wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Мар Байжиев "Бир тоголок самын"

Total questions: 27

Worksheet time: 13mins

Name
Class
Date
1.

Кимдин атасы киши өлтүргөн?

a)

Зайранын

b)

Турусбектин

c)

Амандын

2.

Чыгарманын жанры?

a)

поэма

b)

роман

c)

аңгеме

3.

Кайсы мезгилдеги окуя сүрөттөлгөн?

a)

жай

b)

кыш

c)

согуш

4.

Турусбектин энеси кандай аял болгон?

a)

ачуусу чукул

b)

кой оозунан чөп албаган

c)

жоош

5.

Турусбектин атасынын мүнөзү

a)

кой оозунан чөп албаган

b)

эч кимге пайдасы да, зыяны да тийбеген

c)

ак көңүл

6.

Турусбектин атасы мас болгонда апасына кандай мамиле кылчу?

a)

каткырып күлүп,эркелетип,өзү менен өзү жүрө берчү

b)

кыжырланып, жини келип чатак чыгарчу

c)

энеси эмне дебесин кың дебей тилин алчу,кадимкидей коркчу

7.

Булардын үйүндө болуп жаткан окуяларды ким билчү?

a)

эч ким билчү эмес.

b)

Зайра гана билчү

c)

Мырзакул

8.

Турусбектин атасы ким менен сырдашчу?

a)

аялы менен

b)

Мырзакул менен

c)

Турусбек менен

9.

Зайыбынан корккон эркек адам эмес.Ал жөн эле бир жан! Бул сөздөр кимге карата айтылган?

a)

Турусбектин атасына

b)

Мырзакулга

c)

Маамытка

10.

Зайранын энесинин аты?

a)

Аалкан

b)

Сайраш

c)

Сурмаш

11.

Сурмаш күйөөсү согушка кеткенден кийин эмне кылат?

a)

бир жылдан кийин айылда дүкөн кармаган төкөр менен баш кошот

b)

бир-эки айдан кийин өзүн колго алып, совхозго жумушка орношот

c)

бир- эки айдан кийин Маамыт менен баш кошот

12.

Зайранын апасы турмушка чыгып, кайсы жакка көчүп кетет?

a)

Ташкентке

b)

Казакстанга

c)

Ошко

13.

Эмне үчүн 6-класс менен 7-классты бир бөлмөдө окутчу?

a)

кабинет жетишпегендиктен

b)

окуучулар аз болгондуктан

c)

мугалимдердин көбү согушка кеткен

14.

Ошол учурда мектепте канча окутуучу калган эле?

a)

беш

b)

төрт

c)

алты

15.

Турусбек эмне үчүн 7-классты эки жыл окуну туура көрөт?

a)

Зайра менен бирге окугусу келет, аны күтүүнү тууру табат

b)

жакшы окубагандыктан, эскертүү алып, класстан калат

c)

Зайраны ойлоп, сабакты окубай коет

16.

Мугалимдер эмнеге таң калат?

a)

Турусбектин соз укпай калганына

b)

Турусбектин окуусу начарлап кеткенине

c)

Зайра менен Турусбек бир класста окуп калганына

17.

Зайранын кулагындагы сөйкөлөрү Турусбекке кандай көрүнчү?

a)

асыл таштардай

b)

алтындай

c)

дүйнөдө баа жеткис кымбат заттардай

18.

Бир жылдыз бардыгынан мээримдүү болуп,ааламга башкача нур чачкансыйт-....

a)

ал Чолпон

b)

ал Жетиген

c)

ал Эгиздер

19.

Турусбектин алаканын Кумайык тили менен жалаганда , ал колун эмнеге аарчыды?

a)

кол аарчыга

b)

чепкенге

c)

чапанына

20.

Турусбектин атасынын кесиби?

a)

мугалим

b)

өтүкчү

c)

тамырчы

21.

Бир тоголок самындын баасы канча эле?

a)

отуз-кырк жумуртканын баасы

b)

аябай кымбат болчу

c)

отуз-кырк сомдун тегереги

22.

Зайранын атасы каза болгонун чоң энесинен эмне үчүн убактылуу жашырып коюшту?

a)

апасы башкага турмушка чыгып кеткендиктен

b)

кемпирдин жалгыз небереси өлүм алдында жаткандыктан...

c)

кемпир ооруп калгандыктан

23.

Зайра эмне үчүн катуу ооруп калды?

a)

Жакшы тамактанбагандыктан

b)

Турусбек экөө катуу жамгырда калып, суу болуп калганда суук тийип

c)

апасын катуу сагынып, куса болуп

24.

Эмне үчүн сен күнөонүн баарын атаңа коесуң? Оорусу катуу болсо ким болбосун айыкпайт да,-.... Кимдин сөзү?

a)

Мырзабек

b)

Сумаш

c)

Рапия

25.

Турусбектин атасы Зайраны кантип дарылайт?

a)

дары чөптөр менен

b)

самынды дубалап, киринткиле деп

c)

окуп, деп салып

26.

Алексей Степанович Криваносовдон Зайранын чоң энеси: "Дарты эмне экен?" -десе ....

a)

"Айла жок, кайрат кылыңыз, байбиче"

b)

Мурун анча-мынча суук тийсе керек,анан кабылдап кетип эки кабыргасынан тең сезгениптир

c)

өпкөсү сезгениптир

27.

Алексей Степанович Криваносовдон Зайранын чоң энеси: "Дарты эмне экен?" -десе ....

a)

"Айла жок, кайрат кылыңыз, байбиче"

b)

Мурун анча-мынча суук тийсе керек,анан кабылдап кетип эки кабыргасынан тең сезгениптир

c)

өпкөсү сезгениптир

Similar Resources on Wayground