Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Сынак 2

Total questions: 39

Worksheet time: 27mins

Name
Class
Date
1.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
Бишкек-Алматы-Туркия каттамындагы самолёт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кытай Эл Республикасы;
b)
Бишкек Алматы Туркия каттамындагы самолет, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кытай Эл Республикасы;
c)
Бишкек, Алматы, Туркия каттамындагы самолет, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кытай Эл Республикасы;
d)
Бишкек-Алматы-Туркия каттамындагы самолет, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши, Кытай Эл Республикасы.
2.
Катасыз берилген вариантты көрсөт
a)
Билим берүү жана илим министрлиги, “Манас ордени”, ОшМУнун орус филологиясы факультети;
b)
Билим берүү жана илим министрлиги, “Манас” ордени, ОшМУнун орус филологиясы факультети;
c)
Билим берүү жана илим министрлиги, Манас ордени, ОшМУнун орус филологиясы факультети;
d)
Билим берүү жана Илим министрлиги, Манас ордени, ОшМУнун Орус филологиясы факультети.
3.
Катасыз берилген вариантты белгиле
a)
Жаңы Жыл майрамы, 9-Май майрамы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү;
b)
Жаңы жыл майрамы, 9-Май майрамы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү;
c)
Жаңы жыл майрамы, 9-Май майрамы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү;
d)
Жаңы жыл майрамы, 9-май майрамы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү.
4.
Катасыз берилген вариантты көрсөт
a)
«Байсуу» кафеси, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Агым» гезити, 13-октябрь, инженер-механик;
b)
«Байсуу» кафеси, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Агым» гезити, 13-октябрь, инженер механик;
c)
«Байсуу» кафеси, Чолпон бут кийим тигүү фабрикасы, «Агым» гезити13-октябрь, инженер-механик;
d)
Байсуу кафеси, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Агым» гезити13-октябрь, инженер-механик.
5.
Мекеме, ишкана, бирикме же жеке кишинин атынан иш жүргүзүү үчүн экинчи бир кишиге ишеним билдирилген жана анын өкүлдүгүн аныктап жазылуучу документ - ..............
a)
тил кат;
b)
ишеним кат;
c)
түшүнүк кат;
d)
маалым кат
6.
Жолдош Бекиев Алтай орус адабияты кафедрасынын доценти кызматында иштейт. Туруктуу эмгек акысы 15 000 (он беш миң) сом… Бул кайсы иш кагазы?
a)
Тил кат;
b)
Ишеним кат;
c)
Маалымкат;
d)
Түшүнүк кат
7.
Алына турган акчанын суммасы же буюм-тайымдын баасы жана алардын саны тил катта ................ ...................., кашаанын ичинде жазуу менен берилиши шарт
a)
толук көрсөтүлүп;
b)
толук көрсөтүлбөй;
c)
болжолу менен көрсөтүлүп;
d)
берилбестен
8.
Баламдын ооруганына байланыштуу ооруканага дарыгерге көрсөтүү үчүн баргандыктан, ишке жарым саат кечигип калдым. Бул кайсы иш кагазынан алынды?
a)
Тил кат;
b)
Ишеним кат;
c)
Маалымкат;
d)
Түшүнүк кат
9.
....................... менен жазылган өмүр баянда автордун тилдик бөтөнчөлүктөрү чагылдырылат жана ал стилде сүйлөшүү стилинин белгилери басымдуулук кылат, бирок расмийлүүлүк сакталат.
a)
Өмүр жолу;
b)
Үчүнчү жак ;
c)
Экинчи жак;
d)
Биринчи жак
10.
Аталык, датка, бек – булар ......................
a)
неологизмдер;
b)
историзмдер;
c)
фразеологизмдер
d)
архаизмдер
11.
Өтмө маанилүү сөздөрдүн түрлөрүн ата
a)
метафора, метонимия, синекдоха;
b)
метафора, метонимия, көп маанилүү сөздөр;
c)
метонимия, синекдоха, көп маанилүү сөздөр;
d)
көп маанилүү, бир маанилүү, омоним сөздөр
12.
Кыргыз республикасынын президенти, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Ош Бишкек жолу... . Канча ката бар?
a)
2
b)
3
c)
4
d)
5
13.
Кайсы учурларда сөздү ташымалдоого болбойт?
a)
Муунунан кыскартылган сөздөрдү бөлүп ташууга болбойт;
b)
Ондон ашык тамгадан түзүлгөн сөздөрдү ташууга болбойт;
c)
Энчилүү аттардан башка бардык сөздөрдү ташымалдоого болбойт;
d)
Кыскартылган адам аттарын фамилиясынан бөлүп ташууга болбойт.
14.
Сыңар маанилүү кош сөздөрдү тап
a)
ата-эне, ага-ини, беш-бештен;
b)
бара-бара, чоң-чоң, тез-тез;
c)
бала-чака, бак-сак, чай-пай;
d)
пала-патыр, бака-шака, чый-пый
15.
Жамийла өзү шыңга бойлуураак, белдүү .................... ("Жамийла" повестинен)
a)
кыз;
b)
келин;
c)
адам;
d)
келинчек
16.
Жамийла эки өрүмгө батпай ...................... өскөн калың чачын кысып туруп, бир байлам ак жоолукту маңдайына ........................., шарт буунуп алса, кызыл-торусунан келген, балкылдаган тегерек жүзүнө ак жоолук эп келише калат
a)
парпырап, кыйшайтып
b)
жаркырап; салаңдатып
c)
дүркүрөп; кыйгачтатып
d)
чубалып, желбиретип
17.
Тамашаны жакшы көргөн . ............ алар менен тамашалаша берчү, бирок колу шокторду жанына көп жуутчу эмес
a)
жеңем;
b)
агам;
c)
апам;
d)
балдар
18.
Көрсө, Данияр ................ биздин айылдан экен
a)
алыскы;
b)
түпкүлүгү;
c)
тага журту;
d)
кайындары.
19.
Алфавит тартибинде туура жазылган вариантты көрсөт
a)
Аалы, Асел, Аккула, Атай, аска, азаматтар,аалам, ай нуру, ай чыкты, асман, агыш, аспаптар, аспап, азамат;
b)
аска, аалам, ай нуру, ай чыкты, асман, агыш, Аккула, Атай, аспаптар, аспап, азамат, азаматтар, Асел, Аалы;
c)
Аалы, аалам, агыш, азамат, азаматтар, ай нуру, ай чыкты, Аккула, аска, Асел, асман, аспаптар, аспап, Атай;
d)
аалам, Аалы, агыш, азамат, азаматтар, ай нуру, ай чыкты, Аккула, Асел, аска, асман, аспап, аспаптар, Атай
20.
Кыргыз адабий стилдеринин ичинен эң жашы, жаңысы – бул ........................
a)
көркөм стиль;
b)
илимий стиль;
c)
публицистикалык стиль;
d)
иш кагаздары.
21.
Гипербола деп эмнени айтабыз?
a)
каарманды, турмуш көрүнүштөрүн, белгилерди сапатты элестүү сүрөттөөдөгү өзгөчө апыртылган ыкма;
b)
сөздүн өтмө мааниси аркылуу адамдын мүнөзүн же кайсы бир турмуш көрүнүшүн тымызын шылдыңдоо, келекелөө максатында колдонулган стилистикалык ыкма;
c)
бүтүн нерсе менен анын бөлүгүн же нерсенин бөлүгү менен анын бүтүн нерсесин туюндуруу;
d)
гиперболалык апыртуунун тескериси, каармандын образын ачууда активдүү колдонулат
22.
-Кандайсың? -Жакшы. -Иштер кандай? -Сонун. Бул диалог кайсы стилге мүнөздүү?
a)
Көркөм стилге;
b)
Публицистикалык стилге;
c)
Иш кагаздары стилге;
d)
Оозеки-сүйлөшүү стилге
23.
Чечендик өнөр элибизде эки жол менен иштелип жүргөндүгүн чечендердин сөздөрүнөн улам баамдайбыз:
a)
ыр жана обон менен;
b)
жомок жана табышмак менен;
c)
кара сөз жана ыр менен;
d)
макал-лакаптар, жаңылмачтар менен
24.
Тексттин канча бөлүгү бар?
a)
2;
b)
3;
c)
4;
d)
5
25.
Тексттин бөлүктөрү:
a)
тезис, далилдер, корутунду;
b)
ойдун башталышы, ойдун аякташы;
c)
ойдун башталышы, ойдун өнүгүшү, ойдун аякташы, абзац;
d)
бир типтүү, эки типтүү
26.
Ирония деген ....
a)
каарманды, турмуш көрүнүштөрүн, белгилерди сапатты элестүү сүрөттөөдөгү өзгөчө апыртылган ыкма;
b)
сөздүн өтмө мааниси аркылуу адамдын мүнөзүн же кайсы бир турмуш көрүнүшүн тымызын шылдыңдоо, келекелөө максатында колдонулган стилистикалык ыкма;
c)
бүтүн нерсе менен анын бөлүгүн же нерсенин бөлүгү менен анын бүтүн нерсесин туюндуруу;
d)
гиперболалык апыртуунун тескериси, каармандын образын ачууда активдүү колдонулат
27.
Каратма сөз катышкан сүйлөмдү белгиле.
a)
Унчукпай башын ийкеди Алмамбет;
b)
Курманжандын муңайым үнү ага тагдырын өз оозунан угузуп жаткан таризде жантеңине жагып, жубатып, көңүлүн тынчытып жатты;
c)
Мына, ушинтип, датка, сиз ордодо “саткын” деп аталдыңыз...
d)
Кеп ичинде экөбүн тең тымызын да, ачык да чочуткан акыбалга келип тоголушту.
28.
Кыйыр сөздү белгиле
a)
Жээренче чечен устага жөн жүрбөсө өзүнүн жылдызы түшүп каларын эскертти;
b)
б) Жээренче чечен устага: “Жөн жүрбөсөң өзүңдүн жылдызың жерге түшүп жүрбөсүн”, - деди;
c)
в) “Жөн жүрбөсөң өзүңдүн жылдызың жерге түшүп жүрбөсүн”, - деп Жээренче чечен устага эскертти;
d)
г) Жээренче чечен устага мындай деп эскертти: “Жөн жүрбөсөң өзүңдүн жылдызың жерге түшүп жүрбөсүн”
29.
Силер, балдар, жаңы нерсени ачуу гана эмес, жаңы турмушту, искусство менен илимди курасыңар. Сүйлөмдөгү каратма сөздү тап
a)
силер;
b)
балдар;
c)
искусство;
d)
курасыңар
30.
Сырдык сөз катышкан сүйлөмдү белгиле.
a)
Эми үйгө кур кол кайтат экенмин да, - деп кайгырып турсам, жылга жактан жалгыз кийик келе жатат;
b)
б) Мен өткөн аптада ууга чыктым эле, - деди Төлөмырза дарылдап;
c)
в) Ата, жаның чыккан балам ай! Бу сен эпсиз жерден калп айтып, эбине келтире албай, эсимди эки кыла турган болдуң го, - деди;
d)
г) Төлөмырза таарынгандай кыйкырбады, анткен менен кысыр эмди тайды мамыга байлап койду
31.
Каратма сөз катышпаган сүйлөмдү белгиле
a)
Таксыр! – деп Абусатар калпа чыйрала түштү. – Мен бар болгону буйрук аткарып жүргөн кулмун...
b)
Бир күнү атасы сураптыр дейт: “Йе, уулум, токойдо отун көп бекен? Бат келдиң го бүгүн да!”
c)
Шады! Токтот! Окуба жашырын болсо!
d)
Хандын жообун күтүштүбү, катышып отурушкан кишилер дем тартпай калышты...
32.
_____________________ бир өңчөй мүчөлөрдү бириктирүү же чечмелөө милдетин аткарат
a)
Жалпылагыч сөздөр;
b)
Түшүндүрмө мүчөлөр;
c)
Киринди сөздөр;
d)
Сырдык сөздөр
33.
Гомер силерге мекенин, үйүн бардыгынан жогору баалаган байыркы гректердин таң каларлык дүйнөсүн ачып көрсөтөт. Сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдү көрсөт.
a)
гректердин, дүйнөсүн;
b)
мекенин, үйүн,;
c)
мекенин, гректердин;
d)
жолдоштукту, байыркы
34.
Протоколдун негизги бөлүгүндө эмнелер каралат?
a)
күн тартибине коюлган маселелер ирети менен талкууланат жана ар бир маселе үч бөлүк боюнча каралат;
b)
чогулуштун качан өткөрүлгөндүгү, ага кимдер катышкандыгы, чогулуштун төрагасы жана катчысы көрсөтүлүп, күн тартиби менен аяктайт;
c)
ар түрдүү маселелер каралат;
d)
протоколдун негизги бөлүгү жок.
35.
Ар кандай уюмда, мекемеде тигил же бул иштин аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы, бир мекемеден экинчи бир мекеменин буюм-тайымдарды өткөрүп алышы, документтерди кабыл алышы ж. б. күбөлөндүрүү максатында .................жазылат
a)
акт;
b)
токтом;
c)
отчет;
d)
протокол
36.
Кыргыз Республикасынын желеги............................
a)
1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген;
b)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1994-жылдын 14-январында бекитилген;
c)
1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген;
d)
1994-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген
37.
Кыздын төрөлгөнүн “.........................” деп угузуу (сүйүнчүлөө) да учурайт, мунун себеби түшүнүктүү, себеби атасы кызын күйөөгө узатканда калың алган
a)
тогуз мал;
b)
кырк жылкы;
c)
алтын;
d)
калың
38.
Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча туура коюлган вариантты көрсөт
a)
Сөздүн көркү - макал, эчкинин көркү - сакал.
b)
Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы.
c)
Улууга урмат, кичүүгө - ызаат делет.
d)
Төрдүн көркү – карылар болот
39.
...................... – күйөөгө чыгуучу кыздын үйлөнүү тоюнда кийүүчү баш кийими
a)
такыя;
b)
топу;
c)
тебетей;
d)
шөкүлө