Worksheets10-кл. 48-51 пр тест
Total questions: 20
Worksheet time: 10mins
Айлана чөйрө менен жылуулук алмашуу болбогон процесс кайсы?
изохоралык
изобаралык
изотермалык
адиабаттык
Кайсы процессте газ жумуш аткарбайт?
изохоралык
изобаралык
изотермалык
адиабаттык
Ички энергия турактуу сакталган процессти белгиле.
изохоралык
изобаралык
изотермалык
адиабаттык
Басым турактуу процесс эмне деп аталат?
изохора процесси
изобара процесси
изотерма процесси
адиабат процесси
Адиабаттык процессте жумуш эмнеге барабар?
энергиянын өзгөрүшүнө
жылуулукка
ички энергиянын өзгөрүшүнө
температурага
Кайталануучу процесстер кандай шартта гана болушу мүмкүн?
реалдык шартта
идеалдык шартта
вакуумда
бардык учурда
Кайсы күчтөрдүн таасири астында термелүүчү нерсенин кыймылы токтоп калат?
серпилгич жана оордук күчүнүн
тартылуу жана түртүлүү күчүнүн
сүрүлүү жана оордук күчүнүн
тартылуу жана серпилгич күчүнүн
Шарттуу түрдө төмөнкү кубулуштардын кайсынысы кайталануучу процесске мисал боло алат?
жылуулук алмашуу
диффузия кубулушу
заттардын деформацияланышы
термелүү кыймылы
Ички энергияны пайдаланууга байланышкан эл чарбачылыгынын бир түрун эмне деп атайбыз?
агрономия
жылуулук энергетика
биоэнергетика
топография
Ички энергияны механикалык энергияга айландыруучу түзүлүштөр кандай аталат?
генератор
аккумулятор
электр кыймылдаткычы
жылуулук кыймылдаткычы
Буу турбиналары, ичтен күйүүчү кыймылдаткыч, реактивдүү кымылдаткычтардын жалпылыгы эмнеде?
иштөө принциптери бирдей
түзүлүштөрү бирдей
күйүүчү майлары окшош
бардыгы машиналарда колдонулат
Термодинамикалык ситемада аткарылган механикалык жумуштун чоңдугу кайсы кубулуштардан көз каранды?
системанын кысылышы же кеңейишинен
системанын муздашы же ысышынан
системанын энергиясынан
бул чоңдуктардан көз карандысыз эле иштейт
Эң жакшы кысылуучу болуп кайсы зат эсептелет?
керосин
суу
бензин
газ
Механикалык жумуш кайсы энергиянын эсебинен аткарылат?
механикалык
кинетикалык
потенциалдык
ички
Буу турбиналарында турбинаны кайсы зат кыймылга келтирет?
суу
буу
керосин
бензин
Жылуулук кыймылдаткычтарында ички энергияны механикалык энергияга айландыруучу түзулүш кайсы?
жумушчу тело
ысыткыч
муздаткыч
генератор
Жылуулук кыймылдаткычтарында процесс токтобой айланып циклдүү иштөөсү үчүн кайсы түзүлүш болуусу зарыл?
жумушчу тело
ысыткыч
муздаткыч
генератор
ПАК деген сөз кантип чечмеленет?
пайдалуу аракет күчү
пайдалуу аракет коэффициенти
пайдалануучу атайын курал
пайда алып келүүчү
ПАК канчалык чоң болсо, иштелүүчү машина ошончолук.....
өркүндөтүлгөн болот
өркүндөтүлгөн эмес болот
көп май коротуучу болот
ылдамдыгы начар болот
Түбөлүк кыймылдаткыч түзүлгөнбү?
түзүлгөн
түзүлгөн эмес
түзүүгө аракет кылынууда
түзүүгө мүмкүн эмес
