WorksheetsСынак -1
Total questions: 40
Worksheet time: 30mins
Name
Class
Date
1.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
жээн, поезия, Египет, ээмп, добуш, карлуу;
b)
жээн, поэзия, Эгипет, ээмп, добуш, карлуу;
c)
жээн, поэзия, Египет, эмип, добуш, карлуу;
d)
жээн, поэзия, Египет, ээмп, добуш, карлуу.
2.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
бейадеп, аюу, жараян, кеңеет, келер, окуур, гербди;
b)
беядеп, аюу, жараян, кеңеет, келер, окуур, гербди;
c)
бейадеп, аюу, жараян, кеңеет, келээр, окуур, гербди;
d)
бейадеп, аюу, жараян, кеңейет, келер, окуур, гербди
3.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
күпкүндүз, Айтиевден, экипаш, жүрүм-турум;
b)
күп-күндүз, Айтиевден, экипаж, жүрүм-турум;
c)
күпкүндүз, Айтиевден, экипаж, жүрүм-турум;
d)
күпкүндүз, Айтиевтен, экипаж, жүрүм-турум.
4.
Катасыз берилген вариантты көрсөт
a)
бүрсүгүнү, кара мүртөз, ак бата, КУУнун, филфак;
b)
бүрсүгүнү, карамүртөз, ак бата, КУУнун, фил.фак;
c)
бүрсүгүнү, карамүртөз, акбата, КУУнун, филфак;
d)
бүрсүгүнү, карамүртөз, ак бата, КУУнун, филфак.
5.
Катасыз берилген вариантты тап
a)
Асыл-бүбү, Арстан Бообек уулу, Тоголок Молдо, Камбар ата, Жорж Сорос;
b)
Асылбүбү, Арстан Бообек уулу, Тоголок Молдо, Камбар ата, Жорж Сорос;
c)
Асылбүбү, Арстан Бообек уулу, Тоголок молдо, Камбар ата, Жорж Сорос;
d)
Асылбүбү, Арстан Бообек уулу, Тоголок Молдо, Камбар Ата, Джордж Сорос.
6.
Өз кезегинде үрп-адаттар өз ичине ар түрдүү каадаларды, ырым-жырымдарды, ырасым-жөрөлгөлөрдү жана башкаларды ................
a)
камтып турат; .
b)
белгилейт;
c)
эсептейт;
d)
тартып турат
7.
Үрп-адаттар адамдардын коомдук жана жекече турмуш чөйрөсүн ....................., өзүнө таандык милдеттерди ......................
a)
кеңейтүү менен, белгилешет
b)
көрүү менен, жиберишет
c)
эсептөө менен, айтышат
d)
тейлөө менен, аткарышат
8.
Белгилүү бир уюмдун ичинде, анын мүчөлөрүнүн ортосунда же жеке адамдар менен уюмдун ортосунда гана пайдаланылуучу иш кагазы
a)
тышкы иш кагаздар;
b)
ички иш кагаздар;
c)
жөнөкөй иш кагаздар;
d)
татаал иш кагаздар.
9.
.............. иш кагаздарынын аткарылышында жетекчилик негизги фигура катары аракетте болот
a)
расмий;
b)
өздүк;
c)
акимчилик-кеңселик;
d)
жалпы.
10.
Мекеме жетекчисине ошол же башка уюмдун мүчөлөрү же жарандар сураныч, сунуш, арыздануу мазмунунда жазган иш кагаз – ........
a)
токтом;
b)
кулактандыруу;
c)
протокол;
d)
арыз
11.
Топтук арыз …………………….
a)
эмгек, декреттик өргүүлөргө чыкканда, кызматына кайра киришкенде жазылат;
b)
башка бир мекемеден же уюмдан тиешелүү товарын, мал-мүлкүн өндүрүп берүү жөнүндө сотторго жазылат;
c)
жогорку органдарга көпчүлүктүн атынан суроо, өтүнүч түрүндө жазылат;
d)
аткарылган иштерге тиешелүү же оозеки макулдашуунун негизинде бүткөрүлгөн жумушка эмгек акы төлөп берүү жөнүндө жазылат.
12.
Жакынкы мезгилде болуучу ар кандай иш чараларды элге кабардар кылуу максатында колдонулган иш кагазы – .........
a)
арыз;
b)
жарыя;
c)
түшүнүк кат;
d)
тил кат
13.
Кептин байлыгында эмнелер талап кылынат?
a)
макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү, фразеологизм сөздөрдү кошуп сүйлөө;
b)
эч кандай жаргон, вульгаризм сөздөрдү кошпостон адабий тилде сүйлөө;
c)
сүйлөмдөрдүн орун тартибине көңүл бөлүү менен туура, так сүйлөө;
d)
жест, мимикаларды колдонуп, эмоция менен сүйлөө
14.
Араб алфавитин колдонууда кандай кыйынчылыктар болгон?
a)
Бир эле тамганын сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында башка-башка жазылышы, үнсүз тыбыштардын аздыгы;
b)
Оңдон солду карай жазуу, үндүү тыбыштардын көптүгү;
c)
Оңдон солду карай жазуу, бир эле тамганын сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында башка-башка жазылышы;
d)
Солдон оңду карай жазуу, тамгалардын өтө эле көптүгү
15.
Үндөштүк мыйзамы бузулган сөздөрдү белгиле
a)
республикалык, китепканачылар, мамлекеттик;
b)
каргалар, кыргыздардын, күрөшүү;
c)
үзүндү, бойлото, жабыркаган;
d)
бактыбыз, жаркыраган, санаалаш
16.
Кыргыз тилинин лексикалык составы төмөндөгүдөй жолдор менен байыган:
a)
ички булактардын эсебинен;
b)
ички булактардын эсебинен жана башка тилдерден даяр сөздөрдү кабыл алуу менен;
c)
фразеологизмдер, макал-лакаптар аркылуу;
d)
синоним, омоним сөздөр аркылуу
17.
Фейсбук, твиттер, инстаграм, модуль – булар ...................
a)
неологизмдер;
b)
историзмдер;
c)
эскирген сөздөр;
d)
архаизмдер
18.
Жамийла күлгөндө анын чымкый кара, сүйрүрөөк . ................ ден соолуктун, жаштыктын ашып-ташкан күчү ойт берип, ал эмнегедир өзүнчө бой каранып, секетбайдын туздуусунан ырдап жиберет.
a)
бетинде;
b)
оозунда;
c)
көзүндө;
d)
жүзүндө.
19.
Айыл арасындагы ................., өзгөчө фронттон кайтып келгендер Жамийлага кызыгышып, тийишишип жүргөндөрүн алда нече ...................
a)
жигиттер, байкагам
b)
кишилер, түшүнгөм
c)
аялдар, ишенгем
d)
бала-чака, сүйлөгөм
20.
Туура ташымалданган вариантты көрсөт
a)
А-дам-дар наа-ра-зы бол-гон-до ал-ар-дын жү-рө-гү а-лыс-тай баш-тайт;
b)
А-дам-дар наа-ра-зы бол-гон-до а-лар-дын жү-рө-гү а-лыс-тай баш-тайт;
c)
Адам-дар наа-ра-зы бол-гон-до алар-дын жү-рө-гү алыс-тай баш-тайт;
d)
Адам-дар наара-зы бол-гон-до алар-дын жүрө-гү а-лыс-тай баш-тайт;
21.
Туура жазылган вариантты көрсөт
a)
Сөздүн өтмө мааниси: Менин баш кийимим көк түстө;
b)
Сөздүн өтмө мааниси: Көктүгүңдү койбосоң зыян тартасың;
c)
Сөздүн көп маанилүүлүгү: как (өрүк кагы, чаңды как )
d)
Сөздүн көп маанилүүлүгү: жаз (жаз мезгили, кат жаз)
22.
Туура эмес берилген синонимдик катарды көрсөт
a)
эңсеп, каалап, ак эткенден так этип, тилеп, самап, эки көзү төрт болуп;
b)
кубануу, жетине албоо, маңдайы жарылуу, маңдайына сыйбоо, сүйүнүү, кубанычы койнуна батпоо;
c)
коркуу, сестенүү, төбө чачы тик туруу, селт этүү, ак эткенден так этүү, убайым чегүү, сары санаа болуу;
d)
учурашуу, көрүшүү, саламдашуу, амандашуу, жүз көрүшүү, жүздөшүү
23.
................................деген макалда (лакапта) антоним сөздөр катышкан эмес
a)
“Өзгөнү өзүңдөй сыйла”;
b)
“Мээримдүүлүк – жүрөктөн, мээримсиздик – билектен”;
c)
“Ач кадырын ток билбейт”;
d)
“Ала байтал, акылың болсо сууга тарт”
24.
Лексика жөнүндө туура эмес берилген ойду тап
a)
Азыркы кыргыз тилинин лексикасы дароо эле бүгүнкүдөй деңгээлде курала койгон эмес;
b)
Кыргыздардын башка элдер менен болгон карым-катышынын натыйжасында өздөштүрүлгөн сөздөр да бар;
c)
Кыргыз тилинин лексикасы тарыхый жактан куралышына карай төл жана өздөштүрүлгөн лексика деп эки чоң катмарга бөлүнөт;
d)
Кыргыз тилинин лексикасы XX кылымдын 50-жылдарынан баштап калыптана баштаган.
25.
Историзм сөздөр катышкан сүйлөмдү белгиле
a)
Компьютердик оюндар, фейсбукта, классташтар сайтында баарлашуу жаштардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды;
b)
Азыркы окуучулардын, студенттердин ойлору, жашоосу, түшүнүгү башка;
c)
Элчи кирип келип, чекеси жерге тийгенче таазим кылып салам берет, эч ким алик албайт;
d)
Насурулла бирөөдөн дубай салам жибергенди коюп, өзү жөрмөлөп келсин Шералы хандын алдына!
26.
Бул стиль коомдук турмушта өтө кеңири колдонулгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал турмуш-тиричиликте, өндүрүштө, үй-бүлөдө, бейрасмий жагдайларда пикир алмашуунун негизги стили катары кызмат кылат
a)
Көркөм стиль;
b)
Публицистикалык стиль;
c)
Иш кагаздары стили;
d)
Оозеки-сүйлөшүү стили
27.
Литота деп эмнени айтабыз?
a)
каарманды, турмуш көрүнүштөрүн, белгилерди сапатты элестүү сүрөттөөдөгү өзгөчө апыртылган ыкма;
b)
сөздүн өтмө мааниси аркылуу адамдын мүнөзүн же кайсы бир турмуш көрүнүшүн тымызын шылдыңдоо, келекелөө максатында колдонулган стилистикалык ыкма;
c)
бүтүн нерсе менен анын бөлүгүн же нерсенин бөлүгү менен анын бүтүн нерсесин туюндуруу;
d)
гиперболалык апыртуунун тескериси, каармандын образын ачууда активдүү колдонулат
28.
Аскар, аскар, аскар тоо, Аягы барып чап болот. Атадан алтоо болсоң да, Сыйлашпасаң жат болот. Бул саптар кайсы стилге таандык?
a)
Көркөм стиль;
b)
Илимий стиль;
c)
Иш кагаздары стили;
d)
Публицистикалык стиль
29.
Бекназар камчыланар жактан жандап калган аттын башын байкап, акырын көзүнүн кыйыгы менен тиктеп алып, үзөңгүсүн кичине кыбырата Каракашкага дем берип гана тим болду. Бул ……………………………………….
a)
тең байланыштагы татаал сүйлөм;
b)
багыныңкы байланыштагы байламтасыз татаал сүйлөм;
c)
багыныңкы байланыштагы байламталуу татаал сүйлөм;
d)
жөнөкөй сүйлөм
30.
Автор тарабынан эркин жазылуучу документ
a)
чакыруу;
b)
кулактандыруу;
c)
жарыя;
d)
өмүр баян.
31.
Каратма, киринди жана сырдык сөздүн окшош жактарын тап
a)
Сүйлөмгө мүчө боло алышпайт жана тыныш белгилеринин коюлуш эрежеси окшош;
b)
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн милдетин аткарат жана тыныш белгилеринин коюлуш эрежеси окшош;
c)
Баяндоочтун милдетин аткарышат. Эмне кылды? Эмне кылып жатат? – деген суроолорго жооп беришет;
d)
Үчөөнүн окшош жактары жок
32.
Өткөн кылымдын орто ченинде француз астроному Леверье Уран планетасынын орбитасынын эсеби такыр туура чыкпаганын байкаган. Сүйлөмдөгү киринди сөздү тап
a)
өткөн;
b)
такыр;
c)
туура;
d)
сүйлөмдө киринди сөз колдонулган эмес
33.
Кызмат адамына анын иштеген иши, окуусу, жалпы жүрүм-туруму, ишке болгон мамилеси, адистиги боюнча объективдүү маалымат берүүчү документ - ..................
a)
Кепилдеме;
b)
Мүнөздөмө;
c)
Маалымкат
d)
Отчет
34.
Өмүр баян кайсы жактарда жазылат?
a)
экинчи жана үчүнчү жакта;
b)
биринчи жана экинчи жакта;
c)
биринчи жана үчүнчү жакта;
d)
биринчи жакта гана
35.
Белгилүү бир уюмдун же топтун мүчөлөрүн алдыда боло турган иш-чараларга – чогулуш, жолугушуу ж. б. менен кабардар кылуу үчүн колдонулган жазуу же оозеки түрүндөгү билдирүү - ..........
a)
арыз;
b)
жарыя;
c)
кулактандыруу;
d)
тил кат
36.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
агайын, ач күсөн, көкжал, АКШда, турфирма;
b)
агайын, ачкүсөн, көк жал, АКШда, турфирма;
c)
агайын, ачкүсөн, көкжал, АКШда, турфирма;
d)
агайын, ачкүсөн, көк жал, АКШда, тур.фирма.
37.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
жып-жылуу, Токоновго, филологдук, опур-топур;
b)
жыпжылуу, Токоновко, филологдук, опур-топур;
c)
жыпжылуу, Токоновко, филологтук, опур-топур;
d)
жыпжылуу, Токоновго, филологдук, опур-топур
38.
Тыныш белгиси туура эмес коюлган вариантты көрсөт
a)
Окуу үчүн убакыт табыңыз, ал – билимдин негизи;
b)
Адамдын жаны - ширин болот экен;
c)
А.Осмонов –улуу акын;
d)
Өбөк коюп, өйдө чыккан – оору, жөлөк кылып таяк алган – ууру
39.
Бир өңчөй мүчөлүү сүйлөм:
a)
Акылга караганда кулк-мүнөз адамдарды тез жакындатат. Э.Ренан
b)
Мезгил бардыгын өзгөртөт; жыл өткөн сайын наам да, келбет да, мүнөз да, тагдыр да өзгөрөт. Платон
c)
Өзүн башкара билген адам, эл башкара билет. Ф. Вольтер
d)
Керсейген адам эч кимди теңине албайт, бирок аны ким теңине алат? Г.Сковорода
40.
Төл жана бөтөн сөз катышкан сүйлөмдү белгиле (эскертүү: тыныш белгилери атайын коюлган эмес)
a)
Алар төөлөрдү чөгөрүп таңылчактарды жерге түшүрүп отту чоң жагышат;
b)
Артык кабагын бүркөп Чары менен Жамалды ары алып кеткилечи дейт;
c)
Алдар Көсөө менен Асан Кайгы улам алыстап баратышкан бир туугандардын карааны көрүнбөй калгычакты карап турат;
d)
Кыз менен бала атасынын үнүн угуп дарбазаны карай жүгүрөт
100 %
