wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

6 класс

Total questions: 20

Worksheet time: 17mins

Name
Class
Date
1.

. Өтмө мааниде берилгенсөз айкашы катышкан сүйлөмдү белгилеӊиз.

a)

Жорголор учкан куштай зымырады.

b)

Учкан куштар кайтадан келе баштады

c)

алаада куштар учуп, көпкө чейин коно албай, анан конушту.

d)

Көк мелжиген асманды учкан куштар каптады.

2.

Берилген текст кептин кайсы түрүнө тиешелүү? Балага кара дерматин портфель колго тийди. Боорунда калем-салем салар жамак чөнтөктүү, жылтыраган темир килити бар, кулпунун тилин тээкке салса, чырк этип бекип калат. Кыскасы, окуучунун кадимки портфели.

a)

баяндоо

b)

сүрөттөө

c)

ой жүгүртүү

d)

эч бирине тиешелүү эмес

3.

Белгиленген сөздөрдөн сүйлөмдүн аныктоочун аныктаӊыз.

a)

Эртең Алина татаал экзаменин берет

b)

Кыргыз тилден экзамен татаал болот

c)

Мындан ары биздин экзамендер татаалданат

d)

Экзамендер бүткөндөн кийин татааалдыгын унутту.

4.

Сүйлөмдүн толуктоочун белгилеӊиз. "Мага Саймалуу ташка арналган жазуулар абдан жагат."

a)

мага

b)

Саймалуу ташка

c)

арналган жазуулар

d)

абдан

5.

Сүйлөмдүн толуктоочун белгиле." Ата-бабалар калтырган мурастарды бекем сактайлы."

a)

ата-бабалар

b)

калтырган

c)

мурастарды

d)

бекем

6.

. Сүйлөмдүн бышыктоочун белгилеӊиз. Өзөндөн шарпылдаган суулар шылдырап акты. а) өзөндөн шарпылдаган б) шарпылдаган в) суулар г) шылдырап

a)

өзөндөн шарпылдаган

b)

шарпылдаган

c)

суулар

d)

шылдырап

7.

Берилген фразеологизмдин маанисин аныктаӊыз: «кой оозуна чөп албаган»

a)

чөп жегиси келбей калган кой

b)

ооруп калган кой

c)

жоош

d)

таш боор

8.

Берилген фразеологизмдин маанисин аныктаӊыз: «көз ачып-жумганча».

a)

жөн гана ачып-жумуу

b)

катуу айтуу

c)

сак болуу

d)

тез болуу

9.

Бир тилдеги сөздүн маанисин ачып, ага грамматикалык мүнөздөмө берген … сөздүк аталат.

a)

котормо

b)

түшүндүрмө

c)

орфографиялык

d)

этимолгоиялык

10.

Сөз жасоочу мүчөлөрдүн түрүн аныктаӊыз: -чы,-кер,- чылык, -сыз.

a)

атоочтон атооч жасоочу мүчөлөр

b)

атоочтон этиш жасоочу мүчөлөр

c)

этиштен атооч жасоочу мүчөлөр

d)

этиштен этиш жасоочу мүчөлөр

11.

Белгиленген этиш кайсы сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы менен жасалды? "Отунду кескиле."

a)

-гыла

b)

-ыла

c)

-ла

d)

-гиле

12.

Фразеологизм катышкан сүйлөмдү аныктаӊыз.

a)

Адамдарга эч качан таш боор мамиле жасабаш керек.

b)

Деги тынччылыкпы, демиңди басып айтчы?

c)

Ал музыканын мукам үнүн угуп, өзүн бир башкача сезди.

d)

Найман эне куржунду төөнүн эки өркөчүнүн ортосуна арта салды.

13.

Асты сызылган сөздүн жөндөмөсүн белгилеӊиз. Майрамдын уюшулушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашты.

a)

атооч

b)

илик

c)

барыш

d)

табыш,жатыш

14.

Кайсы сүйлөмдө тыныш белги туура коюлган?

a)

Жаратылыш, сенин кооздугуңду эч качан бузгум келбейт

b)

Жаратылыш сенин кооздугуңду, эч качан бузгум келбейт

c)

Жаратылыш сенин, кооздугуңду эч качан бузгум келбейт

d)

Жаратылыш сенин кооздугуңду эч качан, бузгум келбейт

15.

Төмөндө берилген текст стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

Ишеним кат Мен, Бишкек шаарынын № 69 мектебинин 11-классынын окуучусу Абдрасулов Акылбек, таймашка чыкчу спорттук кийимдеримди классташым Тажибаев Темирландын алып кетишине ишеним көрсөтөм. Дареги: Бишкек шаары, Учкун, 26-21, күбөлүк № 46534098. 2013-жыл. 18 ноябрь. (колу) Абдрасулов А.

a)

көркөм

b)

илимий

c)

публицистикалык

d)

расмий эмес

16.

Төмөндө берилген текст стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

Жакын жерден торгой учту. Көкөлөп барып, канаттарын дирилдетип токтой калды да, сайрап кирди. Нары жактан дагы бир торгой сайрап жатты. Дагы бир тараптан торгой үнү угулгансыйт.

a)

көркөм

b)

илимий

c)

публицистикалык

d)

расмий

17.

Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү белгилеӊиз.

a)

Ийгиликтин ачкычы билим болот деди апам.

b)

«Ийгиликтин ачкычы билим болот,” – деди апам

c)

Ийгиликтин ачкычы билим болот – деди апам.

d)

«Ийгиликтин ачкычы билим болот” деди апам

18.

Татаал сүйлөмдүн курамында канча жөнөкөй сүйлөм?

Жаркын жаз кыздай болуп көйкөлүп күндөн уялып узун кирпиктерин салаңдатып жашыл жалбырактар бактарга көрк берип чөп жерди жарып чыгып калган кези.

a)

2

b)

3

c)

4

d)

5

19.

(1)Сейтаалы Бекмамбетов менин бала чагымдан берки досум. (2) Ал шайыр, тамашакөй жигит болчу. (3) Мен Шекерге келгенде аердеги мектептин директору экен. (4) Анда он алты жашта. (5)Согуш жылдары кат тааныган сабаттуу эркектердин баары согушка аттанып, а айылда калган катын-калач, картаң адамдар көпчүлүгү окуй билчү эмес. (6) Ошол мезгилдин жаштардын билим берүүдөгү орду айтып бүткүс чоң эле. (Ч.Айтматов )

2-сүйлөмдүгү сын атоочту белгилеӊиз.

a)

ал

b)

шайыр, тамашакөй

c)

жигит

d)

жигит болчу

20.

(1)Сейтаалы Бекмамбетов менин бала чагымдан берки досум. (2) Ал шайыр, тамашакөй жигит болчу. (3) Мен Шекерге келгенде аердеги мектептин директору экен. (4) Анда он алты жашта. (5)Согуш жылдары кат тааныган сабаттуу эркектердин баары согушка аттанып, а айылда калган катын-калач, картаң адамдар көпчүлүгү окуй билчү эмес. (6) Ошол мезгилдин жаштардын билим берүүдөгү орду айтып бүткүс чоң эле. (Ч.Айтматов )

Адат өткөн чактын мүчөсү кезиккен сүйлөмдү белгилеӊиз. а) 1 б) 2 в) 4 г) 5

a)

1

b)

2

c)

4

d)

5