wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Узак жол

Total questions: 18

Worksheet time: 9mins

Name
Class
Date
1.

Эмне үчүн Элебайдын кошуналары заматта жыйналышты?

a)

Мукайдын ыйы угулгандыктан

b)

Алмакан катуу чаңыргандыктан

c)

Бурмаке жардам сурагандыктан

d)

Элебай конокко чакыргандыктан

2.

Эмнеге Бурмакеден башканын баары текши кыйрап жыгылышты ?

a)

Ачарчылыкка туш болгондуктан

b)

Ашыкча ичимдик ичкендиктен

c)

Катуу зилзала болгондуктан

d)

Жугуштуу илдетке кабылгандыктан

3.

Эмне үчүн Мукайды Сарыбайдын байбичеси өргөөсүнө чакырды

a)

Көмөк көрсөтүш үчүн

b)

Боор ооругандыгы үчүн

c)

Элге жакшы көрүнүш үчүн

d)

Садага бериш үчүн

4.

Эмнеге Мукай таятасынын журтунда жашап калган жок?

Анткени...

a)

Таекелери менен тил табыша албай койду

b)

Атасы ооруп калгандыктан,Элебес аны алып кетти

c)

Таенеси күндөп-түндөп тынымсыз иштетти

d)

Кошуна балдар жетим деп кемсинтишти

5.

Мукайга үч айлык эмгек акы үчүн таенеси эмне берди ?

a)

Эки сом

b)

Жети тыйын

c)

Эски күрмө

d)

Бир козу

6.

Эмне үчүн Василийдикинде жүргөндө Мукай аябай жүдөп,кыйналды?

Себеби...

a)

Үй ээсинин кичинекей балдарын ойнотом деп кечке чуркап жүрчү

b)

Тоокканада өрдөк,каз,мышыктар менен чогуу жатчу

c)

Ысыкта сайгактаган уйларды эртеден кечке кубалап жадачу

d)

Анын таш боор ,көк көз катыны тындырбай көр-жерге жумшай берчү

7.

Эмне үчүн Бейшемби Жанымжанды сабады?

a)

Башарин берген бир табак буудайды төгүп алганы үчүн

b)

Уулу Жумабектин бешмантын күчкө салып чечип алганы үчүн

c)

Беккулга талкан бер десе,укмаксан болуп олтуруп алганы үчүн

d)

Бир чака көк сүткө бир чака суу кошуп жибергендиги үчүн

8.

Приставга чындыкты тайманбай айткан Байболоттун тагдыры эмне болду?

a)

Ак жеринен абакка кесилди

b)

Ыраакы чыгышка сүргүнгө айдалды

c)

Кытайга качып кетти

d)

Аскерлердин колунан ажал тапты

9.

Чоңкол деген ким?

a)

Колунан көөрү төгүлгөн уста

b)

Элди сабап иштеткен жасоол

c)

Колунан чоң кетмени түшпөгөн дыйкан

d)

Жол оңдоп,көпүрө курган жумушчу

10.

Консул карыптардын өтүнүчүн аткардыбы?

a)

Ооба

b)

Жок

c)

Билбейм

d)

Эсимде жок

11.

Бурмаке каза болгондо Мукай анын кайсы сөзүн эстеди?

a)

"Сени бутуңа тургузуп,адам кылсам,эки дүйнөдө бактылуу болмокмун!"

b)

"Качкын кыргыздын каргышы падышага тийип,тактысынан куласа экен!"

c)

"Большевиктер келип,кытайларды тукум-курут кылса,төбөм көккө жетмек"

d)

"Атаганат,эч болбосо Көлгө жетип алсак арманыбыз болбос эле"

12.

Келте менен ооруган адамдын.......

a)

басканы мас кишиникиндей болуп калат

b)

бат-бат курсагы ачып,тамак жегиси келе берет

c)

көңүлү айланып,көзү тунарат

d)

чачы таздын башындай жыдып түшөт

13.

Кытайда жүргөндө Мукай кара жанын багыш үчүн................мажбур болду.

a)

козу кайтарганга

b)

апийим тилгенге

c)

тилемчилик кылганга

d)

кулпунай сатканга

14.

Бурмаке кимдин зайыбы

a)

Элебайдын

b)

Элебестин

c)

Эшбайдын

d)

Башариндин

15.

Эл түбүнөн көтөрүлө катуу........,Кытайды карай.......,жөнөп.........дейсиң.

a)

толкуп/бет алып/берди

b)

чуркап/жүткүнүп/ийди

c)

жарылып/шашылып/жиберди

d)

басып/кадам таштап/кетти

16.

Мукайдын өмүр жолун чагылдырган чыгарманы белгиле

a)

"Соңку бир күн"

b)

"Узак жол "

c)

"Төрт жолоочу "

d)

"Ашырбай"

17.

Кыргыз адабиятындагы биринчи автобиографиялык чыгарма

a)

"Темир"

b)

"Каныбек "

c)

"Жамийла"

d)

"Узак "

18.

М.Элебаевдин "Узак жол "романынын жандык өзгөчөлүгү

a)

Тарыхый

b)

Философиялык

c)

Автобиографиялык

d)

Турмуштук

Similar Resources on Wayground