Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Дидактика боюнча тест

Total questions: 16

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Окуу процессин аныктоочу (окуу предметтеринин тизмеги, алардын жумалык сааты, чейректер, окуу мөөнөтү) эң негизги нормативдик документ

a)

окуу китеби

b)

окуу планы

c)

окуу программалары

d)

билим стандарты

2.

Окуу процессинин мазмунун (окуу материалдары, аларды өтүүнүн убактысы, окуучуларга коюлган талаптар) аныктоочу документ

a)

окуу планы

b)

билим стандарты

c)

окуу китеби

d)

окуу программалары

3.

Дидактикага "баардыгын баардыгына окутуунун универсалдуу искусствосу" деген аныктаманы кайсы педагог берген?

a)

А.С.Макаренко

b)

Я.А.Коменский

c)

В.А.Сухомлинский

d)

К.Д.Ушинский

4.

"Улуу дидактика" эмгегинин автору ....

a)

Я.А.Коменский

b)

Дж.Локк

c)

Ф.Рабле

d)

Ф.Бэкон

5.

Дидактикадагы "ойлонуунун толук актысы" концепциясы кимге таандык?

a)

Дж.Дьюи

b)

И.Гербарт

c)

И.Песталоцци

d)

К.Д.Ушинский

6.

.... - инсандын өз алдынча жана акыл-эстүүлүк менен алган билимдерди практикада колдонуу ыкмаларына ээ болушу

a)

билим

b)

билгичтик

c)

көндүм

d)

кайталоо

7.

Окуу процессин төмөнкү бөлүктөргө "ачыктык-ассоциация-система-метод" кайсы педагог биринчилерден болуп бөлгөн?

a)

Гербарт

b)

Дьюи

c)

Песталоцци

d)

Коменский

8.

Алдын-ала белгиленген окутуунун максатына жетүү үчүн ишмердүүлүктүн жолу, ыгы - ....

a)

метод

b)

форма

c)

принцип

d)

каражат

9.

Окуучунун педагогикалык процесстеги орду:

a)

процесстин субъектиси

b)

процесстин объектиси

c)

бир эле учурда объектиси жана субъектиси

d)

процесстин предмети

10.

Инсандын белгилүү кырдаалда билим, билгичтик, көндүмдүн негизинде ишмердүүлүктү натыйжалуу жүргүзүүнүн жалпыланган мүнөздөмөсү .... деп аталат.

a)

жөндөм

b)

көндүм

c)

компетенция

d)

компетенттүүлүк

11.

Окутуу процессинде окуучулардын окуу жетишкендиктерин аныктоо процесси ... деп аталат.

a)

баа

b)

баалоо

c)

сапат

d)

текшерүү

12.

Окутуу процессинде окуучу кабыл алуучу илимий билимдердин, практикалык билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жана ойлонуу ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү системасы ... деп аталат.

a)

мазмун

b)

принцип

c)

форма

d)

метод

13.

Окуучуга, студентке карата алдын-ала аныкталган билим деңгээлинде билим алуу даярдыгына карата белгиленген талаптар - ...

a)

билим

b)

жөндөм

c)

көндүм

d)

компетенция

e)

компетенттүүлүк

14.

Окуучуларга окуу материалын алдын ала бекитилген удаалаштык менен жана атайын кабыл алуу жана аны өздөштүрүү пайда болгондой окуу процессин жүргүзүү кайсы принциптин негизин түзөт?

a)

бекемдик

b)

көрсөтмөлүүлүк

c)

системалуулук жана удаалаштык

d)

илимий

15.

Окуу процессин жалпы максатка жана негизги закондорго, закон ченемдүүлүктөргө ылайыктуу түрдө мазмунун, уюштуруу формаларын жана методдорунун аныкталышынын негизи

a)

окуу технологиясы

b)

окуу системасы

c)

окуу принциптери

d)

окутуу формалары

e)

окуу эрежелери

16.

Окуу процессинин уюштурулушу ... деп аталат.

a)

мазмун

b)

метод

c)

форма

d)

каражат

e)

принцип