Worksheets2-тур суроолор
Total questions: 15
Worksheet time: 8mins
70 жаштагы бейтап узак убакыттан бери кан диабетинин 2 тиби менен жабыркап келген.Гипотермиянын натыйжасында моюнда оруткан 3,5х5 см көлөмүндөгү теринин некрозу бар катуулану пайда болгон. Лимфа бездери көлөмүнөн чоңойгон. Дене табы 38,2. Канда лейкоциттин жогорулашы. Кан басымы 145/80 мм. Абалы канаттандыраарлык. Кайсы диагноз деп болжолдойсуң
Абсцесс
Остеомиелит
Карбункул
Флегмона
Фурункул
Ашказандын рак оорусуна шектелген бейтапты рентген изилдөөгө даярдоодо,изилдөөнүн алдында кайсы рентген контраст препараты колдонулаарын тандагыла
верографин
биллигност
барий сульфат
холевид
биллитраст
17 жаштагы кыз, процедура бөлмөсүндө кан тамырдан анализге кан берүү учурунда эс учун жоготкон. Анамнезинде эстен танууга алып келүүчү патологиялар менен жабыркаган эмес. Эстен тануунун себеби эмне болушун мүмкүндүгүн түшүндүргүлө
көп кан жоготуу
коркуу
артериялык кагымдын тездеши
кан басымынын жогорулап кетиши
аз кандуулук менен жабыркоо
Бронх астмасын дарылоодо дары каражатынын эффективдүүлүгүн арттыруу жана стоматиттин алдын алуу максатында ингаляторду кандай колдонсо болоорун тандагыла
суткалык дозадан ашырбай
спейсер аркылуу
приступ кармаган гана учурда
демди ичке узагыраак кармоо
демди кыска убакытка кармоо
33 жаштагы бейтап бала чагынан бронхит менен көп ооруган.Оорусу курчуган кезде дене табы жогорулап,ириң аралаш былжырлуу какырык көп өлчөмдө эртең мененкисин ооз толо чыгат,көкүрөгү ооруйт. Карап көргөндө көкүрөгү туурасынан кеңейген,манжалары барабан таягы сымал,тырмагы сааттын айнегиндей томпойгон. Бейтаптагы маалыматтарга карап, кайсы патология болушун түшүндүргүлө
өпкө туберкулезу
өпкө абсцесси
өпкө рагы
бронхоэктаз оорусу
өпкө гангренасы
1 жашар баланын дене табы жогорулап, оң кулактын айланасы шишиген, басып көргөндө ортосу катуу, четтери жумшак. Тамакты чайнаганда жана оозун ачканда оорутат. Эпидемиялык паротит диагнозу коюлган. Шилекей бездерине кам көрүүдөгү эффективдүү ыкма кайсынысы ?
кургак жылытуучу компресс коюу
грелка коюу
муздак компресс коюу
катуу таңуу
УКН кактоо
Хирургия бөлүмүнө баш мээсинен бертинүүсү менен бейтап жеткирилген. Хирург мед айымга операцияга даярдык көрүүнү сунуштаган. Мед айым бул операцияга кайсы шаймандын тобун даярдашы керек, танда
Кан токтотуучу
Жалпы
Нейрохирургиялык
Урологиялык
Травматологиялык
36 жаштагы бейтап тез жардам бригадасы менен кабыл алуу бөлүмүнө жеткизилген. Даттануулары: бир күн мурун түшкү тамактануу учурунда,ашканадан пирожки жеп чай ичкен, ошол эле күнү түнү менен кусуп чыккан. Объективдүү: бейтаптын өңү кубарган,кусунду массасында сиңбеген тамак аштарды көрүүгө болот. Бейтапта кайсы патология шектелүүдө? Божомолдогула
курч гастрит
өнөкөт гастрит
ашказандын жара оорусу
ашказан рагы
12 эли ичегинин жарасы
Волейбол оюн учурунда оюнчу манжаларын оорутуп алган, натыйжада баш бармагы кызарып, шишип кыймылдатып көргөндө ооруп аткандыгына даттанган. Жардам көрсөтүүдө таңгычтын кайсы түрүн колдоносуң?
"Арпа"
"Таш бака"
"Дезо"
"Чепец"
"Гиппократ"
Жол кырсыгынан жабыркаган бейтап хирургия болүмүнө жеткирилген. Карап көргөндө: көкүрөк туштун оорушу, өңү кубарышы, кан басымынын төмөндөшү, пульстун тездеши, дарыгер тарабынан көк боордун айрылышы диагнозу коюлган, токтосуз операция сунушталган. Бул учурунда жүргүзүлүчү операциянын түрүн болжолдогула.
Анастомоз салуу
Резекция
Ампутация
Экстирпация
Эктомия
Кайсы ооруда активдүү иммунизация жүргүзүлбөйт?
кызамык
дифтерия
скарлатина
эпидемиялык паротит
коклюш
9 жаштагы бейтап фельдшердик пунктка кайрылган.
Даттануулары: Заарасынын аз өлчөмдө жана кан аралаш чыгып, башынын катуу ооруп жаткандыгына.
Объективдүү карап көрүүдө: бейтаптын өңү кубарган. Бети, буту-колдорунда шишиктер аныкталган. Кан басымы 150/100мм.сым.мам.Зааранын өңү этти жууган суудай.
Бейтапта кандай оору шектелүүдө?
пиелонефрит
гломерулонефрит
бөйрөктүн курч жетишсиздиги
бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги
өнөкөт жүрөк жетишсиздиги.
58 жаштагы бейтап төмөнкү даттануулар менен кайрылган: буттун оорушу, айрыкча кечкисин,жумуштан кийин, буттардын оорлошу сезими.
Объектвдүү кароодо: сол буттун териси кургак, түлөйт, шишик, тактар байкалат, тамырлардын көбүшү
Кайсы диагноз деп болжолдойсуң ?
Веналардын варикоздук кеңейиши
Курч тромбофлебит
Тромбоз жана эмболия
Облитердик эндартерит
Облитердик атеросклероз
2 жашар бала ыкшып, эрип-эпчип жөтөлүп, көздөрү канталап кызарган, өңү көгүш тартып жатканын байкап, бейтапканага көк жөтөл диагнозун коюп жиберген. Диагнозду аныкташ үчүн, кандай изилдөөнү жүргүзүүнү белгилегиле.
какырыкты 3 жолу бактериологиялык изилдөө
Петри табагына шилекейдин чачырандысын
Рентгенологиялык изилдөө жүргүзүү
Бронхоскопия жүргүзүү
Какырыгын бир күн ичинде чогултуу
Балага өпкө-жүрөк реанимациясын жүргүзүүдө, башын бир аз чалкалатуу кандай натыйжа берерин белгилегиле
дем алуу жолдору түзөлөт
тилин тиштеп албоого
кан айлануу ылдамдайт
кан басымы нормалдашат
дем алуу жакшырат
