Font size
WorksheetsВикторина
Total questions: 1
Worksheet time: 30secs
Тема: Рапануи
Бүгүн эртең менен тереземди карап туруп, кээ бир өлкөлөрдө Пасха аралы деген ат менен да белгилүү Рапануйде жашап жүргөндө жактырып калган пейзажды көрдүм. Жашыл чөптөр жана бадалдар, көк асман, ал эми арткы планда – азыркы учурда активдүү болбой калган вулкандар. Бул аралдагы акыркы жумам экенин ойлонгондо, мен бир аз кайгырып жатам. Менин изилдөө иштерим бүткөндүктөн, үйгө кайтып кетем. Бүгүн мен дагы адырларды кыдырып, акыркы тогуз айдагы изилдөөлөрүм арналган моаи менен коштошом. Мына бул айрым чоң айкелдердин сүрөтү. Эгер силер быйыл менин блогумду окуп жаткан болсоңор, Рапануинин эли моаилерди жүздөгөн жылдар мурун жаратканын билесиңер. Бул таасирдүү моаилердин баары аралдын чыгыш бөлүгүндөгү бир эле таш иштетүүчү жайда жаралган. Алардын айрымдарынын салмагы миңдеген килограммга жетет, бирок Рапануинин тургундары аларды крандарды жана башка оор техниканы колдонбостон эле таш иштетүүчү жайдан башка жакка көчүрүшкөн. Көп жылдар бою археологдор бул чоң айкелдерди Рапануинин эли кантип жылдырганын билбей келишкен. Бул окуя 1990-жылдарга чейин, археологдордун тобу жана Рапануинин жашоочулары моаини өсүмдүктөрдөн жасалган аркандар, жыгач дөңгөлөктөр жана аралда жайылып өскөн чоң дарактардан жасалган көпүрөчөлөр аркылуу ташып, көтөрүүгө болорун көрсөткөнгө чейин табышмак болуп келген. Моаи табышмагы чечилди. Бирок, дагы бир табышмак калды. Моаини жылдыруу үчүн колдонулган өсүмдүктөргө жана чоң дарактарга эмне болгон? Айткандай эле, терезеден карасам мен чөптөрдү, бадалдарды жана бир-эки кичинекей дарактарды көрүп турам, бирок бул алп айкелдерди жылдыра тургандай эч нерсе жок. Бул кызыктуу баш катырма жана мен ага келечектеги жазууларымды жана лекцияларымды арнайм. Азырынча, кааласаңар, бул табышмакты өзүңөр чечүүгө аракеттенсеңер болот. Джаред Даймонддун “Коллапс” аттуу китебинен баштоону кеңеш кылам.
Саякатчы 1424 май, 16:31
Саламатсызбы профессор! Мен сиздин Пасха аралындагы иштериңизди чоң ырахат менен окуйм. Тезирээк "Коллапсты" окууга шашылам! КВ Арал 25 май, 9:07 Мага дагы сиздин Пасха аралындагы окуяларыңызды окуган жагат, бирок менин оюмча, дагы бир теорияны эске алуу керек.
1-тапшырма.
Жогору жакта жайгашкан "Профессордун блогу" текстин колдонгула. Суроого жооп берүү үчүн тиешелүү жоопту белгилегиле. Блогдун текстине ылайык, профессор илимий ишин качан баштаган?
A. 1990-жылдары.
B. Тогуз ай мурун.
C. Бир жыл мурун.
D. Майдын башында.
2-тапшырма.
Жогору жакта жайгашкан "Профессордун блогу" текстин колдонгула. Суроого берген жообуңарды жазгыла Блогдогу жазуусунун акыркы абзацында профессор мындай деп жазат: "Бирок, дагы бир табышмак калды ..." Ал кайсы табышмак тууралуу айтып жатат?
______________________________________________________________________________________________
