

Баланы эркиндикке тарбиялоо

c)

Баланы өз алдынчалыкка тарбиялоо

d)

Баланы өз оюн айтууга тарбиялоо

29.

Окутуу усулдарынын арасында эч качан эскирбеген сократтык метод бар

a)

Суроо берүү аркылуу окутуу

b)

Интерактивтүү метод

c)

Сынчыл ойлон

d)

Топторго бөлүп окутуу

30.

Мугалимдердин статусун кантип көтөрүүгө болот?

Финляндиялык эксперт Ари Покканын берген жообун варианттардын арасынан тапкыла

a)

Бизде мугалимдердин макамын көтөрүү боюнча улуттук деңгээлдеги иш-чаралар болуп турат

b)

Бизде мугалимдик кесипке мамлекет тарабынан материалдык,моралдык колдоолор көп болуп турат

c)

Бизде ата-эне,мектеп,окуучу үч илтик иш-аракеттер болуп турат

d)

Бизде айлык акы жогору,ошондуктан мугалимдик кесипке мыкты адистер тапшырат