wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

8-кл 34-36

Total questions: 15

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Заряддалган бөлукчөлөр кандай чоңдуктун таасиринде кыймылга келет?

a)

электр талаасынын

b)

ток күчүнүн

c)

электромагнитттик талаанын таасиринде

d)

ток булагынын таасиринде

2.

Заряддалган бөлүкчөлөрдүн багыттуу болушу жана ток күчүнүн чоң же кичине болушу электр талаасынын кайсы чоңдугунан көз каранды?

a)

чыңалуусунан  

b)

ток булагынан

c)

энергиясынан 

d)

жумушунан

3.

Электрдик чыңалуунун чоңдугу электр талаасындагы кайсы чоңдук менен байланыштуу?

a)

ток күчү менен

b)

энергия менен   

c)

жумуш менен

d)

магнит талаа менен

4.

Электр чыңалуусунун формуласынан зарядды кантип тапса болот?

a)

q=U/A 

b)

 

q=A/U 

c)

q= A∙I

d)

q= A∙U

5.

Нымдуу бөлмөдө адамдын организми үчун канча Вольттон жогорку  чыңалуу коркунучтуу болуп саналат?

a)

6 Вольттон 

b)

12 Вольттон  

c)

24 Вольттон 

d)

36 Вольттон

6.

Чынжырдын бөлүгүндөгү чыңалууну өлчөө үчүн ошол бөлүктүн учтарына вольтметр кандай туташтырылат?

a)

удаалаш 

b)

параллель

c)

каалагандай 

d)

кандай прибор экенине жараша

7.

Алессандро Вольта кайсы мамлекеттин окумуштуусу?

a)

Американын

b)

Англиянын 

c)

Италиянын

d)

Франциянын

8.

Чынжырдагы токтун күчү өткөргүчтүн кайсы касиетинен көз каранды?

a)

табиятынан

b)

электр талаасынан 

c)

жумушунан 

d)

энергиясынан

9.

Өткөргүчтүн электр тогунун өтүшүнө тоскоолдук көрсөтүүчү чоңдук эмне деп аталат?

a)

чыңалуу деп

b)

ток күчү деп

c)

каршылык деп

d)

салыштырма каршылык деп

10.

Резистор деген сөз бизче которгондо кандай маанини билдирет?

a)

тосуп алуу 

b)

каршылык көрсөтүү 

c)

чоңойтуу 

d)

кичирейтүү

11.

Электрондорго кайсы бөлүкчөлөр каршылык көрсөткөндө өткөргүчтө каршылык пайда болот?

a)

протондор 

b)

электрондор 

c)

ядролор  

d)

  иондор

12.

Өткөргүчтөрдүн ар кандай каршылыкка ээ болуп калышынын себеби эмнеден көз каранды?

a)

Кристаллдык торчолордун тузүлүшунөн

b)

Атомдордун кыймылынан

c)

Электрондордун термелүүсүнөн

d)

Заттардын катуулугунан

13.

Кесилиш аянты бирдей, узундугу ар башка болгон бир түрдүү материалдан жасалган өткөргүчтүн кайсынысынын каршылыгы чоң?

a)

узунунун каршылыгы чоң

b)

кыскасынын каршылыгы чоң

c)

экөө бирдей

d)

ток күчүнөн көз каранды

14.

Электр каршылыгы өткөргүчтүн кесилиш аянтына кандай пропорциялаш?

a)

пропорциялаш эмес

b)

экөөнүн байланышы жок

c)

түз пропорциялаш

d)

тескери пропорциялаш

15.

Узундугу 1м жана кесилиш аянты 1мм2 болгон өткөргүчтүн каршылыгы эмне деп аталат?

a)

Каршылык деп аталат

b)

Салыштырма каршылык деп аталат

c)

Каршылыктын реостаты деп аталат

d)

Каршылыктын резистору деп аталат