WorksheetsКызматчы сөздөр
Total questions: 15
Worksheet time: 35mins
Төмөндөгү сүйлөмдөгү жандооч кайсыл жөндөмө менен айкалышат?
“Университетибиз тарыхы жөнүндө малымат алмаштык.”
Табыш
Атооч
Барыш
Чыгыш
Кайсыл сөз түркүмүндөгү сөздөр өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүн милдетин аткара албайт?
Зат атоочтор
Этиштер
Сын атоочтор
Кызматчы сөздөр
Али менден соң келди.
Сүйлөмдөгү жандооч кайсыл жөндөмөнү талап кылып жатат?
Чыгыш
Барыш
Жатыш
Атооч
Баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдөрдү өз ара тутумжаштырган, байланыштырган сөздөр ….. деп аталат
Бөлүкчө
Багындырма байламта
Багындырбас байламта
Модаль сөздөр
себеби, анткени, андыктан сыяктуу байламталар байламталардын кайсыл түрүгө кирет?
Шарттуу
Каршылагыч
Салыштырма
Себеп- натыйжалагыч
Бүгүн ооз ачарга мечитке барам, же Аргендин үйүнө.
Сүйлөмдө колдонулган байламта түрүн белгилеңиз!
Божомолдогуч
Салыштырма
Шарттуу
Каршылагыч
Каршылагыч байламталар берилген катарды белгилеңиз!
а, ал эми, себеби, эгерде, анткени.
бирок, ошондуктан, ошол себептүү.
а, ал эми, бирок, антсе дагы, ошентсе да,
демек, же, эгерде, себеби, ошондой болгону
Эгерде, эгер байламталары катышкан сүйлөмдөрдүн баяндоочторуга кайсыл мүчө кошулат?
–са
–ган
–га
–дан
Байламталар синтаксистик кызматына карай канча бөлүккө болүнөт?
3 бөлүккө
5 бөлүккө
2 бөлүккө
Бөлүнбөйт!
Адам канчалык акылдуу болсо, мойнуна жүктөлгөн жүкта
ошончолук болушу керек.
Сүйлөмдө кандай байламта колдонулган?
Божомолдогуч
Каршылагыч
Шарттуу
Салыштырма
Кызматчы сөздөр канча түргө бөлүнөт?
Аттарын жазыңыз!
Атооч жөндөмөсүн талап кылган жандооч катышкан сүйлөмгө мисал жазыңыз!
Багындырма байламталардын бөлүктөрүн жазыңыз!
Божомолдогуч байламта катышкан сүйлөмгө мисал жазыңыз!
Жөнөкөй жана Татаал байламталар кайсыл жагына карай айырмаланат?
