Font size
WorksheetsПИЗА-2025 математика февраль айы
Total questions: 10
Worksheet time: 12mins
Тосмо – территорияны чектеп бөлүп турган курулуш. Кандайдыр бир жер үлүшүндө курулуш иштери жүрүп жатканда, курулуш иштерине тоскоол болбошу үчүн убактылуу тосмолор тосулат. Санжар тик бурчтуу формасындагы узундугу 30 м, туурасы 24 м болгон жер үлүшүн сатып алды. Ал жерди эки бөлүккө бөлдү: биринчисине үй салуу үчүн, экинчи бөлүгүн сейил багына айлантуу үчүн. Санжар бөлүнгөн бөлүктүн ортосун жана тегерегинин баарын убактылуу, тосмо менен тосууну пландаштырды.
Санжар тосмо салуу үчүн А, Б, В, Г сүрөттөрүндө көрсөтүлгөн 4 чиймени чийди. Кайсы чийме боюнча тосмонун узундугу эң кичине боло тургандай кылып курса болот?
Тосмо – территорияны чектеп бөлүп турган курулуш. Кандайдыр бир жер үлүшүндө курулуш иштери жүрүп жатканда, курулуш иштерине тоскоол болбошу үчүн убактылуу тосмолор тосулат. Санжар тик бурчтуу формасындагы узундугу 30 м, туурасы 24 м болгон жер үлүшүн сатып алды. Ал жерге үй салганы жатат. Ал жерди эки бөлүккө бөлдү: биринчисине үй салуу үчүн, экинчи бөлүгүн сейил багына айлантуу үчүн.
Санжар үй салуу үчүн А, Б, В, Г сүрөттөгүдөй 4 чиймени чийди. Кайсы чийме боюнча, бөлүнгөн жер үлүшүнүн бир бөлүгүнө 11 м × 25 м өлчөмүндөгү үйдү салса болот?
Азамат жер участогун сатып алды. Биринчи жылы ал үй салып, тегерегин евротосмо менен тосуп койду. Тосуу үчүн 90 м евротосмо сарпталды. Түштүк жагынан тосмонун жанына ири (бийик) дарактарды отургузду. Ал жакта отургузулган дарактар тосмодон жана курулуштан канча метр алыстыкта болуш керек болсо, ошол эрежелер толук сакталган. Кийинки жылы батыш жагына бадалдарды отургузууну чечти.
Азамат тосмо, курулуш жана бактарды отургузуу аралыктарынын эрежесин баарын сактаган болсо, бадалдар менен үйдүн ортосунагы аралык 8 м боло тургандай кылып бадалдарды отургуза алабы? Эгер үйдүн узуну 12 м, туурасы 10 м болсо.
Жообун чыгарылышы менен жазгыла:
Тосмо – территорияны чектеп бөлүп, тосуп турган курулуш. Евротосмо – бул декоротивдик темирбетеон менен жасалган тосмо. Азамат еврозабор курууну чечти. Төмөндөгү RIMAN.KG фирмасынын 1 метр еврозабордун баасы жазылган таблицасын карагыла.
Эгер Азамат 5 м евротосмону 12000 сомго алам деп эсептеп даярданган болсо, анда ал эки тосмонун кайсынысын сатып ала алат?
Бир нече туура жоопту тандагыла:
«Венеция» евротосмосу, бийиктиги 2 м
«Венеция» евротосмосу, бийиктиги 2,5м
«Кристалл» евротосмосу, бийиктиги 2 м
«Кристалл» евротосмосу, бийиктиги 2,5 м
Ысык-Көл Ысык-Көл Кыргызстандын бермети. Аты айтып тургандай эле, чындыгында ал көл туздуу болгондугуна байланыштуу кышында тоңбойт. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1608 м биийктикте жайгашкан жана дүйнөдөгү көлдөрдүн тереңдиги боюнча жетинчи орунда турат.
Төмөнкү таблицада көлдөрдүн тереңдиги жана ээлеген орду көрсөтүлгөн.
Аталышы Эң терең жери (м)
1 Байкал 1642
2 Танганьика 1470
3 Восток 1200
4 Каспий деңизи 1025
5 Сан-Мартин 836
6 Ньяса 706
7 Ысык-Көл 702
8 Чоң эрксиз көл (Большое невольничье озеро)
Акыркы жылдары климатта чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына байланыштуу, көл бууланып, жылдан жылга азайып жаткандыгы байкалып жатат. Кийинки жаңы маалыматтар боюнча азыркы мезгилде Ысык-Көлдүн тереңдиги – 668м. Эгерде башка көлдөрдүн тереңдигин өзгөргөн жок деп эсептесек, анда аныкталган жаңы маалымат боюнча Ысык-Көлдүн тереңдиги дагы деле ошол орунду ээлейби?
Бир туура жоопту тандагыла: o Ооба o Жок Жообун түшүндүрүү менен жазгыла:
“Жок” деген жооп берилсе жана төмөнкүдөй түшүндүрүүлөр жүргүзлсө:
706>668>614 706>702>614
“Жок” деген жооп берилсе, түшүндүрмөсү толук эмес болсо же чыгаруудан бир ката кетсе
Кыргызстандыктардын эң жакшы көргөн эс алуу жерлеринин бири Ысык-Көл. Андан сырткары көлгө жыл сайын КМШ мамлекеттерининен жана башка дүйнө элдеринен эс алуучулар келип, эс алышат. Эс алуу учурунда Ысык-Көл үстүндө сүзүп жүргөн теплоходго түшүп көңүл ачышат, күч топтошот, энергия алышат. Ошондой эс алуу күндөрүнүн биринде, туристтердин тобуна 5000 сомго теплоходго түшүп, сейилдеп келүүнү сунуш кылышты. Теплоход туристтердин тобун салып алып, 20 км/саат ылдамдык менен 1,5 саат сүздү, андан кийин ылдамдыгын 5 км/саатка чоңойтуп, дагы сүзүп жүрдү. Теплоход бардыгы 4,5 саат сүзүп жүрүп келип токтоду. Туристтердин ичинен бирөөсү: “Демек, 1 км теплоходдо сейилдөө, болжол менен 50 сом турат экен” – деп ой жүгүрттү.
Теплоходго түшүп, сейилдеп келген туристтин ой жүгүртүүсү туурабы?
Бир туура жоопту тандагыла:
o Туура
o Туура эмес
Жообун чыгарылышы менен жазгыла:
Жооп: “Туура” деп берилген, төмөндөгүдөй чыгарылыштары менен: 1,5×20+3×25=105 5000:105=47,6190476 47,6190476 ≈50
Жооп: “Туура” деп берилген, бирок чыгарылышы толук эмес же эсептөөдөн бир ката кетсе
туура эмес
Төрт кишиден турган үй-бүлө: атасы, апасы, 9 жаштагы кызы жана 5 жаштагы баласы, кызынын туулган күнүндө, “Алыкул” теплоходуна түшүп, сейилдеп келүүнү чечишти.
Бул үй-бүлөгө 3000 сом теплоходдо сейилдеп келүүсүнө жетеби?
Бир туура жоопту тандагыла:
Жетет, 1000×2+700
Жетпейт, 1000×2+700×2
Жетет, (1000+700) ×2
Жетет, 1000 +700×2
“Алыкул” теплоходуна түшүп алып сейилдөө 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Бирок эс алуучулардын суроосу боюнча ар күн сайын сейилдөө убактысы көбөйүп жатты. Төмөн жакта бир жума ичинде “Алыкул” теплоходунда сейилдөөнүн убактысы жана эс алуучулардын саны көрсөтүлгөн.
Тексттин алдында түзүлгөн диаграмманы карап чыккыла жана бир нече туура ырастоолорду тандагыла:
Жекшембиде дүйшөмбүгө караганда сейилдөө убактысы 3 эсе көп болду.
Шаршембиде эс алуучулардын саны бир жумадагы башка күндөрдүн баарынан аз болду.
Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин теплоходдо сейилдөөчүлөрдүн саны азайып кетти.
Бир жума ичинде теплоходдо сейилдөөнүн убактысы акырындап көбөйүп жатты.
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан кичинекей капчыгай. Кызыл чополуу коктулары менен ал жомоктогудай кооз болуп көрүнөт. Ал капчыгай Тосор айылына жакын, Балыкчы шаарынан 120 км, Бишкек шаарынан болжол менен 270 км, Чолпон-Ата шаарынан 240 км, ал эми Каракол шаарынан 220 км алыстыкта жайгашкан. Алтынчы күнү ошол “Жомок” каньонуна Балыкчыда, Бишкекте, Чолпон-Атада жана Караколдо жашаган достор барып келүүнү чечишти. Алар өздөрүнүн машиналарын орточо 100 км/саат ылдамдык менен айдап, эртең мененки саат 10:00 до каньондо жолугушарын сүйлөшүштү. Сүйлөшүлгөндөй эле алар алтынчы күнү эртең менен жашаган жерлеринен чыгышты. Whatsapp чат аркылуу алар саат канчада үйлөрүнөн чыккандарын жана ар бири орточо 100 км/саат ылдамдык менен жол жүрүп келерин билдирип жазып коюшту.
Жазылган Whatsapp чатты карап туруп, кайсы дос белгиленген убакыттан кечикпей келерин белгилеп чыккыла.
Бир нече туура жоопту тандагыла:
Балыкчылык дос
Чолпон –Аталык дос
Караколдук дос
Бишкектик дос
География сабагында “Ысык-Көлдүн климаты “ деген жаңы тема өтүлдү. ЫсыкКөл өрөөндүн климатын жумшартып турат. Кайсы мезгил болбосун эс алууга абдан ыңгайлуу. ЫсыкКөлдүн климаты деңиздикине окшош келет. Көл жээгинин климаты мелүүн, кышында жылуу, жайында салкын болот. Декабрдагы орточо температура 00 тун тегерегиде -3 0 С, январда -5 0С, февралда -4 0С. Ал эми жайында күндүз июнь айында орточо +190С, июлда 21,60С, августа +200С болуп турат. Аябай мээ кайнаткан ысык күндөр жокко эсе. Ошол эле учурда күнгө күйүп, энергия алып, күндөн “витаминдерди” алууга эң жакшы күндөр көп болот. Ушул тема боюнча мугалим балдарга түшүнүгү боюнча ырастоолорду жазып келгиле деген тапшырма берди. Сол жакта окуучулар жазган ырастоолордун бирөөсү көрсөтүлгөн.
Суроого жооп берүү үчүн таблицадагы ар бир ырастоо үчүн “Туура” же “Туура эмес” деген варианттарды белгилегиле.
туура эмес
туура эмес
туура
туура
туура
туура эмес
туура
туура
туура
туура эмес
туура эмес
туура эмес
туура эмес
туура
туура
туура
туура эмес
туура
туура
туура
