wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

38-46-параграфка тест

Total questions: 20

Worksheet time: 10mins

Name
Class
Date
1.

     Окумуштуу Георг Ом чынжырдагы кайсы чоңдуктардын өз ара байланышын көрсөткөн законду ачкан?

a)

ток күчүнүн, чыналуунун жана сыйымдуулуктун

b)

ток күчүнүн, чыналуунун жана жумуштун

c)

ток күчүнүн, чыналуунун жана кубаттуулуктун

d)

ток күчүнүн, чыналуунун жана каршылыктын

2.

  Ом закону боюнча чынжырдагы токтун күчү менен каршылык бири бирине кандай көз каранды?

a)

түз көз каранды 

b)

тескери  көз каранды

c)

көз каранды эмес   

d)

экөөнүн байланышы жок

3.

Георг Ом кайсы мамлекеттин окумуштуусу болгон?

a)

орус окумуштуусу

b)

америкалык окумуштуу

c)

немис окумуштуусу

d)

англиялык окумуштуу

4.

Кандай туташтырууда жалпы каршылыктын мааниси чоң болот?

a)

удаалаш туташтырууда    

b)

жарыш туташтырууда    

c)

экөө барабар болот

d)

туура жооп жок

5.

Удаалаш туташтырууда жалпы чыңалуунун мааниси кандай болот?

a)

биринчи чынжырдагы чыңалуунун мааниси чоң болот

b)

экинчи чынжырдагы чыңалуунун мааниси чоң болот

c)

чынжырдын бардык бөлүгүндө чыңалуу бирдей болот

d)

айрым бөлүктөгү чыңалуулардын суммасына барабар болот

6.

Удаалаш туташтырууда жалпы ток күчунун мааниси кандай болот?

a)

биринчи чынжырдагы ток күчунүн мааниси чоң болот

b)

экинчи чынжырдагы ток күчүнүн  мааниси чоң болот

c)

чынжырдын бардык бөлүгүндө ток күчү бирдей болот

d)

айрым бөлүктөгү ток күчүнүн суммасына барабар болот

7.

Жарыш туташтыруу кезинде жалпы чыңалуу жана чынжырдын бөлүктөрүндөгү чыңалуунун маанилери кандай болорун көрсөткүлө?

a)

220В= 220В= 220 В 

b)

220=110В +110 В 

c)

220 В= 110 В * 2 В   

d)

220 В= 440 В : 2 В

8.

Реостаттын жардамы менен каршылыкты азайтып көбөйтүүнүн натыйжасында кайсы чоңдукту жөнгө салып турабыз?

a)

чыңалууну    

b)

ток күчүн

c)

электр жумушун

d)

электр кубаттуулугун

9.

Кайсы учурда ток күчү чоң болот?

a)

өткөргүч узун болгондо

b)

өткөргүч кыска болгондо

c)

ток күчү өткөргүчтөн коз каранды эмес     

d)

туура жообу жок

10.

Чынжырдагы чыңалуунун, ток күчүнүн жана убакыттын көбөйтүндүсүнө барабар чоңдук эмне деп аталат?

a)

Ом закону 

b)

Джоуль -Ленц закону   

c)

токтун кубаттуулугу

d)

токтун жумушу

11.

Электр эсептегичи менен кайсы чоңдукту өлчөйбүз?

 

a)

токтун кубаттуулугун  

b)

токтун жумушун

c)

токтун күчүн      

d)

октун чыңалуусун

12.

Чынжырдагы чыңалуу менен ток күчүнүн көбөйтүндүсүнө барабар чоңдук эмне деп аталат?

a)

Ом закону  

b)

Джоуль -Ленц закону   

c)

токтун кубаттуулугу     

d)

токтун жумушу

13.

1 кВт * саат токтун жумушу канча Дж ( Джоулга) барабар?

a)

3600 Дж

b)

36 000 Дж    

c)

360 000 Дж  

d)

3 600 000 Дж

14.

Эркин электрондор өткөргүч аркылуу кыймылга келгенде иондорго кагылышып, энергиясынын бир бөлүгүн аларга берүүнүн натыйжасында өткөргүч ысыйт. Бул учурда өткөргүчтө кайсы энергия жогорулайт?

a)

ички энергия  

b)

кинетикалык энергия      

c)

потенциалдык энергия   

d)

механикалык энергия

15.

Материалы жана узундуктары бирдей болгон эки өткөргүч электр чынжырына жарыш туташтырылган. Алардын кайсынысынан көп жылуулук бөлүнүп чыгат?

a)

жоон зымдан 

b)

ичке зымдан  

c)

экөө бирдей жылуулук чыгарат   

d)

туура жооп жок

16.

Электр лампасына толтурулган газ эмне кызмат атакарат?

a)

вольфрам зымынын ысышына жардам берет

b)

вольфрам зымынан жарык чыгуусуна жардам берет

c)

вольфрам зымынын буулануусунан сактайт

d)

вольфрам зымынан эрип кетүүсүнөн сактайт

17.

Үйлөрдө колдонулуучу лампалар Кыргызстандын кайсы шаарында чыгарылат?

a)

Кара Балта шаарында

b)

Кант шаарында  

c)

Майлуу – Суу шаарында

d)

Сүлүктү шаарында

18.

Ысытуучу куралдарга кайсы металлдан жасалган зым колдонулат?

a)

темир

b)

нихром

c)

хром

d)

никель

19.

Өткөргүчтөгү чукул туташуу кайсы чоңдуктун чоңоюп кетүүсүнүн негизинде келип чыгат?

a)

ток күчүнүн

b)

чыңалуунун

c)

каршылыктын

d)

энергиянын

20.

Электрдик сактагычтын ичине коюлуучу зым кайсы металлдан жасалган?

 

a)

темирден

b)

вольфрамдан

c)

нихромдон

d)

коргошундан