Worksheets8-кл, беттик тарт, капиллярд, буулануу
Total questions: 10
Worksheet time: 5mins
Заттардын кайсы түрү беттик тартылуу касиетине ээ боло алышат?
катуу
суюк
газ
плазма
Берилген заттардын ичинен суюк абалдагы затты көрсөткүлө
сымап
коргошун
никель
цинк
Суюктук тарабынан жиптин бирдик узундугуна аракет кылган күч
беттик тартылуу күчү
Архимед күчү
жиптин керилүү күчү
мындай күч жок
Берилген суюктуктардын ичинен кайсынысы айнекти нымдабайт?
суу
сымап
керосин
бензин
Капиллярдуулук кубулушун кантип байкоого болот?
капиллярдык түтүкчөлөр аркылуу суюктуктун көтөрүлүшү аркылуу
капиллярдык түтүкчөлөр аркылуу суюктуктун төмөндөшү аркылуу
капиллярдык түтүкчөлөр аркылуу суюктуктун көтөрүлушү, төмөндөшү аркылуу
капиллярдык түтүкчөлөр аркылуу суюктуктун бууланышы аркылуу
Капиллярдуулук кубулушу байкалбаган мисалды белгилегиле
чайга салынган нан аркылуу чайдын жайылышы
чырактын билиги боюнча керосиндин көтөрүлүшү
бак-дарактардын суу менен камсыз болуусу
үйдүн чатырларындагы учтуу муздардын пайда болуусу
Буулануу- бул ......
суюктуктун толук бууга өтүшүнө чейинки ысышы
суюктуктун заттын башка агрегаттык абалына өтүшү
суюктуктун бууга өтүү процесси
буунун суюктукка өтүү рпроцесси
Буулануу .... жүрөт
суюктуктун бети боюнча
айрым бир суюктуктарда гана
суюктуктун толук ичи боюнча
кайнаган суюктукта гана
Буулануу дайыма .... менен коштолот
кайноо
муздоо
суюктуктун тыгыздыгын өзгөртүү
суюктуктун температурасын жогорулатуу
Кайноо дегенибиз эмне?
бууланууга чейинки процесс
суюктуктун бети боюнча буулануунун жүрүшү
суюктуктун бүт ичи боюнча буулануунун жүрүшү
буулануудан кийинки процесс
