wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

8-кл, 4-чей, магнит-лоренц

Total questions: 25

Worksheet time: 13mins

Name
Class
Date
1.

Табигый   магнит   көбүнчө   кайсы   металлдын  курамында  кездешет ?

a)

алтын

b)

күмүш

c)

болот

d)

темир

2.

Жасалма  магнит   кандай  жол  менен   алынат ?

a)

Металлдарды  ширетүү  аркылуу

b)

Электр  тогу  аркылуу

c)

Химиялык   кошулмаларды    пайдалануу аркылуу

d)

кен  казуу  учурунда 

3.

Тилке  түрүндөгү   магниттин  «көк»   боёлгон   бөлүгү    кайсы  уюлду  көрсөтөт ?

a)

Түндүк

b)

Түштүк

c)

Батыш

d)

Чыгыш

4.

Магниттин  магниттик  күчү    кайсы   кайсы  бөлүгүндө    күчтүү  болот?

a)

Ортоңку  бөлүгүндө 

b)

Түндүк  уюлунда

c)

Түштүк  уюлунда

d)

Магниттик  уюлдарында

5.

Заттардын  магниттик   касиеттерин   түшүндүрүү    аракетин   алгач  кайсы   окумуштуу  жүргүздү  эле ?

a)

Фарадей

b)

Ньютон

c)

Герц

d)

Ампер

6.

Төмөнкүлөрдүн  ичинен   парамагниттерге   мисал  келтиргиле ?

a)

литий

b)

германий

c)

платина

d)

сурьма

7.

Жердин  магнит  талаасынын   магниттик   сызыктары  кандай   багытталган?

a)

Түндүк  магниттик  уюлдан   түштүк  магниттик  уюлга  карай

b)

Түштүк магниттик  уюлдан түндүк  магниттик  уюлга  карай 

c)

Түндүк   магниттик   уюлдан  чыгыш  магниттик  уюлга    карай

d)

Түштүк  магниттик   уюлдан батыш  магниттик  уюлга  карай

8.

Жердин  магнит   талаасы   кайсыл  учурда   өзгөрүүгө  дуушар  болот ?

a)

Атмосфера  бузулганда

b)

Туруксуз  аба-  ырайында

c)

Жыл  мезгилине  жараша

d)

Күндүн  активдүүлүгү  жогорулаганда

9.

«Аномалиия» терминин  кыргыз тилине  которгонубузда  кандай  маанини  берет ?

a)

Адаттагыдай  эмес

b)

Өтө  кооптуу

c)

Табигый  кубулуш

d)

Күчтүү  магнит  талаасы

10.

Жердин  магнит талаасы  биз  үчүн   кандай  пайдалуу   кызмат  аткарат?

a)

Жер  титирөөдөн   сактайт

b)

Космос   нурларынан   коргойт

c)

Аба- ырайын  нормалдаштырып  турат 

d)

Абанын  басымын  туруктуу  сактайт

11.

Жердин  магниттик  уюлдары  анын  географиялык  уюлдарына  карата  кандай  жайгашкан?

a)

катарлаш  жайгашкан

b)

дал  келишет

c)

жакын  жайгашкан

d)

дал  келбейт

12.

Токтун  магниттик   аракетинин   ачылышы  кайсы  жылга  туура келет?

a)

1821

b)

1820

c)

1819

d)

1818

13.

Өткөргүчтүн  айланасында  кандай  себептен   улам магнит  талаасы  пайда болот ?

a)

бош  электрондордун  кыймылынан

b)

түзүлүш  ток  булагына  туташтырылгандыктан

c)

атайын Эрстед жасаган   курал  болгондуктан

d)

атомдордун  ортосундагы  өз ара  аракеттешүүдөн

14.

Х.К. Эрстед  кайсы  өлкөнүн  окумуштуусу?

a)

Англия

b)

Германия

c)

Дания

d)

Швеция

15.

Өткөргүч  аркылуу  электр тогун  өткөргөнүбздө   жебенин  абалы  кандай?

a)

тегерене баштайт

b)

бурулууга  дуушар болот

c)

эч кандай  өзгөрүүгө  дуушар болбойт

d)

түндүк-түштүктү көргөзөт

16.

Магнит талаасынын   күчтүк  мүнөздөмөсүн   эмненин  жардамы  менен   көрсөтөбүз ?

a)

динамометр

b)

диаграмма

c)

график

d)

күч  сызыктар

17.

Магнит күч  сызыктарынын  багытын билүүнүн кандай  жеңил жолу  бар?

a)

күч сызыктар эрежеси

b)

бурама  эрежеси

c)

оң кол эрежеси

d)

компастын  багыты

18.

Катушканын  магниттик   касиетин  жогорулатуунун   канча жолу  бар ?

a)

1

b)

2

c)

3

d)

4

19.

Төмөнкүлөрдүн  кайсынысын  колдонуп,  катушканын   магниттик   касиетин  жогорулата   алабыз?

a)

оромолордун   санын  көбөйтүү

b)

катушканын  жайгашуу  абалын  өзгөртүү

c)

ток  күчүн  азайтуу

d)

курчап   турган    чөйрөнүн  температурасын   өзгөртүү

20.

Ички  көңдөйүндө  темир  өзөкчөсү  бар  катушка?

a)

генератор

b)

электр-магнит

c)

электр-катушка

d)

сепаратор

21.

Электр- магниттер  жүк  көтөрүүчү  машина  катары  качан  пайда  болгон?

a)

ⅩⅠⅩ кылымдын  башында

b)

ⅩⅩ кылымдын  башында

c)

ⅩⅩ кылымдын  аягында

d)

ⅩⅠⅩ кылымдын  аягында

22.

Электр- магнитти  дүйнөдө  биринчи  демонстрациялаган  окумуштуу?

a)

Дж.Джоуль

b)

Х.Эрстед

c)

В.Стерджен

d)

Дж.Генри

23.

Биздин турмуш-тиричилигибиздеги   электр-магниттин  жардамы    менен  жасалган  курал?

a)

өзөкчөлүү катушка   

b)

магниттүү сепаратор 

c)

магниттүү  компас 

d)

бардыгы  туура

24.

Жарыш  туташтырылган  өткөргүчтөрдөн  бир багытта ток өтсө,кандай кубулушту байкоого болот?

a)

эч нерсе байкалбайт

b)

өткөргүчтөр тартылат 

c)

өткөргүчтөр түртүлөт 

d)

өткөргүчтөр үзүлүп кетет

25.

Магнит  талаасынын  өткөргүчтөгү  кыймылдуу заряддуу  бөлүкчөлөргө  жасаган  аракетин  кайсы  күч  мүнөздөйт?

a)

Лоренц  күчү

b)

Ньютон  күчү

c)

Ампер  күчү

d)

Архимед  күчү