wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

10-кл механика

Total questions: 25

Worksheet time: 18mins

Name
Class
Date
1.

Кандай  кыймыл  бир  калыптагы  түз  сызыктуу  деп  аталат?

a)

 а) убакыттын  каалагандай  барабар  аралыгында  нерсе  бирдей  которулуш  жасаса

b)

нерсенин  ылдамдыгы  абсолюттук  чоңдугу  боюнча  өзгөрбөйт,  ылдамдыктын  багыты  гана  өзгөргөн  кыймыл

c)

нерсенин  кыймылынын  ылдамдануусу  дайыма  анын  ылдамдыгына  перпендикуляр  дал  келген  кыймыл

d)

убакыттын  ар  кандай  аралыгында  нерсе  түрдүү  которулуш  жасаса

2.

Автобуста бараткан адам төмөнкүлөрдүн кайсыларына салыштырмалуу кыймылда болот?

1. Автобустун отургучуна

2. Жол жээгиндеги үйлөргө

3. Карама-каршы бараткан автомашинага

4. Автобуста кошо бараткан адамдарга.

a)

а) 1, 2, 3  жана  4            

b)

б) 1, 2  жана  3            

c)

в) 2  жана  3 гана      

d)

г) 1  жана   4 гана   

e)

д) 3 гана

3.

Жөө адам бир калыпта кыймылдап, 6 с ичинде 12 м аралыкты басып өттү. Ушундай эле ылдамдык менен ал 3 с ичинде кандай жолду басып өтө алат?

a)

2 м      

b)

36 м     

c)

4 м

d)

6 м

4.

Төмөнкүлөрдүн ичинен бир калыптагы эмес кыймылдын мисалын тапкыла.

a)

эскалатордун кыймылы

b)

сааттын жебесинин кыймылы

c)

автоматтык түрдө ачылып-жабылуучу эшиктердин кыймылы

d)

машинанын кыймылы

5.

0,3 саатта канча секунда бар?

a)

30

b)

1080

c)

300

d)

1800

6.

Төмөндө келтирилген кыймылдардын кайсылары бир калыпта өзгөрмөлүү кыймыл боло алат?

Ылдамдыктары,  м/с менен

Жүк ташуучу машина 10 10 10 10

Мотоцикл 10 7,5 5 2,5

Жөө адам 2 2,5 3 1,5

Атчан адам 4,0 4,5 4,0 4,0

a)

1  жана  4  гана     

b)

1  жана  3  гана     

c)

1, 2  жана 3  гана    

d)

2  гана    

e)

1, 2  жана  4

7.

Кирпик каккычактагы ылдамдык деп эмнени айтабыз?

a)

өтө тез ылдамдыкты

b)

көз ирмемдеги ылдамдыкты

c)

ылдамдануу турактуу болгондогу нерсенин орточо ылдамдыгы

d)

нерсенин берилген моментиндеги же берилген точкадагы ылдамдыгы

8.

Ылдамдануу кайсы учурда пайда болот?

a)

кыймыл тез болгондо

b)

ылдамдык өзгөргөндө

c)

убакыттын өтүшү менен

d)

узак жол жүргөндө

9.

Бир  түз  сызыкты  бойлото  жайгашкан  же  өз  ара  параллель  векторлор  ......... ..........    деп   аталат.

a)

коллинеардык  векторлор           

b)

туташ   векторлор

c)

жарыш  векторлор                            

d)

ийри  векторлор

10.

 Векторду кошуунун кандай эрежелерин билесиңер?

a)

үч бурчтук, төрт бурчтук               

b)

параллелограмм, үч бурчтук

c)

параллелограмм, ромб                    

d)

үч бурчтук, квадрат

11.

Айлана боюнча кыймылдын ылдамдыгын кандай формула менен аныктоого болот?

a)

υ=st\upsilon=\frac{s}{t}

b)

υ=2πrt\upsilon=\frac{2\pi r}{t}

c)

υ=2πrT\upsilon=2\pi rT

d)

υ=2πrT\upsilon=\frac{2\pi r}{T}

12.

Борборго умтулуучу ылдамдануунун формуласы?

a)

α=υ2R\alpha=\frac{\upsilon^2}{R}

b)

α=υυ0t\alpha=\frac{\upsilon-\upsilon_0}{t}

c)

α=ωR\alpha=\omega\cdot R

d)

α=υt\alpha=\frac{\upsilon}{t}

13.

Жердин бетинен кандайдыр бир бийиктиктентик ылдый баштапкы ылдамдыгы 2 м/с болгон нерсе ыргытылат. Нерсенин ылдамдыгынын убакыттан көз карандылыгын туюндуруучу теңдеме кандай түргө ээ? g=10 мс2g=10\ \frac{м}{с^2}

a)

υ=2 t\upsilon=2\ t

b)

υ=10 t\upsilon=10\ t

c)

υ=2+10 t\upsilon=2+10\ t

d)

υ=2 t+10\upsilon=2\ t+10

e)

υ=2 t2\upsilon=2\ t^2

14.

СИ системасындагы күчтүн бирдиги болгон  1 Ньютондо канча Дина бар( 1Н=___дин)?

a)

103 дин

b)

106 дин

c)

102 дин

d)

105 дин

15.

Нерсе 12 Н күчтүн таасири астында 4 м/с2 ылдамданууга ээ болду.Анын массасы кандай?

a)

1 кг

b)

4 кг

c)

3 кг

d)

12 кг

16.

Ньютондун 2-закону кандай түшүнүктү аныктайт?

a)

нерсеге аракет кылган күч ылдамдыктан гана кɵз каранды;

b)

нерсеге аракет кылган күч массаны ылдамданууга бɵлгɵнгɵ барабар;

c)

нерсеге аракет кылган күч ылдамданууну нерсенин массасына бɵлгɵнгɵ барабар

d)

нерсеге аракет кылган күч, нерсенин массасынын ошол күч берген ылдамдлануусунун кɵбɵйтүндүсүнɵ барабар;

17.

Импульстун  бирдиги  кандай ?

a)


НьютонНьютон

b)

  кгмскг\cdot\frac{м}{с}

c)

ДжоульДжоуль

d)

кгм2с2кг\cdot\frac{м^2}{с^2}

18.

Салмак деп эмнени айтабыз?

a)

нерсенин Жер менен гравитациялык өз ара аракеттениш күчү

b)

таянычка жана илгичке аракет кылган серпилгич күчтөрдүн түрү

c)

нерсенин горизонталдык таянычка жасаган басым күчү

d)

Жерге тартылуусунун натыйжасында нерсенин таянычка же илгичке таасир кылган күч

19.

Күн  системасынын  тартуу  таасиринен  чыгып,  башка  жылдыздар  аралык  мейкиндикке  чыга  турган  б.а.  3-космос  ылдамдыгынын  мааниси  кандай?

a)

13 км/с

b)

16,7 км/с

c)

7,91 км/с

d)

11,1 км/с 

20.

Жүк ташуучу машина тайгак жолдо тыгылып калды. Айдоочу машинанын арткы дөңгөлөктөрүнүн Жер менен болгон сүрүлүүсүн көбөйтүү үчүн эмне жасашы керек?

1. Машинадагы жүктү түшүрүүсү керек

2. Машинага кошумча жүк жүктөөсү керек

3. Кыймылдаткычтын тартуусун көбөйтүүсү керек

4. Арткы дөңгөлөктөрүнүн алдына кум себүүсү керек

a)

1- жообу  туура     

b)

1-  жана 3- жообу туура   

c)

2-  жана  4- жообу  туура      

d)

1-   жана  4- жообу  туура       

e)

2-  жана    3- жообу  туура

21.

Механикалык жумуштун аткарылышы үчүн кандай шарттар орун алышы зарыл?

a)

күч жана аралык болушу керек

b)

аралык жана ылдамдануу болушу керек

c)

күч жана масса болушу керек

d)

ылдамдык, убакыт болушу керек

22.

Кайсы учурда нерсе деформацияланат?

a)

нерсеге күч аракет этсе

b)

нерсе кыймылга келгенде

c)

нерсе тынч турса

d)

нерсе бир калыпта түз сызыктуу кыймылда болсо

23.

Нерсе суюктукта кандай учурда сүзө алат?

a)

Архимед күчү нерсенин салмагына барабар болгондо

b)

Архимед күчү нерсенин салмагынан чоң болгондо

c)

Архимед күчү нерсенин салмагынан кичине болгондо

d)

Бардык учурларда сүзө алат

e)

Туура жообу көрсөтүлгөн эмес

24.

Үндүн бийиктиги эмнеден көз каранды?

a)

Толкун узундугунан   

b)

Термелүү жыштыгынан

c)

Термелүү амплитудасынан

d)

Термелүү фазасынан

25.

Толкундун  таралуу  ылдамдыгы  кайсы  чоңдуктардын  көбөйтүндүсүнө  барабар ?

a)

υ=λα\upsilon=\lambda\cdot\alpha

b)

υ=λT\upsilon=\lambda\cdot T

c)

υ=αt\upsilon=\alpha\cdot t

d)

υ=λν\upsilon=\lambda\cdot\nu