Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Грамматика

Total questions: 30

Worksheet time: 15mins

Name
Class
Date
1.

Сөз түркүмдөрүн грамматиканын кайсы бөлүмү үйрөтөт?

a)

Фонетика

b)

Психология

c)

Лексикология

d)

Морфология

2.

Төмөнкү сүйлөмдөрдүн арасынан сырдык сөздөр катышкан сүйлөм кайсы ?

a)

Султанмурат Мырзагүлдүн майда өрүлгөн чачтарын суктана карап койду .

b)

Бали,күн сайын өзгөрүүлөр көп , кечээги эле чала сабаттуу келин мына бүгүн дарыгер,депутат,пай-пай!

c)

Чет өлкөдө окуп келгендин баары эле ылайыктуу жумуш таап кете алган жок

d)

Көпчүлүк жаштардын азыр кыргыз тилин билбегени абдан өкүнүчтүү.

3.

Сүйлөмдүн кайсы вариантында тыныш белгилери туура коюлган ?

a)

Ооба, кесиптеш ,айтканыңда калет жок , бүгүн эң маанилүү майрам эмеспи ?

b)

Ооба кесиптеш ,айтканыңда калет жок , бүгүн, эң , маанилүү майрам эмеспи ?

c)

Ооба , кесиптеш, айтканың калет жок . Бүгүн эң маанилүү майрам эмеспи ?

d)

Ооба кесиптеш айтканыңда калет жок , бүгүн эң маанилүү майрам эмеспи ?

4.

Синоним сөздөрдүн жыйындысын белгилеңиз

a)

Ак-кара, узун-кыска, чоң-кичине

b)

Кара тору ,беш бармак,сары май , көмөч казан

c)

Ичке-кууш,жоон-калың,шайман-курал ,жубай-зайып

d)

Элес-булас,тукум-курут,шиш така

5.

Сөздүн уңгусу деген эмне ?

a)

Сөздүн маани бербей турган бөлүгү

b)

Сөздүн айрым бөлүктөргө ажыратып жиберүүгө мүмкүн болгон бөлүгү

c)

Сөздүн эң башындагы 3 тамгасы

d)

Сөздүн маанисин башка мааниге алып келген мүчө

6.

Төмөнкү сөздөрдүн кайсылары кошмок сөздөргө кирет ?

a)

Ата-эне,бала-чака , узун-туура, кара ала

b)

Ыпыр-тыпыр ,майда-чүйдө,ала-була,кызыл-тазыл

c)

Ызы-чуу,казан-аяк,ага-тууган

d)

Чар тарап, боз үй ,бака жалбырак, үч бурчтук

7.

7 ататын аталыштары кандай?

a)

Ата,чоң ата,таята,жото,жете,бубу,баба

b)

Ата,чоң ата,куба,буба,жете,жото,урпак

c)

Ата,чоң ата,баба,буба,куба,жото,жете

d)

Ата,чоң ата ,чоң чоң ата,баба буба ,жото,жете

8.

Кыргыз алфавитинде канча үндүү тамга, канча созулма үндүү тамга бар?

a)

8 үндүү 6 созулма

b)

12 үндүү 8 созулма

c)

6 үндүү 6 созулма

d)

10 үндүү 6 созулма

9.

Эки дөө согушса … Макалды улагыла

a)

Биринчинин омурткасы сынат

b)

Ортосунан от чыгат

c)

Ортосунда чымын өлөт

d)

Эл экиге бөлүнөт

10.

“Кыл курт” деген фразеологизмдин маанисин белгилеңиз

a)

Жер-жемиштин ичиндеги курт

b)

Ичке кирип алып , билинбей иш бүтүрө берген душман

c)

Камырдан кыл суургандай күнөөсү жок чыга келген адам

d)

Тамак-ашты ылгап, аз ичкен адам

11.

Кайсы сүйлөмдөгү каша ичиндегий сөздөр каалоо-тилекти билдирет?

a)

Мен Гарвардда (окумай болдум)

b)

Мен Гарвардда окугам

c)

Мен гарвардда окумакмын

d)

Мен Гарвардда окугум келет

12.

Кайсы варианттагы сөз тизмеги өз алдынча сүйлөм боло алат?

a)

Үйрөнбөө уятсыздык

b)

Үйрөнбөс уят

c)

Үйрөнбөгөн уятсыз

d)

Уятсыз үйрөнбөгөн

13.

Сурадык , бирок(куш тилиндей) жооп ала албадык

Сүйлөм асты сызылган сөз кандай мааниде ?

a)

Сылык

b)

Жакшы

c)

Кышындай

d)

Так

14.

Кой оозунан чөп албаган адамдар келишти.

Бул фразеологизмдин мааниси кандай?

a)

Сүйлөбөгөн ,жоош адамдар

b)

Көп сүйлөгөн адамдар

c)

Момун,кайгылуу киши

d)

Көп баскан, басанаак адамдар

15.

Сүйлөмдөн сын атоочтун салыштырма даражасын тапкыла

a)

Анын кыпкызыл бети анардай соонун көрүнөт

b)

Анын кызы кызылыраак гүлдөрдү терип келди

c)

Анын кызгылт көйнөгү күндүн нуруна чагылыщып турду

d)

Ал “Кызыл алма” деген китепти окуду

16.

Арыктады деген сөзгө ылайык келген фразеолгоизмди тапкыла

a)

Чийдей болуп арыктады

b)

Чегирткедей арыктады

c)

Кылдай арыктады

d)

Кирпиктей ичкерип арыктады

17.

Теректей бой бергенче ….

a)

Темирдей күч бер

b)

Аска-зоодой айбат бер

c)

Теменедей акыл бер

d)

Суудай тугуктукту бер

18.

Жалаң атооч жасоочу мүчөнү белиле

a)

-лык,-ча,-ма,-гыч

b)

-гын,-гыч,-мал,-стан

c)

-стан,-кер,-кеч,-чы

d)

-ыт,-ыш,-ык,-ым

19.

Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр:

a)

Кош,кошмок,бириккен сөздөр

b)

Кыскартылган, бириккен сөздөр

c)

Туунду жана бириккен сөздөр

d)

Кош, кошмок,кыскартылган сөздөр

20.

Кошмок сөздөрдүн составы:

a)

Бир гана уңгу болот

b)

Компоненттер канча болсо уңгу да ошончо болот

c)

Эки унгудан ашпйат

d)

Көп түрдүү болот

21.

Этиштен жасалган зат атоочтор;

a)

Ата-эне

b)

Турак жай

c)

Басма

d)

Темир жол

22.

Этиштен жасалган зат атоочтор

a)

Билим

b)

Козу карын

c)

Келди

d)

Айкөл

23.

Этиштен жасалган зат атоочтор

a)

Салык

b)

Белек

c)

Малчы

d)

Сабак

e)

Диплом

24.

Этиштен жасалган зат атоочтор

a)

Турак

b)

Жараш

c)

Кашык

d)

Кагаз

25.

Этиштен зат атооч жасоочу мүчөлөр

a)

-чы,-лык,-поз

b)

-ма,-ым,-ык

c)

-луу,-га,-ыш

d)

-лык,-дай,-ма

26.

Илимпоз,ашпоз сөздөрдүн жасалышы

a)

Уңгу сөзгө мүчө уланды

b)

Этиштен атооч жасалды

c)

Уңгу эле сөз

d)

Атоочтон зат атооч жасалды

27.

Сөз Түркүмдөрү канчага бөлүнөт?

a)

2

b)

8

c)

12

d)

3

28.

Зат атоочтон сын атооч жасоо

a)

Камыскөй

b)

Билим

c)

Сугатчы

d)

Китепкана

29.

Барыш жөндөмосүнүн мүчөсү канча жолу өзгөрөт?

a)

5

b)

8

c)

4

d)

12

30.

Кой үстүнө торгой уялаган мезгил

Фразеолгоизмдин мааниси:

a)

Токчулук, молчулук

b)

Кесир,ашыкча ысырапкорчулук

c)

Эгиндин мол түшүм бериши

d)

Жаныбарлардын азайышы