wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Узакбай Абдукаимов

Total questions: 13

Worksheet time: 5mins

Name
Class
Date
1.

1944-1945-жылдары жазуучу У.Абдукаимов кайсы жерде согушта болгон?

a)

Ленинград

b)

Маньчжурия

c)

Германия

d)

Москва

2.

Абдукаимов Узакбай,

Кепти кармайт узатпай.

Сүйлөгөн сөзүн карасаң,

Чилге тарткан тузактай -

бул ырда жазуучунун кандай сапатын белгилейт?

a)

Өтө кылдат ойчул жана калыс адам

b)

Эмгекчил, жаныбарды сүйгөн

c)

чечен,тартынбас

d)

сак, адилет,ойчул

3.

Канчанчы жылга чейин айылдык мектеп-интернатта окуйт?

a)

1909-жылы

b)

1927-жылы

c)

1923-жылы

d)

1926-жылы

4.

1942-жылы Улуу ата мекендик согушка аттанганда канча жашта эле?

a)

32 жаш

b)

28 жаш

c)

18 жаш

d)

33 жаш

5.

Эмгек жолун кайда,ким болуп иштеп баштаган?

a)

Фрунзе шаары,директор

b)

Москва,илим-изилдөө институт

c)

Жалал-Абад,билим берүү бөлүмү

d)

Фрунзе,драма театры

6.

У.Абдукаимов А.С.Пушкиндин кайсы чыгармаларын которгон?

a)

"Поп жана аныны кызматчысы Балда жөнүндө жомок"

b)

"Балык жана балыкчы жөнүндө жомок","Алтын короз жөнүндө жомок"

c)

"Ванька","Аңгемелер"

d)

"Жаш гвардия"

7.

"Майдан"романына жакшы пикир айтып,ак жол каалаган кимдер эле?

a)

Ч.Айтматов,Т.Сыдыкбеков

b)

К.Бобулов,А.Токомбаев

c)

К.Бобулов,Ч.Айтматов

d)

т,Абдымомунов,М.Элебаев

8.

"Элдик турмушту,андагы болуп жаткан коомдук процесстерди жана адамдардын "микродүйнөсүн" укмуштуудай ... , ... . жана ... менен сүрөттөп көрсөткөн чыныгы новаторлук чыгарма "- Көп чекиттин ордуна туура келген сөздөрдү койгула

a)

татаал,жөнөкөй,ачык

b)

суктандырган,реалдуу

c)

жөнөкөйлүк,табигыйлык,ачык-айкындык

d)

поэтикалык,умтулуу

9.

Создү орду менен таап суйлөгөн,баамчыл,токтоо,менменсинип бой көтөрбөгөн жөнөкөй кыз -бул ким?

a)

Качыке

b)

Кыдырбек

c)

Жамалкан

d)

Бермет

10.

Кайсы окуядан кийин Качыкенин турмушунда бурулуш болду?

a)

согуштан эрдик көргөзгөндө

b)

жоокерлерге жардамдашканда

c)

Чынаркандын катын сууга салып жибергенден кийин

d)

Илимий кызматка орношкондо

11.

Романда эпистолярдык форма кеңири колдонулат.Бул эмне?

a)

окуялар,ойлор,аракеттер кат түрүндө берилет

b)

сюжетти узак баяндоо

c)

психологиялык талдоо

d)

инсандык философия

12.

Качыкенин образы аркылуу согуш кайгы-капа гана алып келбестен , эмнени далилдейт?

a)

мекенди сүйүүнү

b)

адамды чыйралта тургандыгын

c)

адамдык жаман сапатты

d)

ишенимдүү сүрөттөөнү

13.

"Өзүмчү,өзүм? Менде эмненин кайраты?Кишинин эң эле жүдөөсү мен эмеспи?Качан мен кабыргасы каткандык кылып,тыңыраак иштеп,кыйынчылык менен күрөштүм эле?Качан болсо ишимди,өзүмдүн таалайымды өткөрүп жиберип,басып жүрүп,"асан кайгы"болчу киши эмес белем? - бул эмне"

a)

сурөттөө

b)

автордук мүнөздөмө

c)

коркөм баяндоо

d)

монолог