wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Этиштин өзгөчө формалары

Total questions: 15

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Этиштин өзгөчө формалары кайсылар?

a)

тактоочтор, тууранды сөздөр, сырдык сөздөр

b)

Баяндооч, аныктооч, бышыктооч

c)

атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор

d)

негизги мамиле, кош мамиле, өздүк мамиле

2.

Атоочтуктар эмнени заттын белгиси катары көрсөтөт?

a)

кыймыл-аракетти

b)

заттын сын-сыпатын

c)

заттын санын

3.

Атоочтукту жасоочу мүчөлөр?

a)

-ча, -лап, -чылап

b)

-лай, -лата, -сын,

c)

-чы, -поз, -кер,

d)

-ган, -ар, -бас, -гыдай

4.

Атоочтуктар сүйлөм ичинде кайсы суроолорго жооп берет?

a)

ким? эмне? кимдер? эмнелер?

b)

эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат?

c)

кандай? кайсы?

d)

канча? нече?

5.

Сүйлөмдөн атоочтукту тап:

Жоголгон бычактын сабы - алтын.

a)

бычактын

b)

сабы

c)

алтын

d)

жоголгон

6.

Барган, келген, барбас, келүүчү. Жогорку атоочтуктар кандай жол менен жасалды?

a)

синтаксистик

b)

морфологиялык

c)

лексикалык

d)

семантикалык

7.

Синтаксистик жол менен жасалган атоочтукту белгиле.

a)

тапкан-терген

b)

алгыдай

c)

көрмөксөн болду

d)

бара

элек

8.

Атоочтуктардын этиштик белгилери кайсылар?

a)

кыймыл-аракетти, чактык маанини билдириши.

b)

мамиле касиетине ээ болуп, алдындагы сөздүн белгилүү жөндөмөдө турушун талап кылуусу.

c)

заттын белгисин, касиетин билдириши, таандык мүчө менен өзгөрүшү,

d)

кыймыл-аракетти, чактык маанини билдириши, мамиле касиетине ээ болуп, алдындагы сөздүн белгилүү жөндөмөдө турушун талап кылуусу.

9.

Жалындаган отту өчүрүш кыйын. Бул сүйлөмдөгү атоочтук заттын эмнесин билдирет?

a)

кыймыл-аракетин

b)

санын

c)

сын-сыпатын

10.

Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет.

Татаал сүйлөмдөн ээнин милдетин аткарган атоочтукту тапкыла.

a)

эккен, чеккен

b)

жайын

c)

эгиндин, арабанын

d)

билет

11.

Атоочтуктар сүйлөм ичинде синтаксистик кайсы милдетти аткарат?

a)

аныктоочтук, баяндоочтук,

b)

ээлик, толуктоочтук

c)

бышыктоочткн, баяндоочтук

d)

ээлик, баяндоочтук, аныктоочтук, толуктоочтук, бышыктоочтук

12.

Ок өтпөстү кийгизип, ок жетпести мингизип, Манасты тоого багалы. Атоочтуктар сүйлөм ичинде кайсы мүчөнүн милдетин аткарды?

a)

ээлик

b)

бышыктоочтук

c)

толуктоочтук

d)

аныктоочтук

13.

Заводдо иштечү жумушчулар чогулушту. Сүйлөмдө атоочтук кайсы жана кандай суроого жооп берет?

a)

жумушчулар. кимдер?

b)

чогулушту. эмне кылышты?

c)

иштечү. Эмне кылчу?

d)

заводдо иштечү. кайсы?

14.

Күндө келүүчү Садыр бүгүн көрүнбөйт. Атоочтукту белгиле.

a)

күндө келүүчү

b)

көрүнбөйт

c)

бүгүн

d)

Садыр

15.

Танабай өткөн-кеткен иштерин ойлоду.

Бул сүйлөмдөгү атоочтук кайсы жана ал кандай жол менен жасалды?

a)

ойлоду. морфологиялык жол менен жасалды.

b)

Танабай. Морфологиялык жол менен жасалды

c)

иштерин ойлоду. Синтаксистик жол менен жасалды.

d)

өткөн-кеткен. синтаксистик жол менен жасалды.