WorksheetsАралашма 100 суроо
Total questions: 100
Worksheet time: 50mins
Name
Class
Date
1.
Фонетика эмнени изилдейт?
a)
♦ тилдин тыбыштык түзүлүшүн жана анын өзгөчөлүктөрүн
b)
♦ сөздөрдүн өзгөрүш жана жасалыш жолдорун, сөз түркүмдөрүн
c)
♦ туура сүйлөө, сөздөрдү туура айтууну
d)
♦ баары туура
2.
Фонеманын курамы эмнеден турат?
a)
♦ тыбыштар
b)
♦ сөздөр
c)
♦ сөз айкаштары
d)
♦ баары туура
3.
Тыбыш деген эмне?
a)
♦ сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр
b)
♦ үндүн созулуп жана тыбыш менен айтылышы
c)
♦ үндүн белгилүү өлчөмдө созулуп айтылышы
d)
♦ баары туура
4.
Сөздөр эмнелерден түзүлөт?
a)
♦ тыбыштардан
b)
♦ муундардан
c)
♦ басымдардан
d)
♦ баары туура
5.
Тамга деген эмне?
a)
♦ тыбыштарды белгилөө үчүн кабыл алынган шарттуу белги
b)
♦ белгилердин ирет-ирети менен түзүлгөн жыйындысы
c)
♦ сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр
d)
♦ баары туура
6.
Сөздөр качан баш тамга менен жазылат?
a)
♦ сүйлөмдүн биринчи сөзү, энчилүү зат атооч сөздөр
b)
♦ сүйлөмдүн биринчи сөзү гана
c)
♦ басма тамгалар
d)
♦ баары туура
7.
Муун деген эмне?
a)
♦ сүйлөө органдарыбыз аркылуу сөздөрдүн майда-майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп айтылган бөлүгү
b)
♦ созулма үндүүлөрдөн турган сөздөр
c)
♦ сөздөрдүн үндүү, үнсүз болуп түзүлүшү
d)
♦ баары туура
8.
Муундардын түрлөрү кайсылар?
a)
♦ ачык, жабык, туюк
b)
♦ ачык, туюк
c)
♦ ачык, эркин
d)
♦ баары туура
9.
Муунду түзгөн тыбыштар кайсылар?
a)
♦ үндүүлөр
b)
♦ үнсүздөр
c)
♦ үндүү жана үнсүз тыбыштар
d)
♦ баары туура
10.
Сөздөр эмненин негизинде ташылат?
a)
♦ муундун
b)
♦ интонациянын
c)
♦ сөздөрдү бөлүштүрүүнүн
d)
♦ баары туура
11.
Басым деген эмне?
a)
♦ сөздөгү бир муундун көтөрүңкү үн менен айтылышы
b)
♦ сүйлөп жаткандагы тыным
c)
♦ сөздөрдүн созулуп айтылышы
d)
♦ баары туура
12.
Кыргыз тилиндеги басымдын сөздөгү орду кандай?
a)
♦ аяккы муунда
b)
♦ башкы муунда
c)
♦ ортоңку муунда
d)
♦ баары туура
13.
Алфавит деген эмне?
a)
♦ белгилүү тартип боюнча жайгаштырылган тамгалардын жыйындысы
b)
♦ тыбыштардын тамга менен белгилениши
c)
♦ жазуунун өзгөчөлүктөрүн үйрөтүүчү тил илими
d)
♦ баары туура
14.
Орфоэпия деген эмне?
a)
♦ адабий тилдин нормасында оозеки туура сүйлөө
b)
♦ тыныш белгилерин туура коюу
c)
♦ башка тилден кирген сөздөрдү туура жазуу
d)
♦ баары туура
15.
Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин жалпы системасы эмне деп аталат?
a)
♦ орфография
b)
♦ орфоэпия
c)
♦ графика
d)
♦ баары туура
16.
Сүйлөмдү түзүүчү каражаттар кайсылар?
a)
♦ сөз, сөз айкашы
b)
♦ тыбыш, тамга
c)
♦ тил, кеп, текст
d)
♦ баары туура
17.
Лексика деген эмне?
a)
♦ бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы
b)
♦ белгилүү бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги
c)
♦ тил илиминин, тилдин сөздүк курамынын азыркы абалын жана анын тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү бир бөлүмү
d)
♦ баары туура
18.
Сөздүн лексикалык мааниси деген эмне?
a)
♦ ар бир сөздүн өз алдынча тургандагы керт башына тиешелүү болгон, аны башка сөздөрдөн айырмалап турган негизги мааниси
b)
♦ сөздөрдүн грамматикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет
c)
♦ бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу
d)
♦ баары туура
19.
Көп маанилүү сөздөр деген эмне?
a)
♦ бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу
b)
♦ тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр
c)
♦ бир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу, бирок бири бирине салыштырмалуу маанидеги сөздөр
d)
♦ баары туура
20.
Синонимдер деген эмне?
a)
♦ айтылышы, тыбыштык түзүлүшү ар башка болуп, мааниси бири бирине өтө жакын болгон сөздөр
b)
♦ бир сөздүн көп мааниде колдонулушу
c)
♦ айтылышы, жазылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр
d)
♦ баары туура
21.
Омонимдер деген эмне?
a)
♦ жазылышы бирдей, мааниси ар башка сөздөр
b)
♦ мааниси боюнча бири бирине карама-каршы сөздөр
c)
♦ тыбыштык түзүлүшү ар башка, бирок маанилери бири бирине жакын сөздөр
d)
♦ баары туура
22.
Антонимдер деген эмне?
a)
♦ бир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу, бирок бири бирине салыштырмалуу маанидеги сөздөр
b)
♦ тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр
c)
♦ курамы жагынан эки же андан да көп компоненттерден турган сөздөр
d)
♦ баары туура
23.
Бүткөн айрым ойду билдирген сөз тизмеги же сөз эмне деп аталат?
a)
♦ сүйлөм
b)
♦ сөз тизмеги
c)
♦ жай сүйлөм
d)
♦ баары туура
24.
Терминология илими эмнени изилдейт?
a)
♦ белгилүү бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмектерин
b)
♦ кабыл алынган сөздөрдүн маанисин
c)
♦ интернационалдык сөздөрдү
d)
♦ баары туура
25.
Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура айтуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин жалпы системасы эмне деп аталат?
a)
♦ орфоэпия
b)
♦ орфография
c)
♦ графика
d)
♦ баары туура
26.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кайсы?
a)
♦ кыргыз элинин улуттук тили
b)
♦ улуттар аралык байланыш катарында колдонулган орус тили
c)
♦ Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын тили
d)
♦ баары туура
27.
Кыргыз тили кирген дүйнө жүзүңдөгү тилдердин тобу кайсы?
a)
♦ түрк тилдери
b)
♦ иран тилдери
c)
♦ монгол тилдери
d)
♦ баары туура
28.
Бир тилдеги энчилүү аттардын системасын үйрөтүүчү илим тармагы эмне деп аталат?
a)
♦ ономастика
b)
♦ антропонимдер
c)
♦ топонимика
d)
♦ баары туура
29.
Грамматиканын бөлүмдөрү кайсылар?
a)
♦ морфология, синтаксис
b)
♦ графика, орфография
c)
♦ орфоэпия, фразеология
d)
♦ баары туура
30.
Коомдо жаңы пайда болгон түшүнүктөрдүн атын атап берүү үчүн колдонулган термин эмне деп аталат?
a)
♦ неологизм
b)
♦ тарыхый сөздөр
c)
♦ лексика
d)
♦ баары туура
31.
Тилдин сөздүк курамында жаңы пайда болгон сөздөр эмне деп аталат?
a)
♦ неологизмдер
b)
♦ терминдер
c)
♦ архаизмдер
d)
♦ баары туура
32.
Сүйлөмдүн маанисине, айтылыш максатына жана интонациясына карай бөлүнүшү кандай болот?
a)
♦ жай, суроолуу, илептүү, буйрук
b)
♦ эки курамдуу жана бир курамдуу
c)
♦ жактуу, жаксыз
d)
♦ баары туура
33.
Морфология эмне жөнүндө илим?
a)
♦ сөздөрдүн жасалышы, мүчө, алардын түрлөрү жана сөз түркүмдөрү
b)
♦ сөздөр жана сүйлөмдүн түрлөрү, уңгу жана мүчөлөр
c)
♦ байланыштар жана алардын жасалышы
d)
♦ баары туура
34.
Маани берүүчү сөз түркүмдөрү кайсылар?
a)
♦ зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч
b)
♦ байламталар, жандоочтор, жөнөкөй сөздөр
c)
♦ бөлүкчөлөр, татаал сөздөр, зат атооч
d)
♦ баары туура
35.
Маани бербөөчү сөз түркүмдөрү кайсылар?
a)
♦ кызматчы сөздөр
b)
♦ зат атооч, сын атооч, сан атооч
c)
♦ ат атооч, этиш
d)
♦ баары туура
36.
Зат атоочко мүнөздүү категориялар кайсылар?
a)
♦ жөндөмө, тааңдык, сан
b)
♦ жөндөмө, таандык, даража, жак
c)
♦ жак, чак, ыңгай, мамиле
d)
♦ баары туура
37.
Уңгу деген эмне?
a)
♦ сөздүн маани берип турган эң кичине бирдиги
b)
♦ сөздүн негизи
c)
♦ эң маанилүү сөз айкашы
d)
♦ баары туура
38.
Сын атоочтордун морфологиялык курамына карай кандай бөлүнүштөрү бар?
a)
♦ туунду, тубаса
b)
♦ жөнөкөй, татаал
c)
♦ сапаттык, катыштык
d)
♦ баары туура
39.
Стилдин түрлөрү кайсылар?
a)
♦ илимий, көркөм, публицистикалык, официалдуу-иштүү
b)
♦ оозеки, жазма
c)
♦ сүрөттөө, баяндоо жана ой жүргүзүү
d)
♦ баары туура
40.
Сын атоочтун даражалары кайсылар?
a)
♦ жай, күчөтмө, салыштырма, басаңдатма
b)
♦ сыпатгык, катыштык, жай, күчөтмө
c)
♦ катыштык, салыштырма, сындык
d)
♦ баары туура
41.
Ат атооч деген эмне?
a)
♦ заттын атын же анын белгилерин атабай туруп, аларды жалпы мааниде көрсөтөт
b)
♦ башка сөз түркүмдөрүнөн жасалса ат атооч болот
c)
♦ мүчөлөр жалгануу менен түзүлсө ат атооч болот
d)
♦ баары туура
42.
Синтаксистик байланыш жолдору кайсылар?
a)
♦ ээрчишүү, башкаруу, ыкташуу, таандык
b)
♦ уланма, жарыш, удаалаш байланыш
c)
♦ ээ менен баяндоочтун байланышы
d)
♦ баары туура
43.
Сөз жасоонун түрлөрү кайсылар?
a)
♦ морфологиялык, синтаксистик, лексико-семантикалык
b)
♦ сөзгө жаңы маани берилүү менен
c)
♦ мүчөлөр менен, тыштан кабыл алуу менен
d)
♦ баары туура
44.
Татаал сөздөрдүн түрлөрү кайсыл?
a)
♦ кош, кошмок, кыскартылган жана бириккен сөздөр
b)
♦ эки же андан ашык компоненттен турган сөздөр
c)
♦ компоненттери маани берүүч-ү жана маани бербөөчү сөздөр
d)
♦ баары туура
45.
Багындыруучу түгөй багынычтуу түгөйдүн атооч, иликтен башка жөндөмөлөрдүн биринде турушун талап кылышы эмне деп аталат?
a)
♦ башкаруу
b)
♦ ээрчишүү
c)
♦ ыкташуу
d)
♦ баары туура
46.
Таандык байланыш деген эмне?
a)
♦ илик жөндөмөдөгү жана таандык мүчө уланган сөздөрдүн өз ара байланышы
b)
♦ толук маанилүү эки зат атооч сөздүн өз ара тизмеги
c)
♦ таандык мүчө уланган сөздөрдүн өз ара байланышы
d)
♦ баары туура
47.
Синтаксис кандай илим?
a)
♦ сүйлөм, сөз айкашы, алардын түрлөрү жана түзүлүшү жөнүндө илим
b)
♦ өз айкашы жана тилдин морфологиялык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим
c)
♦ тыбыштар, сөз түркүмдөрү жана сүйлөмдөр жөнүндө илим
d)
♦ баары туура
48.
Адамдын ички сезимин билдирген же айбанатка карата айтылган сөздөрдүн сөз түркүмү:
a)
♦ сырдык сөз
b)
♦ тактоочтор
c)
♦ тууранды сөз
d)
♦ баары туура
49.
Кептин негизги стилдери кайсылар?
a)
♦ сүйлөшүү жана жазуу стили
b)
♦ баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү
c)
♦ оозеки, жазуу, иш кагаз стили
d)
♦ баары туура
50.
Кыргыз тили типологиялык жактан кандай тилге кирет?
a)
♦ агглютинативдик;
b)
♦ флективдүү;
c)
♦ аморфтук.
d)
♦ баары туура
51.
Билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн түшүнүк, мотивациялык жана эмоционалдык чөйрөдөгү бардык окуучуларга жеткиликтүү метод эмне деп аталат?
a)
♦ окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо.
b)
♦ окутуу үчүн педагогикалык долбоорлоо.
c)
♦ окутуу үчүн дидактикалык долбоорлоо.
d)
♦ окутуу үчүн технологиялык долбоорлоо.
52.
Скаффолдинг (scaffolding) технологиясынын негизги мүнөздөмөсү эмне?
a)
♦ окуучунун өз алдынча ишинин жүрүшүндө мугалим тарабынан «жардамдын акырындык менен азайтылып берүүсү» эсептелет.
b)
♦ окуучу өз алдынча ишин жүргүзүүдө мугалимден "туруктуу жардам".
c)
♦ бардык жооптор туура эмес.
d)
♦ окуучу өз алдынча ишин жүргүзүүдө мугалимден "мезгилдүү жардам".
53.
Дифференциалдаштырылган окутууда эмнелер колдонулат?
a)
♦ бардык жооптор туура.
b)
♦ алдын-ала баалоо.
c)
♦ суммативдик баалоо.
d)
♦ калыптандыруучу баалоо.
54.
Көп деңгээлдүү окутуу үчүн төмөнкүлөрдү колдонсоңуз болот:
a)
♦ бардык жооптор туура.
b)
♦ ыктыярдуу аткаруу үчүн альтернативдик тапшырмалар.
c)
♦ иштин сарамжалдуу жолдорун өздөштүрүүгө жардам берүүчү милдеттер.
d)
♦ маалыматтык карталар, анын ичинде окуучунун тапшырмасы менен кошо, өлчөөчү жардам элементтери.
55.
Кайсыл стратегияда окуучуларда тизмеден өз алдынча же топ менен иштөөнү каалаган тапшырманы тандоо мүмкүнчүлүгү бар болот?
a)
♦ Окурмандардын пикирлеринин тизмеси.
b)
♦ «Бекет» боюнча орун алмашуу (ротация).
c)
♦ Көп деңгээлдүү тапшырмалар.
d)
♦ Болжолдоонун ар кандай ыкмалары.
56.
Эмненин процессинде долбоордук методика, театралдык-оюн, кейстер, квесттер ж.б. мугалим үчүн жакшы тааныш болуп калган методдор колдонулат?
a)
♦ CLILдин
b)
♦ CLYLдын
c)
♦ BLILдин
d)
♦ CDILдин
57.
Түрдүү типтеги тексттер (туташ, туташ эмес) менен иштөөнүн негизинде окуучулардын эмнесин калыптандыруу жатат?
a)
♦ окуу сабаттуулугун
b)
♦ саноо сабаттуулугун
c)
♦ ойлонуу сабаттуулугун
d)
♦ кыялдануу сабаттуулугун
58.
Окутуу процессинде окуучулардын тигил же бул материалды өздөштүрүүсүнө колдоо көрсөтүү эмне деп аталат?
a)
♦ скаффолдинг
b)
♦ мастер-класс
c)
♦ аналитика
d)
♦ педагогика
59.
Окутуу аркылуу эмнени өткөрүү үчүн мугалим портфолио, рефлексивдик күндөлүктөрдү түзөт, өзүн-өзү баалоо карталарын сунуш кылат?
a)
♦ баалоону
b)
♦ текшерүүнү
c)
♦ окутууну
d)
♦ уюштурууну
60.
Кайсыл стратегия жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган?
a)
♦ “текст түзөм” стратегиясы
b)
♦ “угам, окуйм, түшүнөм” стратегиясы
c)
♦ “сөздөн сүйлөөгө” стратегиясы
d)
♦ баары
61.
Баланын эрте курактан баштап, эмнеге камтылышы маанилүү?
a)
♦ китеп чөйрөсүнө
b)
♦ мектеп чөйрөсүнө
c)
♦ бала бакча чөйрөсүнө
d)
♦ оюн-зоок чөйрөсүнө
62.
Кандай чыгармалардагы негизги окуялардын тутуму төмөнкү схема боюнча курулат: башталышы, чиелениши, аракеттин өнүгүүсү, кульминация, чечилиши жана аягы?
a)
♦ көркөм
b)
♦ илимий
c)
♦ тарыхый
d)
♦ сонун
63.
Балдар адабиятынын чыгармалары эмненин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт?
a)
♦ «инклюзивдик адабияттын»
b)
♦ «фантастикалык адабияттын»
c)
♦ «техникалык адабияттын»
d)
♦ «мифтик адабияттын»
64.
Белгилүү бир темаларды окуп-үйрөнүүгө, китеп, текст менен таанышууга же бүтүндөй сабакты өткөрүүдө колдонула турган конкреттүү нускама эмне деп аталат?
a)
♦ стратегия
b)
♦ план
c)
♦ тактика
d)
♦ стандарт
65.
Кандай окуу жаңы теманы өздөштүрүүдө окуучулардын максималдуу катышуусуна өбөлгө түзөт?
a)
♦ интерактивдүү
b)
♦ салттуу
c)
♦ технологиялык
d)
♦ дидактикалык
66.
Кайсыл ыкмада кыска аралыкта өздөрүнө тааныш болгон көз караштарын тактап, айтып берүү жагы билдирилет?
a)
♦ мээге чабуул
b)
♦ суроо-жооп
c)
♦ тегерек стол
d)
♦ талкуулоо
67.
«Башкысы - предметти билгениң, калгандары кийин өзү болот» деп кандай мугалим ойлойт?
a)
♦ тажрыйбасыз
b)
♦ тажрыйбалуу
c)
♦ билимдүү
d)
♦ мээримдүү
68.
Билимдерди үлгүсүнө карай схема, алгоритм боюнча кайра калыбына келтирүү иштери кайсыл методдо колдонулат?
a)
♦ репродуктивдүү
b)
♦ түшүпдүрүү-иллюстрациялоо
c)
♦ аз аздан издөө жана изилдөө
d)
♦ билбейм
69.
Кластер, синквейн, Венндин диаграммасы кандай методго кирет?
a)
♦ байкоо жана салыштыруу
b)
♦ кароо жана салыштыруу
c)
♦ байкоо жана бөлүштүрүү
d)
♦ кароо жана бөлүштүрүү
70.
Кандайдыр бир мазмунду баяндоодогу негизги сөздөр эмне деп аталат?
a)
♦ таяныч сөздөр
b)
♦ кошумча сөздөр
c)
♦ жаңы сөздөр
d)
♦ мугалимдин сөздөрү
71.
С.Нааматов кыргыз тилин окутуунун негизги максаты катары окуучулардын эмнесин өстүрүүнү аныктаган?
a)
♦ сөзүн
b)
♦ акылын
c)
♦ аң-сезимин
d)
♦ билимин
72.
Аңгеме, роман, сценарий, өмүр баян жана поэзия сыяктуу көркөм чыгармаларды жаратуу процесси эмне болот?
a)
♦ чыгармачыл жазуу
b)
♦ илимий жазуу
c)
♦ китептик жазуу
d)
♦ толук жазуу
73.
Кээде чыгармачыл жазуу ишинин темасын жана идеясын аныктоо үчүн бир гана эмне талап кылынат?
a)
♦ сөз же сүрөт
b)
♦ сөз же фото
c)
♦ сөз же монтаж
d)
♦ сөз же тема
74.
Окуучулар окуган нерселери жөнүндө эмне кылган учурда, алар мазмуну жөнүндө тереңирээк ойлонушат?
a)
♦ жазган
b)
♦ окуган
c)
♦ айткан
d)
♦ көргөн
75.
Мугалим ар бир окуучуга ырааттуу кайтарым байланыш берүү үчүн кандай чен-өлчөмдөрүн пайдалана алат?
a)
♦ баалоо
b)
♦ суроо
c)
♦ тарбиялоо
d)
♦ окутуу
76.
Конкреттүү нускамалар түрүндө берилген, алар предметтер боюнча белгилүү бир темаларды окуп-үйрөнүүдө, китеп же текст менен таанышууда же бүтүндөй сабакты өткөрүүдө колдонулат. Аларды эмне деп атайбыз?
a)
♦ стратегия
b)
♦ тактика
c)
♦ дидактика
d)
♦ методика
77.
Окуучулар ойлорун, идеяларын жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн мугалимдер:
a)
♦ сабактарда окуганга жана жазганга убакыт бөлүү керек
b)
♦ жооптордун бири дагы туура эмес
c)
♦ окууну жума сайын үй тапшырмасына камтышы керек
d)
♦ окуучулар менен класста бирге окушу керек
78.
Жазуу ишинде окуучулар окуп-үйрөнгөндөрүн маалыматтын графикалык уюштуруучусу, схемалар, менталдык карта түрүндө кандай сунуштай алышат?
a)
♦ көрсөтмөлүү
b)
♦ натыйжалуу
c)
♦ демилгелүү
d)
♦ активдүү
79.
Окуучуларга эмненин мисалдары менен таанышуу пайдалуу болуп эсептелет?
a)
♦ жакшы тексттердин
b)
♦ жакшы китептердин
c)
♦ жакшы сөздөрдүн
d)
♦ жакшы адамдардын
80.
Окуучулар күн сайын жазышы үчүн мугалимдерге кимдердин катышуусун демилгелөө сунушталынат?
a)
♦ ата-энелердин
b)
♦ башка мугалимдердин
c)
♦ чоң класстагы окуучулардын
d)
♦ баары
81.
Алдын ала пландоо менен жетишилген ийгиликтердин дал келүү даражасын аныктоочу системалык процесс жана жыйынтык эмне болот?
a)
♦ педагогикалык баа
b)
♦ жыйынтыктоочу баа
c)
♦ баалоочу баа
d)
♦ дидактикалык баа
82.
Баалоо эмнеге болгон кызыгуусун жана өзү менен иштөөсүн колдойт?
a)
♦ окууга
b)
♦ предметке
c)
♦ баага
d)
♦ келечекке
83.
«Диагностика» сөзү грек сөзүнүн diagnostics - которгондо эмне дегенди билдирет?
a)
♦ «таанып билүүгө жөндөмдүү»
b)
♦ «таанып билүүгө умтулуу»
c)
♦ «таанып билүүгө баруу»
d)
♦ «таанып билүүгө чыгуу»
84.
Калыптандыруучу баалоо окутуунун кимге багытталган принцибин ишке ашырууга негизделген?
a)
♦ инсанга
b)
♦ окуучуга
c)
♦ класска
d)
♦ адамга
85.
Эмне баанын нормаларына жараша жүргүзүлөт?
a)
♦ күнүмдүк баалоо
b)
♦ аралык баалоо
c)
♦ жыйынтыктоочу баалоо
d)
♦ билбейм
86.
Окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн аныктоо процесси кандай контролдоо деп аталган?
a)
♦ педагогикалык
b)
♦ дидактикалык
c)
♦ риторикалык
d)
♦ методикалык
87.
Начар окугандардын үй тапшырмаларынын баарын мугалим кандай текшерип турууга милдеттүү?
a)
♦ такай
b)
♦ кээде
c)
♦ 1-2 жолу
d)
♦ толук
88.
Окуучу өзүнүн ар кыл дисциплиналар боюнча окуудагы эмнелерин калыптандырат жана өркүндөтөт?
a)
♦ билгичтиктерин
b)
♦ билимдерин
c)
♦ көндүмдөрүн
d)
♦ билбейм
89.
Педагогикалык тестирлөө сыноонун жыйынтыгын кандай жүргүзүүгө багытталган?
a)
♦ оперативдүү
b)
♦ аналогиялык
c)
♦ толук
d)
♦ жакшы
90.
Кайсыл сөз ийгиликтердин топтому боюнча маалымат деген маанини түшүндүрөт?
a)
♦ портфолио
b)
♦ тестирлөө
c)
♦ анкеталоо
d)
♦ сурамжылоо
91.
Эмне өзүнүн эл менен сүйлөшүү көндүмдөрүн бекемдейт жана беделин калыптандырат?
a)
♦ презентация
b)
♦ чыгуу
c)
♦ ачуу
d)
♦ көрсөтүү
92.
Кайсыл сөз латын сөзүнөн келип, «артка кайрылуу» дегенди түшүндүрөт?
a)
♦ «Рефлексия»
b)
♦ «Флексия»
c)
♦ «Рельсия»
d)
♦ «Цельсия»
93.
Кайсыл стратегия сүйлөмдү түзүү жана жайылтуунун үстүнөн иштөөнү камтыйт?
a)
♦ «Сүйлөм: түзүү, жайылтуу, бириктирүү»
b)
♦ «Илимий таанып-билүүчүлүк текстти конспектилөө»
c)
♦ «Менин күнүм» ой жүгүртүү (рефлексия)
d)
♦ баары
94.
Ата-энелер жазуу иштери аларга эмес, балдарга тиешелүү экендигин эмне кылышы керек?
a)
♦ унутпашы
b)
♦ ойлонушу
c)
♦ билүүсү
d)
♦ баарын
95.
Окуучуларга эмненин мисалдары менен таанышуу пайдалуу болуп эсептелет?
a)
♦ жакшы тексттердин
b)
♦ жакшы китептердин
c)
♦ жакшы сөздөрдүн
d)
♦ жакшы адамдардын
96.
Таанып-билүү тармагындагы максаттардын классификация жана системасы эмне деп аталат?
a)
♦ Б.Блумдун таксономиясы
b)
♦ Венндин диаграммасы
c)
♦ Инсерт ыкмасы
d)
♦ Баары туура
97.
Жазуу эмне катары колдонулат?
a)
♦ окутуу куралы
b)
♦ жазуу куралы
c)
♦ окуу куралы
d)
♦ айтуу куралы
98.
Белгилүү бир темада жазуу тексттерин жаратууга багытталган педагогикалык ыкма эмне деп аталат?
a)
♦ РАФТ
b)
♦ RACE
c)
♦ «Макта, сура, оӊдо»
d)
♦ «Окулган чыгармага жазуу пикири»
99.
Эмне окуучулардын чакан тексттин үстүндө иштөө стратегиясы, ал окуучулардын окуганын түшүнүүсүн жана алардын ой жүгүртүүсүн, конструктивдүү жообун көрсөтөт?
a)
♦ RACE
b)
♦ РАФТ
c)
♦ «Макта, сура, оӊдо»
100.
Эмнени жазуу менен окуучулар тема жөнүндө эмне билгенинин негизги учурларын ойлонушу керек: тема, негизги сын атоочтор, кыймыл-аракеттин түйүндүү сөздөрү, эмне билгенине өзүнүн мамилеси жана тема же негизги идея үчүн бир сөздөн турган синоним жөнүндө?
a)
♦ синквейн
b)
♦ кластер
c)
♦ Венндин диаграммасын
d)
♦ текст
100 %
