NEW
Font size
Worksheetstest
Total questions: 16
Worksheet time: 16mins
Кайсы варианттагы кызыл менен басылган сөз өтмө мааниде колдонулду?
а) Бул дарттын дабасын тапсаң, сонун болор эле.
б)Сен өрт экенсиң,пай-пай-пай.
в) Бул жүрөктү оорутат
г) Бул айыл таза суу менен камсыз кылынган
Кайсы варианттагы кызыл менен басылган сөз тике маанисинде колдонулду?
а) Ал өзүнүн ширин сөздөрү менен оңой эле түшүндүрүп коет.
б) Кечөө бул шаардын белдүү адамдары менен жолугуп келдим
в) Бизге бүгүн курч жаштар керек
г)Айылымдын таштак жолдорун сагындым.
Кайсы катардагы белгиленген сөз заттын түсүн билдирип турат?
а) Айланаңдагыларга ак көңүл мамиле кыл!
б) 1-сентябрда ак көйнөк кийген окуучулар жайнап кеткендей сезилет.
в)Сөзүң ак болуп,ишиң так болсо, эч ким сени кордой албайт.
г) Ак ийилет,бирок сынбайт.
Маанилеш сөздөр берилген катар кайсы?
а)акыйкат,чындык
б)турмуш ,тагдыр
в)жаза ,күнөө
г) дил ,жашоо
Көзгө жылуу,сүйкүмдүү_________бир киши экен.
Сүйлөмдөгү бош орунду кайсы варианттагы сөз менен толуктасак, мааниси туура болот?
а) жоош
б) жылдыздуу
в) сүйлөөк
г) эпчил
Кайсы варианттагы белгиленген сөз "убакыт" деген мааниде колдонулду?
а) Сынак жыйынтыгын күтүп жатканда , күн өтпөй калат экен.
б) Ушул жумуштан алган айлыгым менен эле күн көрүп келатабыз.
в)Алты күндөн кийин эс алууга кетем.
г)Күн жааган сайын маанайым көтөрүлөт.
__________, шерменде болуптур.
Жогорудагы сүйлөмдү кайсы туруктуу сөз айкашы менен толуктасак, туура маанилүү сүйлөм түзүлгөн болот?
а)Быкпырдай кайнап
б)Быкыйы чыгып
в)Былк эткизбей
г)Бычактай тийип
Мен бул адамдын изин кече албайм.
Белгиленген сөз тизмегинин маанисин аныктагыла.
а) сөзүн уга албайм
б) келечегин биле албайм
в)даражасына жете албайм
г) айткандарын унута албайм
Кайсы вариантта маанилери бири-бирине карама-каршы келген сөздөр берилген?
а) тынч-жымжырт
б) узак-тез
в)бөлөк-жакын
г)кенен- тар
____________,азап жеп отурат эми.
Жогорудагы сүйлөмдү кайсы туруктуу сөз айкашы менен толуктасак туура маанилүү сүйлөм түзүлгөн болот?
а) Жүрөгү элжиреп
б) Жырык теңгеге арзыбай
в) Жыландын куйругун басып алып
г)Жээрин жеп, ичерин ичип
Убакыт тар, кечке дейре жетишишибиз керек. Ат жалына казан асып эле, кете берели!
Белгиленген сөз тизмегинин маанисин аныктагыла.
а) атка ишенүү
б)ат үстүндө азыктануу
в)атты эс алдырбоо
г) аттан түшпөө
Кайсы катардагы белгиленген сөз адамды билдирди?
а) Улуу мындай турсун ,кичүүгө да кол көтөрбөш керек!
б) Бул жерге сенин колуң коюлушу керек экен!
в)Көз жеткен иш ,кол болсо эле, бүтөт.
г) Анын колу болбогон кагаз кагаз эмес.
Кайсы катардагы белгиленген сөз түстү билдирди?
а) Мындай кара адамды көргөн эмесмин.
б) Бир маалда алыстан бир кара көрүндү.
в) Кара кылып отурган жалгыз уулу ооруп калыптыр
г)Кара суук өпкөдөн өтөт го, ыя?!
Баягы__________ айылга кайра чуу салыптыр.
Сүйлөмдөгү бош орунду толуктоого кайсы варианттагы сөз эң ыңгайлуу?
а) ушакчы
б)кабарчы
в)талоончу
г) дүрбөлөңчү
Кайсы катардагы белгиленген сөз өтмө мааниде колдонулду?
а) Апа ,бүгүнкү тамагыңыз күндөгүдөй эле абдан даамдуу болуптур!
б) Биздин жер билинбегени менен , берекелүү жер да!
в)Бүгүн абдан жемиштүү иш жасадык,Кудай кут кылсын!!!
г) Уккулуктуу бир күүңөн чертип берчи!
Кайсы вариантта айтылышы менен жазылышы ар башка,бирок бир маанини билдирген сөздөр берилген?
а) даамдуу. таттуу, жагымдуу
б) жупуну ,жөнөкөй, карапайым
в) кабардар,белгилүү ,анык
г) билерман, даанышман, иштерман
