wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Математика жана аны окутуунун усулунан тесттик тапшырмалар

Total questions: 100

Worksheet time: 50mins

Name
Class
Date
1.
Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы окутуу менен байланышкан кайсы негизги суроолорго жооп берет?
a)
математиканы эмне үчүн окутабыз? математиканын кайсы бөлүктөрүн окутабыз? математиканы кантип окутабыз?
b)
сабактарга кантип даярдануу керек? математиканы кантип үйрөнүү керек? Математиканы качан үйрөнүү керек?
c)
математика эмне үчүн керек? математикага кимди үйрөтүү керек? эмнеге үйрөтүү керек?
d)
балдарды математикага кантип окутуу керек? математикага балдарды качан окутуу керек? математиканы үйрөнүүнү кантип уюштуруу керек?
2.
Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы курсунун предмети кайсы?
a)
математиканы окутуу проблемалары
b)
математиканы окутуудан күтүлүүчү натыйжалар
c)
математиканы окутуунун мазмуну
d)
математиканы окутуу процесси
3.
“Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы” курсу кандай бөлүктөрдөн турат?
a)
жалпы методика, жеке методика
b)
дидактика, методика
c)
пропедевтикалык, систематикалык
d)
педагогика, дидактика
4.
Окутуу циклинин (түрмөгүнүн) компонеттери кайсылар?
a)
окутуунун максаттары, окутуунун мазмуну, окутуунун формалары жана методдору; окутуунун каражаттары, ББК текшерүү
b)
окутуунун максаттары, окутуунун обьекти, окутуунун мазмуну, окутуунун методдору
c)
окуучу, мугалим, түз жана кайтарым байланыш
d)
окутуу процесси, билим берүү, тарбиялоо, өнүктүрүү
5.
Таанып билүүнүн үч теориясы
a)
бихевиоризм, когнитивизм, конструктивизм
b)
бихевиоризм, социалдык конструктивизм, эвристтик таануу
c)
бихевиоризм, когнитивизм, конструктивдүү таануу
d)
бихевиоризм, когнитивизм, активдүү таануу
6.
Математика илиминин өнүгүшү канча доорго бөлүнөт?
a)
4
b)
3
c)
2
d)
5
7.
Окутуунун негизги принциптери
a)
илимийлүүлүк; системалуулук жана удаалаштык; жеткиликтүүлүк; активдүү, аң сезимдүү жана бекем өздөштүрүү
b)
билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбиялык
c)
айтып берүү, лекция, аңгеме.
d)
үйрөнүүчүлүк, текшерүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк.
8.
Математиканын жалпы курсу математикалык адистештирүү менен биргеликте кайсы окуу предметтеринен турат?
a)
математика, геометрия, алгебра, алгебра жана анализдин башталышы
b)
математикалык анализ, алгебра жана геометрия.
c)
элементардык математика, алгебра жана геометрия.
d)
математика, планиметрия, алгебра жана анализдин башталышы, стреометрия
9.
Математиканы окутуунун усулдары дегенде эмнени түшүнүү керек?
a)
математика боюнча окуучуларга билимдердин жана көндүмдөрүнүн анык бир системасын берүүнүн жолдору
b)
мугалимдин түшүндүрүүсү, өз алдынча иштерди уюштуруунун формасы жана текшерүү системасы
c)
окуу процессин уюштуруу формасы
d)
окуу процессин уюштуруу каражаттары
10.
Математиканы окутуунун илимий усулдары кайсылар?
a)
анализ жана синтез, индукция жана дедукция, салыштыруу жана аналогия, жалпылаштыруу, конкреттештирүү, абстракциялоо
b)
аңгеме, айтып берүү, лекция, көрсөтмөлүүлүк
c)
эвристикалык, проблемалык, суроо-жооп
d)
максатка ылайык маселелер методу, аксиомалык, математикалык моделдештирүү
11.
Математиканы окутуунун эмпирикалык методдору кайсылар?
a)
тажрыйба, өлчөө, байкоо, эксперимент
b)
байкоо, салыштыруу, аналогия
c)
жалпылаштыруу, конкреттештирүү, абстракциялоо
d)
анализ, синтез, лабораториялык жумуш
12.
Окутуунун методдору маалыматты берүүнүн жана кабыл алуунун мүнөзүнө карата кандай болушат?
a)
сүйлөмө, көрсөтмө, практикалык
b)
пассивдүү, активдүү, интерактивдүү
c)
көрсөтмөлүү түшүндүрүү, репродуктивдүү, продуктивдүү
d)
жаңы материалды берүү, ББК калыптоо, билимдерди колдонуу, билимдерди текшерүү
13.
Окутуунун методдору дидактикалык милдеттерине карата кандай болушат?
a)
жаңы материалды берүү, ББК калыптоо, билимдерди колдонуу, билимдерди текшерүү
b)
сүйлөмө, көрсөтмө, практикалык
c)
пассивдүү, активдүү, интерактивдүү
d)
көрсөтмөлүү түшүндүрүү, репродуктивдүү, продуктивдүү
14.
Окутуунун методдору окуучунун таанып билүүсүнүн мүнөзүнө карата кандай болушат?
a)
көрсөтмөлүү түшүндүрүү, репродуктивдүү, продуктивдүү
b)
сүйлөмө, көрсөтмө, практикалык
c)
пассивдүү, активдүү, интерактивдүү
d)
жаңы материалды берүү, ББК калыптоо, билимдерди колдонуу, билимдерди текшерүү
15.
Окутуунун методун тандоодо эмнелер эске алынат?
a)
окутуунун максаты, окуучулардын билим деңгээли, өтүлүүчү материалды татаалдыгы, көрсөтмө курал менен камсыздалышы, эргономикалык шарттар
b)
окутуунун максаты, мугалимдин устаттыгы, окуу куралдары менен касыздалышы, окуучулардын кызыгуусу
c)
окутуунун максаты, теориялык материалдын мазмуну, окутуунун актуалдуу методу эске алынат, окутуунун техникалык каражаттары
d)
окутуунун максаты, адабияттар менен камсыздалышы, окуучулардын тартиби, дидактикалык материалдар
16.
Математиканы окутууну уюштуруунун формалары кайсылар?
a)
жекече, тайпалык, фронталдык
b)
коллективдүү, массалык, жекече
c)
өз алдынча, коллективдүү, фронталдык
d)
группалык, массалык, фронталдык
17.
Сөз түрүндөгү методдор кайсылар?
a)
ангеме же айтып берүү, баарлашуу, басма материалдар менен иштөө
b)
эвристтик таануу
c)
байкоо, предметтеги сүрөттөрдү көргөзүү
d)
активдүү таануу
18.
Сабакка аныктама бергиле.
a)
сабак - бул окуу жана тарбия процессинин логикалык жактан негизделген, бүтүн жана убактысы боюнча белгилүү чекке ээ болгон бөлүгү
b)
сабак - бул 45 мүнөткө чектелген окуу процессси
c)
сабак - бул мектептеги иш- аракеттердин атайын уюштурулган, структуралык, максаттуу түрү
d)
сабак - бул логикалык жактан негизделген, убактысы боюнча чектелген окуу- тарбиялык процесс
19.
Математика сабактарынын негизги типтерин атагыла.
a)
жаңы теманы баяндоо сабагы, бышыктоо сабагы, окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерүү сабагы, аралаш сабак, кайталоо сабагы
b)
кайталоо сабагы, жаңы теманы баяндоо сабагы, жалпылоочу сабак
c)
кайталоо сабагы, мисал-маселерди чыгаруу сабагы, текшерүү ишти өткөрүү сабагы
d)
аралаш сабак, тестирлөө сабагы, текшерүү жана суроо-жооп сабагы.
20.
Сабактын тарбиялык мүмкүнчүлүктөрү кайсылар?
a)
сабактын мазмуну, активдүү метод, мугалимдин маданияты
b)
класстык саат, тарбиялык саат
c)
математикалык маселе, теориялык материал
d)
тарбиялык иш-чаралар, класстан тышкаркы иш
21.
Сабактын максатына коюлган талаптарды атагыла
a)
конкреттүү, өлчөнүүчү, ишке ашуучу, жыйынтыкка багытталган, белгилүү убакытка ылайыкталган
b)
мамстандартка байланыштуу, түшүнүктүү, ишке аша турган, өлчөнүүчү, негиздүү
c)
окуу материалына байланыштуу, билим берүүчү, тарбиялоочу, өнүктүрүүчү
d)
жетише турган, айкын, түшүнүктүү, милдеттүү
22.
Маалымат берүүнүн формалары
a)
абстракттуу, символдуу, конкреттүү
b)
оозеки жана жазуу
c)
формалдуу, формалдуу эмес
d)
жаңсоо, белги берүү, коддоо
23.
Сабакка эмнелерге карап баа беришет?
a)
сабактын планынын аткарылышына, максатына жетишүүсүнө, маселелерди чыгарууга, киргизилген өзгөртүүлөрдүн максатка ылайыктуулугуна
b)
коюлган максатына, сабактын мазмунуна, окуучулардын активдүүлүгүнө
c)
сабактын планынын аткарылышына, окуучулардын активдүүлүгүнө жана өз алдынчалыгына
d)
сабакты мугалимдин жыйынтыктоосуна, суралгандардын санына, текшерүү иштердин жыйынтыгына
24.
Математика боюнча үй иштерин текшерүүнүн негизги методдорун атагыла
a)
доскада же ордунан оозэки суроо, кыскача жазуу иши, класста айрымдарын жана негизгисин үйдө текшерүү
b)
дептерлерди текшерүү, тапшырмаларды доскада чыгаруу, окуучулардын үй иштерин өздөрүнө текшертүү
c)
чыгарылгандарды китептин жообуна карап текшерүү, маселени башка жолдор менен чыгаруу, алынган жоопторду анализдөө.
d)
окуучуларды суроо, дептерлерди текшерүү, доскада мисалдарды жана маселелерди чыгаруу
25.
Окуу процессинде модуль кантип аныкталат?
a)
текшерүүчү иш-чаралар менен аякталуучу курстун (тема, бөлүм) логикалык бүткөн бөлүгү
b)
бир сабактын ичинде окуп- үйрөнүүгө зарыл болгон темалардын тобу
c)
жалгыз максатка жана окутуу методикасына ээ болгон предметтин окуу бирдиги.
d)
текшерүү үчүн иш- чаралардын системалуу жана логикалык жактан ойлонулган схемасы
26.
Билим жана билгичтикти текшерүүнүн компонеттери кайсылар?
a)
баалоо, баа берүү, баа коюу
b)
баа берүү, көзөмөлдөө,
c)
текшерүү, эсепке алуу
d)
даражасын, деңгээлин, сапатын аныктоо
27.
Баа берүүнүн функцияларын тапкыла
a)
диагноздоочу, маалымат берүүчү, багыттоочу, стимулдаштыруучу, текшерүүчү
b)
билим берүүчү, тарбиялоочу, өнүктүрүүчү
c)
текшерүүчү, коррекциялоочу, багыттоочу
d)
стимулдаштыруучу, мотивациялоочу, багыттоочу
28.
Математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн негизги формаларын аныктагыла:
a)
сабактагы оозеки жана жазуу түрүндө суроо, текшерүү жана өз алдынча иштер, экзамендер
b)
текшерүү иштер, тестирлөө
c)
маселелерди чыгаруу, үйгө берилген тапшырмалар, текшерүү иштер
d)
тестирлөө, зечеттор, экзамендер
29.
Окуучунун жообу «эң жакшы» деп бааланат, эгерде
a)
жетелеме суроолорсуз, эч катасыз, толук жана туура жоопко
b)
толук жана туура жооп берсе, 2-3 анчейин маанилүү эмес катага жол коюлса
c)
бир ката кетирилген же 4төн ашпаган жөнөкөй кемчилиги бар жоопко
d)
2-3 каталуу жоопко
30.
Математикалык түшүнүк деген эмне?
a)
математикалык обьектилердин касиеттерин өзгөчө ажыратып көрсөтүүчү ойлоонун формасы
b)
математиканын маңызын мүнөздөгөн түшүнүк
c)
математика боюнча базалык түшүнүк
d)
негизги математикалык обьектилерди жана алардын касиеттерин калыптоочу талкуулоо
31.
Математикалык түшүнүктөрдү кийирүүнүн негизги жолдорун атагыла:
a)
конкреттүү-индуктивдүү, абстракттуу- дедуктивдүү
b)
түшүндүрүү, айтып берүү жана далилдөө менен
c)
көрсөтмөлүү, символикалык жана графикалык
d)
аксиоматикалык, индуктивдүү, дедуктивдүү
32.
Математикалык түшүнүктүн тиешелүү элементтерин тактагыла:
a)
мазмуну, көлөмү
b)
шарты жана корутундусу
c)
түз жана тескери
d)
чындыгы далилденбейт
33.
Математикалык түшүнүктөрдү аныктоонун жолдору
a)
теги жана түрлүк өзгөчөлүгү, генетикалык, рекурсивдүү
b)
түшүндүрмө берүү, баяндоо
c)
аксиомалык, индуктивдүү, дедуктивдүү
d)
эреже, закон, формалдуу
34.
Блумдун таксономиясы
a)
билим алуу, түшүнүү, колдонуу, анализдөө, баалоо, чыгармачыл ойлоо
b)
кабыл алуу, түшүнүү, колдонуу, системалаштыруу, жалпылоо, жаратуу
c)
билим алуу, түшүнүү, колдонуу, анализдөө, синтездөө, баалоо
d)
кабыл алуу, түшүнүү, колдонуу, синтездөө, , баалоо, жаратуу
35.
Математикалык сүйлөмдөрдүн негизги түрлөрүн атагыла
a)
аксиомалар, теоремалар, аныктамалар
b)
ой-пикирлер, постулаттар, теоремалар
c)
айтуулар жана элементардык сүйлөмдөр
d)
талкуулоо жана ой-пикирлер
36.
Теоремалардын түрлөрү ...
a)
түз, тескери, карама-каршы, тескери карама-каршы
b)
туура, туура эмес, зарыл жана жетиштүү
c)
логикалык, логикалык эмес, силлогисттик, силлогисттик эмес
d)
жыйынтык, бүтүм, лемма, натыйжа
37.
Математикалык маселелердин компоненттери ...
a)
баштапкы шарты, талабы
b)
аныкталуучу, аныкталбоочу
c)
чыгаруунун катасыздыгы, негизделиши
d)
стандарттуу, стандарттуу эмес
38.
Математикалык маселени чыгаруунун негизги этаптары кайсылар?
a)
шартын түшүнүү, чыгаруунун планын түзүү, планды реализациялоо, чыгарылыштарын анализдөө
b)
кыскача жазылышы, маселенин чыгарылышын келтирүү
c)
маселени анализдөө, чыгаруунун планын аткаруу
d)
шарттуу белгилөөлөр, чиймеси, жообун анализдөө
39.
Кайсы класста 2ге, 3кө, 5ке, 9га, 10го бөлүнүүчүлүктүн белгилерин окутулат?
a)
5-класста
b)
3-класста
c)
4-класста
d)
6-класста
40.
Алгебра боюнча биринчи эмгек кимге таандык?
a)
Мухаммед-ибн-Муса-ал-Хорезмий
b)
Момун-ал-Рашид
c)
Евклид
d)
Архимед
41.
Теңдештик түшүнүгүн кандай метод менен кийрүү максатка ылайыктуу?
a)
конкреттүү-индуктивдүү
b)
абстракттуу-дедуктивдүү
c)
максатка ылайыктуу маселе
d)
проблемалык
42.
Функция түшүнүгү кандай метод менен кийрилет?
a)
максатка ылайык маселе
b)
дедукция
c)
индукция
d)
аналогия
43.
Мугалим билимдердин үлгүсүн берет, тапшырмаларды, аракеттерди, билимдерди сүрөттөп айтып берүү методу кайсы?
a)
түшүндүрмө
b)
көргөзмө
c)
айтып берүү
d)
изилдөө методу
44.
Орто мектепте квадраттык барабарсыздыктар кандай жолдор менен чыгарылат?
a)
график, интервалдар методу, көбөйтүүчүлөргө ажыратуу;
b)
теңдеш өзгөртүп түзүү;
c)
ордуна коюу;
d)
алгебралык кошуу
45.
Геометрия боюнча эң байыркы илимий эмгек
a)
Евклиддин “Башталмасы”;
b)
“Чжоу-би”
c)
“Математика боюнча тогуз китеп”
d)
“Ведах, сутрах”
46.
Геометриянын аксиомалык түзүлүшүнө биринчи жолу ким негиз салган?
a)
Евклид;
b)
Н.И.Лобачесвский;
c)
М.Паш;
d)
Дж. Пеано
47.
Орто мектепте үч бурчтук кандай жол менен аныкталган?
a)
генетикалык;
b)
рекурсиялык;
c)
теги жана түрлүк өзгөчөлүгү менен;
d)
аксиомалык
48.
Мугалим менен окуучулардын ортосунда карым-катнаш жогору денгээлде жүрсө, мындай окутууну эмне деп атайбыз?
a)
интерактивдүү
b)
көрсөтмөлүү
c)
сапаттуу
d)
проблемалуу
49.
Кандайдыр бир ишти аткаруунун жыйынтыгында кайсы бир изделүүчү касиетти, катышты же чоңдукту ала турган, интеллектуалдык тапшырма.
a)
маселе
b)
арифметикалык тапшырма
c)
алгебралык тапшырма
d)
проблемалык маселе
50.
Каталар жөнүндө информацияны алууга, окуучулардын билим, көндүмдөрүн үзгүлтүккө учуратууга себептерди аныктоого мүмкүндүк түзгөн функция кайсы?
a)
диагностикалык функция
b)
проблемалык функция
c)
аналитикалык функция
d)
тарбиялоочу функция
51.
Төрт бурчтукка качан ичтен айлана сызууга болот?
a)
карама-каршы жактарынын суммалары барабар болсо
b)
карама-каршы жактары барабар болсо
c)
карама-каршы жактары параллель болсо
d)
карама-каршы жактары барабар жана параллель болсо
52.
Айланага сырттан сызылган көп бурчтуктун аянты
a)
периметринин жарымын айлананын радиусуна көбөйткөнгө барабар;
b)
периметрин айлананын радиусуна көбөйткөнгө барабар;
c)
периметринин жарымын айлананын узундугуна көбөйткөнгө барабар;
d)
периметрин айлананын узундугуна көбөйткөнгө барабар;
53.
Окуучулардын билиминин, көндүмдөрүнүн абалын аныктоо, окуу убактысын рационалдуу пайдалануусун, таанып билүү ишмердүүлүгүнүн деңгээлин байкоо кандай функция?
a)
контролдоочу функция
b)
окутуучу функция
c)
диагностикалык функция
d)
тарбиялоочу функция
54.
Мектептин методикалык бирикмесинде талкууланып, методикалык бирикмесинин жетекчиси жана окуу бөлүмүнүн башчысы тарабынан текшерилип, мектеп директору тарабынан бекитилген документ кандай аталат?
a)
календардык иш план
b)
тарбиялык иш план
c)
кварталдык иш план
d)
жалпы иш план
55.
Мугалим коюлган маселени бөлүктөргө бөлүп, маселени чыгаруунун кандайдыр бир бөлүгүн окуучуларга көрсөтүп берсе...
a)
аз-аздан изденүү методу
b)
проблема методу
c)
эвристикалык метод
d)
изилдөө методу
56.
Жаңы проблемаларды чечүү үчүн окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн уюштуруу жолу кайсы метод?
a)
изилдөөчү метод
b)
индукция методу
c)
максатка ылайыктуу маселе
d)
конкреттүү метод
57.
3 литрлик 6 банкага шире куюлду. Канча литр шире даярдалган?
a)
18
b)
12
c)
24
d)
15
58.
50 литр сүттү 6 бидонго 8 литрден куюшту. Канча литр сүт ашты?
a)
2
b)
44
c)
42
d)
5
59.
Окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн стимулдаштыруудан, көндүмдөрдүн, жөндөмдөрдүн өнүгүүсүнөн турган функция кайсы?
a)
өнүктүрүүчү функция
b)
окутуучу функция
c)
диагностикалык функция
d)
тарбиялоочу функция
60.
Математиканын өнүгүү тарыхы негизинен .... мезгилди камтыйт.
a)
4
b)
3
c)
5
d)
2
61.
Совет доорунда кенже балдар үчүн алгачкы программа канчанчы жылы түзүлгөн?
a)
1918
b)
1930
c)
1900
d)
1836
62.
Азыркы мезгилде, ким жетектеген топ тарабынан түзүлгөн программа менен окуу китеби башталгыч класстарда окутулуп жатат?
a)
И.Бекбоев
b)
М.И. Моро
c)
В. Давыдов
d)
Колмогоров
63.
Башталгыч класстар 1995-жылга чейин ким жетектеген топ иштеп чыккан программа менен окушкан.
a)
Моро
b)
Комогоров
c)
Саламатов
d)
Бекбоев
64.
Жөнөкөй маселелердин классификациясы канча топко бөлүнөт?
a)
3
b)
4
c)
5
d)
2
65.
Айлана менен бир гана жалпы чекитке ээ болгон түз сызыкты айланага ... деп аташат
a)
жаныма
b)
хорда
c)
түз сызык
d)
радиус
66.
А. Маркушевич баштаган автордук топтун окуу системасы кайсы түшүнүктү үйрөтүүдө негизги багыт болуп саналат?
a)
сан
b)
цифра
c)
туюнтма
d)
теңдеме
67.
Бир сан же амалдардын белгилери менен бириктирилген эки же андан ашык сандар .... деп аталат.
a)
сан туюнтмасы
b)
арифметикалык амалдар
c)
өзгөрмөлүү туюнтма
d)
катыш
68.
2ге бөлүнгөн сандардын баары кандай сандар деп аталат?
a)
жуп
b)
так
c)
туюнтма
d)
теңдеме
69.
Арифметикалык маселелер аткарылуучу амалдардын санына жараша кандай болуп бөлүнөт?
a)
жөнөкөй жана курама
b)
теңдемелүү жана туюнтмалуу
c)
сызыктуу жана татаал
d)
таблицалуу жана жөнөкөй
70.
Бети (грандары) чектүү сандагы көп бурчтуктардан турган туюк фигура ... деп аталат
a)
көп грандык
b)
томпок көп бурчтук
c)
тик бурчтук
d)
грандар
71.
Узундук, аралык, аянт, көлөм, бурч сыяктуу түшүнүктөр ... деп аталышат.
a)
чоңдуктар
b)
масса
c)
чен бирдиктер
d)
өлчөмдөр
72.
Узундукту кандай чен бирдиктери менен өлчөйбүз?
a)
мм, м, см, дм, м, км
b)
м2, см2, дм2, мм2
c)
секунд, минут, саат
d)
кг, г, т, ц.
73.
4 дм 5 см канча см болот?
a)
45 см
b)
405 см
c)
450 см
d)
4005 см
74.
42 м 9 см – 7 м 25 см=?
a)
34м 84 см
b)
35м 65 см
c)
34 м 16 см
d)
34 см 65 см
75.
Эсептегиле: 4 км 300 м *5
a)

21 км 500 м

b)

20 км 300 м

c)

41 км 500 м

d)

4 км 1500 м

76.
Ар кандай санды нөлгө көбөйткөндө .... чыгат.
a)
нөл
b)
сандын өзү
c)
бир
d)
чоң сан
77.
Эсептегиле: 63 кг 400г + 8 кг 600 г
a)
72 кг
b)
71 кг 100 г
c)
71 кг 200 г
d)
72 кг 1000г
78.
9 км 760 м = ... м
a)
9760 м
b)
1660 м
c)
976 м
d)
90760 м
79.
Эсептегиле: 5 кг 430 г * 6
a)
32 кг 580г
b)
30 кг 430 г
c)
30 кг 580 г
d)
7 кг 580
80.
24 санынын 8ден бирин үлүшүн тап.
a)
3
b)
192
c)
32
d)
16
81.
Теңдемени чыгар: 20 + 5 * а = 20 + 15
a)
а = 3
b)
а = 15
c)
а = 10
d)
а = 2
82.
Теңдемени чыгар: 600 : х - 12 = 18
a)
х = 20
b)
х = 1800
c)
х = 15
d)
х = 2
83.
Санды жаз: бирдиги 2, ондугу 7, жүздүгү 4, миңдиги 8.
a)
8472
b)
8000472
c)
80400702
d)
804702
84.
Амалдарды аткаргыла: 623 + 77 * 130 : 91 - 417
a)
316
b)
583
c)
217
d)
326
85.
Эгер маселени чыгаруу үчүн бир гана амал колдонулса ... маселе деп аталат.
a)
жөнөкөй
b)
курама
c)
чечим
d)
тутумдаш
86.
Эгер эки же андан ашык амал аткаруу керек болсо ... маселе деп аталат.
a)
курама
b)
жөнөкөй
c)
тутумдаш
d)
системалуу
87.
12 см болгон кесиндиде канча дм жана см бар?
a)
1 дм 2 см
b)
10 дм 2 см
c)
102 дм
d)
12 дм
88.
Жагы 3 см болгон квадраттын периметрин тап.
a)
12 см
b)
9 см
c)
6 см
d)
27 см
89.
3 см 4 мм кесиндиде канча миллиметр бар?
a)
34 мм
b)
304 мм
c)
30 мм
d)
4 мм
90.
Бегимайдын 24 сому, Айжамалдын 17 сому бар эле. Экөөндө бардыгы канча сому болгон?
a)
41 сом
b)
7 сом
c)
31 сом
d)
47 сом
91.
Кутуда 24 конфет болгон. Анын 6 конфети желди. Кутуда канча конфет калды?
a)
18
b)
30
c)
26
d)
16
92.
Короодо 49 улак, 20 козу бар. Короодо канча мал бар?
a)
69
b)
29
c)
0
d)
20
93.
Бирдиги 3, ондугу 7, жүздүгү 2, миңдиги 8 болгон санды жаз.
a)
8273
b)
3728
c)
8000273
d)
80273
94.
50 сом 75 тый. – 18 сом 70 тый = ?
a)
32 сом 5 тыйын
b)
32 сом 70 тыйын
c)
68 сом 5 тыйын
d)
30 сом
95.
9 сом 93 тыйын = ... тыйын
a)
993 тыйын
b)
183 тыйын
c)
90093 тыйын
d)
8303 тыйын
96.
720 минут = ... саат
a)
12 саат
b)
72 саат
c)
90 саат
d)
60 саат
97.
Теңдемени чыгаргыла: 450 - х = 300
a)
150
b)
750
c)
350
d)
100
98.
Тендемени чыгаргыла: 45 : х = 9
a)
5
b)
405
c)
36
d)
54
99.
Теңдемени чыгаргыла: х : 12 = 6
a)
72
b)
2
c)
36
d)
48
100.
Теңдемени чыгаргыла: 575 – х - 60 = 480
a)
35
b)
125
c)
1345
d)
265