wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

ЖРТ 1 ....22 суроолор курон китеп

Total questions: 22

Worksheet time: 23mins

Name
Class
Date
1.

1.    Төмөндөгү көрсөтүлгөн окуялардын ичинен кайсынысы неолит доорундагы алгачкы жамааттык түзүлүштүн бузула баштагандыгын көрсөтөт:

a)

Согуштардын башталышы жана жол башчыларынын бөлүнүп чыгышы

b)

Металл куралдарынын пайда боло башташы

c)

Социалдык теңсиздиктин пайда болушу

d)

Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү

2.

Борбордук Азия аймагындагы уруулар үчүн Коло дооруна мүнөздүү көрүнүш      (б.з.ч. ІІІ –І миң жылдыкта) – бул:

a)

Чарбада жана турмуш-тиричиликте темир эмгек шаймандарынын болуусу

b)

бекемделген шаарларды массалык түрдө куруу шарттарынын өнүгүүсү

c)

өндүрүш күчтөрү менен өндүрүш каражаттарынын сапат жагынан өсүүсү

d)

жазма менен илимий билимдин бардык жереге тарашы

3.

Кочкор айлынын тургундары үй курган мезгилде коло буюмдарынын кенчин табышкан. Окумуштуулар бул кенч мындан 5 миң жыл мурункуга тиешелүү деп табышкан. Табылган буюмдар Кыргызстандын аймагындагы кайсы археологиялык маданиятка тиешелүү?

a)

Чуст маданияты

b)

Андрон маданияты

c)

Сак маданияты

d)

Усун маданияты

4.

Коло доорунан баштап Түндүк Кыргызстандын калкы көбүнчө мал чарбачылык менен, ал эми Түштүк Кыргызстандын калкы көбүнчө дыйканчылык менен кесип кылышкан. Мунун башкы себеби:

a)

коңшу элдердин үлгүсү

b)

табигый шарттар

c)

түндүк Кыргызстанда айыл чарбада колдонуучу шаймандарды билишпегендиги

d)

түндүктө жана түштүктө жашаган эл жеген азык-түлүктөр ар башка болгондугу

5.

Согуштук демократия доорунда, сак урууларында социалдык теңсиздик пайда болгон. Сак көрүстөндөрүндө табылган кайсы архелогиялык  табылгалар буга далил?

a)

Көрүстөндөрдө жол башчыларынын алтын жасалгаларынын табылышы

b)

Көрүстөндөрдө жолбашчылардын аттары жазылган такталардын табылышы

c)

Сак доорунда бардык көрүстөндө көмүлгөндөр бирдей болушу

d)

Согуш  мезгилинде каза болуп көмүлгөндөргө таш белгилердин коюлушу

6.

Сак көчмөн урууларынын коомдук түзүлүшү аскердик мүнөзгө ээ болгон. Кандай саясий түзүлүш акердик демократия деп аталат?

a)

Аскер башчылары демократиялык жол менен шайланган мамлекеттик                          башкаруунун формасы

b)

Жогорку мамлекеттик бийлик бир адамга таандык болгон мамлекеттик                 башкаруунун формасы

c)

Мамлекеттик бийлик ак башкаруунун жогорку формасы сөөктөргө таандык болгон

d)

Бийлик аз сандагы адамдар тобунун колунда топтолгон саясий режим

7.

Б.з.ч. ІІ миң жылдыкта Кыргызстанда жашаган уруулар жаратылыштагы белгисиз күчтөргө жана жаныбарларга сыйынганын таштарга чегилген сүрөттөр-петроглифтер далилдейт.Фергана тоо кыркаларында кайсы белгилүү петроглиф эстелиги кездешет?

a)

Ак-Чуңкур                             

b)

Саламат-Булак

c)

Тешик-Таш                            

d)

Саймалы-Таш

8.

Сүрөттө байыркы Ирандын падышасы Дарий 1, анын алдында туткундалган тогуз аскер башчы кечирим суроо алдында турат.Сүрөттө туткундалгандардын арсында сактардын бир уруусу бар, ал кайсы экенинин далилдегиле?

a)

Колуна жаа кармап тартылган сак аскер башчысы

b)

Чуштугуй калпак кийип тартылган сак аскер башчысы

c)

Жерге жаткырылып жан соога сурап жаткан сак аскер башчысы

d)

Калгандардан алдыда турган сак аскер башчысы

9.

Байыркы Кытайдын тарыхый хроникасында дабандыктардын жашоо турмушу тууралуу мындайча жазылган: Дабандын калкы 60 мин үй-бүлөдөн 300 мин адамдан турат. Дабан жергесинин бүткүл аймагында жүзүмдөн шарап ачытылат. Дабанда жетимиштен ашуун шаарлар бар, алардын жашоочулары пайда үчүн менен бири-бири тең тайлашып турушат. Аргымактары аябай көп. Ал жерде шайыны, лакты да колдонушканы менен чоюн буюмдарын куюшканды билишбейт. Бул хроникадагы маалыматта Дабандыктардын чарбанын кайсы түрү менен кесип кылбаганы көрсөтүлгөн эмес?

a)

Жүзүм шарабын иштетүү                    

b)

Соода

c)

Жылкы өстүрүү                                         

d)

Жибекчилик

10.

Фергана өрөөнүндө б.з.ч. II кылымда пайда болгон Даван өкүмдарлыгын тарыхчылар эрте мезгилдеги мамлекет деп мүнөздөшөт. Келтирилген мүнөздөмөгө кайсы формасы туура келет?

a)

Мамлекет чексиз бийлиги болгон падыша тарабынан дайындалган

b)

Мамлекет аксакалдар кеңеши тарабынан дайындалган

c)

Мамлекет падыша, аксакалдар кеңеши тарабынан дайындалган

d)

Мамлекет баскынчылар койгон падыша тарабынан башкарылган

11.

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь "Ши цзи" ("Тарыхый жазмалар") эмгегинде хунндардын бийлик эгеси Моде шанүй б.з.ч. 201-ж. түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыгып, көз карандысыз гяньгундар, динлин, синьли өңдүү урууларды каратып алган. Гянь-гундар деп кытайлар байыркы кыргыздарды аташкандыгы илимде толук далиденгенЭмне үчүн "Ши цзидеги" маалымат Кыргызстандын тарыхы үчүн абдан мааниси зор болуп саналат?

a)

«Ши цзиде» биринчи жолу кыргыздар эскертилет

b)

«Ши цзиде» Хунндар менен Кытайлардын согушу баяндалат

c)

«Ши цзиде» Улуу Жибек жолунун пайда болушу баяндалат

d)

«Ши цзиде» биринчи жолу хунндар жөнүндө эскертилген

12.

Б.з. чейинки I кылымда кытай императору офицер Чжан Цянды Борбордук Азияга саякат жасоого жөнөткөн. Чжан Цяндын саякатынын башкы максаты эмнеде болгон?

a)

Гунндар менен күрөшүү үчүн согуштук союздаштарды (шериктештерди) издөө

b)

Жаны соода-экономика байланыштарын издөө чалгындоо

c)

Кийин басып алуу максатында аймакты

d)

Кытай ханбийкеси үчүн татыктуу күйөөнү издөө

13.

. Б.з.ч. ІІ кылымда хань жана гунн башкаруучулары Усун мамлекети менен ынтымак түзүүгө аракеттенишкен, анткени:

a)

Усун мамлекети баскынчылык согуштарды жүргүзүп, өз коншуларына коркунуч туудурган

b)

Хань жана гунн мамлекеттери өз ара душман болуп, өздөрүнө ынтымакташ издешкен

c)

Усун мамлекети кербен жолдорунда ынгайлуу абалды ээлеген

d)

Усун мамлекети бай мамлекет болуп, жоомарттык менен өз ынтымакташтарына мол тартууларды жасаган

14.

«… Хягас (Кыргыздар)….Жаз мезгилинде жери саздак, кышында кар көп жаайт. Аялдары узун бойлуу, сары чачтуу, көк көздүү, кызыл жүздүү… Эркектери кулактарына сөйкө тагышат. Алар келбеттүү, чыдамкай…

Буудай, таруу, арпанын эки түрүн (гималай арпасы) айдашат. Унду кол жаргылчактарга тартышат… Боткодон вино ачытышат. Бакча өсүмдүктөрүн өстүрүшбөйт. Жылкыларды, төөлөрдү, уйларды, койлорду багышат… Алтын, темир, коргошун бар. Темир усталар, зергерлер жогорку сапаттагы ар кандай буюмдарды жасашат. Аларды дайыма түрктөргө соодалашат. Кыргыз усталары өзгөчө курал жасoo боюнча даңктанышкан. Мамлекет башчысы «Ажо» деп аталат… Анын турган жеринде туу сайылып турат… Ажо кышында тумак, жайында төбөсү чуштугуй, жээги сыртына кайрылган алтын менен кыюуланган калпак, калгандары кийиз калпактарды кийишкен… Аялдары Аньсиден, Бейтинден, Дасядан алынган (Чыгыш Түркстан менен Ортоңку Чыгыштан) жүн же жибек кездемелерден тигилген көйнөктөрдү кийишет… Үйлөрү кийизден жасалган чатырлардан турат… Аскерлер бардык курактагылардан чогултулат. Жеңилгендер аларга баалуу аң терилер менен салык төлөшөт. Башкаруу системасында чиновниктер алтыга бөлүнөт: министрлер, башкы башкаруучу, башкаруучулар, кагаз иштерин жүргүзүүчү, жол башчылар жана догандар. Булардын бардыганда жетектеген аскерлер бар.

Эт жана кымыз менен тамактанышат. Никелешүүдө кылыңына жылкы жана кой беришет. Байлар жүз, миң баштап беришет.

Хягас… күчтүү мамлекет болгон: аянты боюнча түрк элдеринин ээликтерине теңелген. Түрктөр алар менен жакшы мамиле түзүш үчүн кыздарын уруу башчыларына күйөөгө беришкен.

 

14. Тарыхый булакта Эне-Сай кыргыздарынын тарыхынын кайсы мезгили сүрөттөлгөн?

a)

I-V кк.                           

b)

V-VII кк.

c)

VIII-IX кк.                      

d)

IX-X кк.

15.

Эне-Сай кыргыздарынын мамлекети менен түрк башкаруучуларын ортосундагы мамиле тарыхый булакта кандай факт менен көрсөтүлөт?

a)

Кыргыздар түрктөргө курал-жарактарды сатып турушкан.

b)

Кыргыздарда жаа жана жебе менен куралданган күчтүү аскери болгондугу

c)

Кыргыз уруу башчыларына түрк башкаруучулары өздөрүнүн кыздарын күйөөгө беришкендиги

d)

Кыргызстандын Аньси, Бейтин, Дася менен сода жүргүзгөндүгү

16.

Төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдүн ичинен, Эне-Сай кыргыздарынын бирдиктүү мамлекетинин болгондугун далилдей албайт.

a)

Өзүнүн аймагынын болушу

b)

Салык системасынын болушу

c)

Жогорку башкаруучунун болушу

d)

Калың төлөнүшү

17.

VIII кылымдын башында Барсбектин демилгеси менен Түрктөргө каршы коалиция (үч тараптык союзу) түзүлгөн. Ким энесай кыргыздарына шериктеш болуп, аталган бирликке кошулган?

a)

Карлук жана Уйгур кагандыктары

b)

Карлук жана Түргеш кагандыктары

c)

Тан империясы менен Карлук кагандыгы

d)

Тан империясы жана Түргеш кагандыгы

18.

«Кыргыздар индустар сыяктуу эле өлүктөрдү өрттөшүп, эң таза нерсе, отко түшкөндөрдүн бардыгы тазаланат деп OT эсептешет. Өлүктү да от булганычтан жана күнөөдөн тазалайт деп айтышат. Кээ бир кыргыздар уйга, шамалга, сагызганга, кирпиге сыйынышат. Алардын арасында фагинундар болгон. Алар ар жылы белгилүү бир күнү бардык музыканттарды ала келишет да, көңүлдүү той үчүн баарын даярдашат. Музыканттар ойной баштаганда фагинун эстен танат. Ушул учурда андан бул жыл эмне болот деп сурашат. Ал баарын алдын ала айтат жана көпчүлүк учурда анын айткандары туура келет».

 

Бул маалыматты кайсы тарыхчы калтырган жана кыргыздар алгачкы диндердин кайсы формасын тутунганын билдирет?

a)

Н.Я. Бичурин индуизм

b)

Перс тарыхчысы Гардизи шаманизми

c)

Кытай тарыхчы Бань Гу тотемизм

d)

Орус окумуштуусу С.Г.Кляшторный фетишизм

19.

Түрктөр менен жуан-жуандардын салгылашынын натыйжасында VI к. Борбордук Азияда Түрк кагандыгы түзүлгөн. VI к. түрктөрдө биринчи жолу кандай аскердик бирикме түзүлгөн?

a)

темир соот кийишкен атчан аскерлер

b)

жаа менен куралданган жеңил атчан аскерлер

c)

атуучу куралдар менен куралданган жөө аскерлер

d)

согуштук арабалардын түзүлүшү

20.

Төмөндөгү даталардын ичинен кайсынысы Түрк кагандыгынын мезгилиндеги окуяларга туура келбейт?

a)

546жж

b)

704жж

c)

940жж

d)

751жж

21.

Төмөндөгү жуптарда аталган тарыхый инсандардын кайсылары замандаштар болушкан?

a)

Барс-бек жана Капаган-каган

b)

Истеми жана Тоң-ёкук

c)

Хайду жана Тоглук-Тимур

d)

Тон жабгу-каган жан Чынгыз-хан

22.

Барс-бек жана Капаган-кагандын замандаш экендигин кайсы тарыхый окуя бириктирип турат?

a)

Улуу Кыргыз Дөөлөтү үчүн күрөш

b)

Түрк каганатына каршы Эне-Сайлык кыргыздардын көз карандысыздык күрөшү

c)

Түрктөргө каршы коалициянын түзүлүшү

d)

Улуу Түрк каганатынын түзүлүшү