NEW
Font size
Worksheetsлексика
Total questions: 21
Worksheet time: 11mins
"Датка" деген сөздүн маанисин белгиле.
ысым , белги
чин , титул
төш белги, ысым
кошумча маани, ысым
"Токтогулду окудум, жөндөмдүү класс, колу жакшы, шаар бүт уйкуда" - деген сөз айкаштарындагы өтмө маанини түрүн белгиле.
метафора
метонимия
синекдоха
салыштыруу
"Арпа, буудай, коон" - деген сөздөрдүн маанисин белгиле.
көп маанилүү
синонимдер
бир маанилүү
жалпы маанилүү
Синонимдердин тизмегин тап
область-район-айыл
натыйжа-майнап-жыйынтык
китеп-гезит-журнал
кыз-жигит-адам
"Илимпоз" деген сөздүн синонимдерин белгиле.
мугалим, тарбиячы
окутуучу, мугалим
окумуштуу, аалым
адам, киши
Сөздүн маанисин белгиле.
Ак- 1) кардын, сүттүн түсүндөй таза түс.
2) суунун, суюктуктун кыймыл-аракетин билдирүүчү буйрук этиш.
омоним
көп маанилүү сөз
фразеологизм
антоним
"колукту байбиче келинчек түгөй жар " - бул сөздөр эвфмизм боло алабы?
синонимдер
эвфемизм болбойт
сылык айтуу иретинде гана болот
синонимдик катар
Табу сөздөрдү белгиле.
Ак киши , кара киши,
Анын жок адам менен иши
Ашкабакты бирөө дарбыз деп жептир
Жакшы сөз -жан эргитет, жаман сөз-жан кейитет.
Шуудураманын ары жагында, шарылдаманын бери жагында маараманы улума жеп жатат.
Орус тилинен кирген сөздү белгиле.
жашоо
бөтөлкө
жемиш
базар
"Скульптура" деген сөздүн кыргызча маанисин белгиле.
эстеликтер
ансамбль
монумент
айкел
"Гонорар" деген сөздүн кыргызча маанисин тап.
айлык
эмгек акы
калем акы
киреше
Неологизм сөздөрдү белгиле.
космос, компьютер, галактика
чакыр , туш, куу, жазуучу
телефон, трактор, комбайн
медикамент, фирма, комитет
Кыргыз тили илимине грамматикалык терминдерди аплгач киргизген тилчини белгиле.
К.Тыныстанов
К.К.Юдахин
Х.Карасаев
Б.М.Юнусалиев
Омофон деп эмнени айтабыз?
айтылышы ар түрдүү , жазылышы бирдей сөздөр
айтылышы жана угулушу бирдей , бирок жазылышы ар башка сөздөр
жазылышы гана бирдей болгон сөз жана формалар
Көп маанилүү сөздөрдүн катарын белгиле.
илим, бак, сулуу
өктөм, өсүмдүк, жооп
агартуу, жаздык, тоо
аяк , көзү, бет
Омограф сөздөрдүн катарын белгиле.
кулак , курсант,карга
азык , баш, күлгүн
тааныш, жаздык, чалма
нече, жылуу , жаан
Бириккен сөздөрдүн катарын белгиле.
байке , жыңайлак, кулач
эгин талаасы, он эки ай, тилкат
минтип, алмончок, жолбашчы
кара муртөз, колкап, бүгүн
Орфоэпиялык эрежеге ылайык сөздөрдү белгиле.
убада, комусчу, экөө таңгалды
Аларча, жообал, качты, Кум-Төр
түңкү, жыгашчы, таабалды, өкөө
мал алат, киргок, мелт-калт
Омонимдердин түрлөрүн белгиле.
омограф, толук, толук эмес
омограф, омоформа, омофон
фонетикалык, контекстик, омограф
контекстик, грамматикалык, омограф
Көп маанилүү сөздөр деген эмне?
бир эле сөздүн ар түрдүү мааниде колдонулушу
жалпы элдик тилде бирдей тарап кеткен сөздөр
тилдеги жалпы омоним сөздөр
диалектиде гана колдонулуучу сөздөр
Орфоргафия эмнени үйрөтөт?
туура жазууну
туура окууну
туура сүйлөөнү
тыбыштардын бөлүнүшүн
