wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Кыргыз тили 11-класс

Total questions: 30

Worksheet time: 23mins

Name
Class
Date
1.

Сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойдун кимге багытталгандыгын көрсөтүүчү сөз?

a)

Сырдык сөз

b)

Киринди сөз

c)

Модалдык сөз

d)

Каратма сөз

2.

Омограф сөздөр:

a)

жең-жең, көк –көк, жеңил –жеңил

b)

балл –бал, билет –белет, туш – тушь

c)

атлас –атлас, ток-ток, бак –бак, карта  -карта

d)

жер –планета, жер –орун, жер –топурак

3.

Антонимдер...

a)

тыбыштык составы  ар башка, бирок  бир эле түшунүктү билдирүүчү сөздөр

b)

бир сөз түркүмүндөгүу карама-каршы мааниде  колдонулуучу, бирок  бири-бирине  салыштырмалуу  маанидеги сөздөр

c)

тыбыштык түзулушү   бирдей, бирок мааниси ар башка  сөздөр

4.

Жаш келсе –ишке, кары келсе –ашка. Сүйлөмдөгү “жаш”, “кары” деген сөздөрдүн мааниси :

a)

синоним

b)

омоним

c)

антоним

d)

бир маанилүү сөздөр

5.

Тилде кандайдыр бир атты (сөздү) өз  аталышында айтпай экинчи бир сөз менен тергеп, сылык айтуу:

a)

жаргон

b)

говор

c)

табу, эвфемизм

d)

жаргон, говор

6.

Табу сөздөр:

a)

Ак киши, кара киши,  Анын жок адам менен иши

b)

Ашкабакты бирөө дарбыз деп жептир

c)

Жакшы сөз – жан эритет, Жаман сөз – жан кейитет.

d)

Шуудураманын ары жагында, шарылдаманын берижагында  маараманы улума жеп жатат. Сууруманы сууруп алып, жанымага жанып алып, бери чап

7.

Сөздөрдүн бардыгы биригип келип …   түзөт.

a)

төл сөздөрдү

b)

сөздүк составды 

c)

сөздүктү

d)

тилди

8.

. Кыргыз тилинин баюу жолдору:

a)

уңгу сөздөргө сөз жасоочу мүчөлөрдүн уланышы, сөз маанилеринин кеңейиши,

башка тилдерден кирген сөздөр аркылуу

b)

унгу сөздөргө сөз өзгөртүүчү мүчөлөрдүн    уланышы, кабыл алынган сөздәр менен

c)

орус, араб, иран, монгол тилдеринен   кирген сөздөр аркылуу жана синоним  сөздөр менен

d)

илим, маданият, техника жана   экономикага байланыштуу жаңы кирген  сөздөр аркылуу

9.

Иран тилинен кабыл алынган сөздөр:

a)

газета, журнал, корабль, радио   

b)

арзан, бадыраң, мейман, кагаз, кулпу

c)

кран, рыцарь, аукцион

d)

рекорд, чемпион,пионер, бокс

10.

Орус тилинен сөздөр кире баштаган  мезгил:

a)

XIX кылым       

b)

Октябрь революциясынан кийин

c)

коллективдештирүү мезгили 

d)

XIX кылымдын экинчи жарымы

11.

Октябрь революциясына чейин   кирген сөздөр:

a) меш, болуш, село, трактор                        б) керебет, самоор, колҳоз, дүкөн

в) ширеңке, күрүшкө, саржан, көлөш         г) коллектив, секунд, митинг, бороз

a)

меш, болуш, село, трактор 

b)

керебет, самоор, колҳоз, дүкөн

c)

ширеңке, күрүшкө, саржан, көлөш       

d)

коллектив, секунд, митинг, бороз

12.

Архаизм сөздөр:

a)

күкүрт, тукум, жувалдыз, гөш

b)

кандагай, ак олпок, үртүк, торко

c)

челек, чылапчын, пийала, чачык

d)

автобекет, аялдама, пайыз

13.

Согуштук ишке байланыштуу    историзмдер:

,

a)

кожо, сопу, шейит, кайридии, сүрө

b)

пансат, удайчы, кошуун, саркер,    жесек, газават

c)

хан, бек, ордо, манап, добулбас

d)

аталык, так, шах, эмир, султан, ажы

14.

. Коомдо жаңы пайда болгон  түшүнүктөрдүн атын атап берүү үчүн   колдонулган термин:

a)

архаизм

b)

неологизм

c)

тарыхый сөздөр

d)

лексика

15.

1930-жылдарда пайда болгон неологизмдер:

a)

самоор, керебет, бөтөлкө, кезит, картөшкө

b)

колхоз, совхоз, коллектия, партия, трактор, уюм

c)

артиллерия, атом бомбасы, чалгынчы, катюша

d)

космос, профкоюз, республика, комитет,  спутник

16.

. Кыргыз тили илимине грамматикалык  терминдерди алгач киргизген тилчи:

a)

К. Тыныстанов

b)

К. К. Юдахин

c)

К. Карасаев     

d)

Б. М. Юнусалиев

17.

605. Чогулүштан тараган кишилер   кыштактын чоң  көчөсүнө толду.  Асты сызылган сөздөрдүн жөндөмөлөрү:

a)

атооч, барыш

b)

чыгыш , илик

c)

атооч , илик

d)

илик, жатыш

18.

Аркылуу мамилсин уюштурган мүчөлөр;

a)

-дыр, -кыр, -ар, -т  

b)

-ыптыр, -иптир, -уптур, -са

c)

-ыш, -уш, -уш, -ш

d)

-ыл, -ил, -ул, -су

19.

Сүйлөмдө чакчылдардын аткарган    милдети.

a)

бышыктоочтук милдет аткарат

b)

кыймыл-аракетти билдирет, өзүнөн мурунку атооч сөздөрдү жөндөмөгө салып башкарат

c)

ээлик милдет аткарат     

d)

толуктап турат

20.

Чакты, жакты көрсөтпөй туруп, кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштер этиштин өзгөчө формаларын билдирген түрү:

a)

атоочтуктар

b)

кыймыл атооч 

c)

чакчылдар

d)

баяндооч

21.

Чакчыл түрмөк:

a)

издегени табылгансып

b)

түзөтүүлөр киргизилди

c)

алыш-бериш 

d)

кыймыл-аракет

22.

Сан атоочтун түрлөрү:

a)

аныктама, сурама

b)

бөлчөк, чамалама

c)

сапаттык, катыштык

d)

белгисиз, күчөтмө

23.

Терезени кимдир бирөө тырс-тырс чертти. Ат атоочтун мааниси боюнча түрү:

a)

жактама

b)

аныктама

c)

белгисиз

d)

таңгыч

24.

Тактоочтун түрлөрү.

 

a)

мезгил, орун, максат: сыпат

b)

жөнөкөй, татаал, тубаса, туунду

c)

мезгил, орун, максат, сын-сыпат, сан-өлчөм

d)

мезгил, орун, сын-сыпат, сан-өлчөм

25.

Кошмок сөз турундөгу тактоочтор:

a)

бат-бат,өйдө-төмөн

b)

ар убак,ар жылы,бир кезде

c)

эрте,быйыл,өз-өзунчо

d)

кошмок сөз турундө болбойт.

26.

Каратма сөздүн милдетин  аткарган сөз түркүмү:

a)

бардык эле сөз түркүмдөрү

b)

зат атооч   жана заттык   маанидеги  сөздөр

c)

илик жөндөмөсүндөгү зат атоочтор

d)

сын атоочтор жана зат атоочтор

27.

. Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр:

a)

каратма сөз, киринди сөз, төл сөз

b)

сырдык сөз, каратма сөз, бөтөн сөз

c)

киринди сөз, модалдык сөз

d)

сырдык, киринди, каратма сөздөр

28.

Төл сөздөр:

a)

намаз, орозо, китеп, мугалим   

b)

тараза, базар, дубал, спорт

c)

кийиз, боз  үй, ак, баш, талаа

d)

машина, мамлекет, республика

29.

. Ырыстын алды ынтымак – деген сөз бар элде. Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз:

a)

төл сөз

b)

бөтөн сөз

c)

кошмок сөз   

d)

татаал сөз

30.

Текстти белгилегиле

a)

Түн. Ай жарык

b)

Биз мектепке келдик. Автобус аялдамага токтоду.

c)

Эр жигит - эл четинде, жоо бетине     

d)

1941-жыл. 22-июнь