WorksheetsТЕСТ ГРАММАТИКА
Total questions: 15
Worksheet time: 8mins
Жакшы жигит жайкаңдап,
Адам.... көөн.... калтыр.....
жогорудагы сүйлөмгө кайсы мүчөлөрдү уласак туура болот?
-дан , - үн,- ат
-дын, -үн, -байт
-дын , - ү, -байт
-дан, - ү, -ат
Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөрдүн кайсынысы адабий нормага туура келбейт?
Көп кыйналбай, акырын иштеп жүрүмүн
Ал убакта мен шаарда иштеп жүрчүмүн.
Ал өз кызматында мурункудай эле иштеп жүрөт.
Беш жылдан кийин сизге окшоп иштеп жүрөрмүн.
Иштен соң түз үйгө бар....
Жогорку сүйлөмдөгү боштукту кайсы катардагы мүчө менен толуктасак , максат-ниетти билдирет?
-са экен
-гай эле
-мак болду
-гым келди
Ак кар жамынган бийик тоолорду карап , көйгөйлөрүн унутуп, магдырап, көпкө отуруп калды.
Жогоруда берилген сүйлөмдөгү кайсы сөз сүйлөм мүчөсү катары кыймыл-аракеттин атын блдирип турат7
карап
унутуп
магдырап
отуруп калды
Менин бул жердеги милдетим келгендерди тосуп алуу.
Сүйлөмдөгү кайсы сөздөн кийин сызыкча коюлушу керек?
менин
милдетим
келгендерди
жердеги
Бирөөнүн көзүн караган жаман, балам. Колдон келсе, бирөөнүн көзүн караба да, бирөөнүн күнүн өзүңө түшүрбө!
Алды сызылган сөз тизмегинин маанисин аныкта.
Бирөөнү багуу
Бирөөнү тиктөө
Бирөөгө көз каранды болуу
Бирөөгө карыз болуу
Кайсы катардагы сөздөрдүн баары кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдөн жасалды?
жазуу, чабыш,турмуш
ташымал, ишкер, бөлмө
билим, чечим, жоокер
сызгыч, күрөк, ашпоз
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган?
Үч жерде үч, тогуз.
Үч жерде -үч тогуз.
Үч жерде үч тогуз.
Үч жерде үч - тогуз.
Кайсы катардагы сүйлөмдө асты сызылган сөз алгачкы маанисинде колдонулду?
Тышкы сооданын көлөмүнүн өсүшү экономиканы көтөрүп койду.
Буюмдарын чогултуп, болгонун болгондой көтөрүп кетти.
Отургандар Акбалтанын даражасын көтөрүп койду.
Аскарды бул кызматка агасы көтөрүп кетти.
Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
жан-жаныбар , жан соога, жан жөкөр
жан жаныбар, жан-соога, жан-жөкөр
жан-жаныбар, жан соога, жан-жөкөр
жан жаныбар , жан -соога, жан жөкөр
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн себебин билдирет?
Малчылар Чүйгө көчүп кетишкендиктен, жайлоонун чөбү кайра кулпура баштады.
Дан эгинерин убагында сугарып турса, түшүмү мол болот.
Бала от алып келгенден кийин, Сейде шалдырап отуруп калды.
Нурбектин муундары калчылдап, денесинен тер кетти.
Кайсы катардагы сүйлөмдө сызыкча белгиси туура коюлган?
Бүгүнкү күндөн эртеңкибиз - кызыктуу .
Бөлмөдөгү студенттердин саны - үч жүз.
Келечектин ээлери - силерсиңер.
Бул иштин колго ала тургандар - жаштар.
Кайсы катардагы географиялык аталыштардын бардыгы туура жазылган?
Түндүк Америка , Жакынкы чыгыш, Орто Азия
Каракол, Базар-Коргон, Ростов -на -Дону
Жети - Өгүз, Кара-Кулжа , Көкө-Мерен
Борбордук Азия, Жалал_Абад, Төө ашуу
Курч.....
Жогоруда берилген сөз кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы менен туура айкашат?
күрөк, сөз, тарак
жигит, мүнөз, иш - аракет
калем, тил, көз
абал, максат, бычак
сайраган
Кайсы катардагы сүйлөмдү жогоруда берилген сөз менен толуктасак , өтмө мааниде колдонулган болот?
Токтогулдай ________ырчы бол.
Тоо арасында ____ булбул да жок.
Бак ичинде_____куштар жүрөт.
Ээн талаада ___ кандай жандык?
